СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тилинин грамматикасы

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
ЖРТга даярданабыз

Список вопросов теста

Вопрос 1

 Тѳмѳндѳ кѳрсѳтүлгөндөрдүн кайсынысы публицистикалык стилге таандык экендигин белгилеңиз.

Варианты ответов
  • очерк
  • аннотация
  • реферат
  • резюме
Вопрос 2

Өтмө маанидеги сөз катышкан сүйлөмдү белгилеңиз

Варианты ответов
  • Циркте арстан оттон секирди.
  • Отту жакканды жакшы кѳрчү
  • Кѳздѳрү оттой жанчу экен
  • Кечкисин жаштар отту тегеренип ырдашты.
Вопрос 3

Бул текст кептин кайсы түрүнө тиешелүү экендигин белгилеңиз.

   Теңирберди арык, узун бойлуу, сѳѳктүү адам болчу. Муруту кыроодой ак. Жүзү коло сыяктуу. Акылман сѳѳлөттүү адам эле.

Варианты ответов
  • баяндоо
  • сүрөттөө
  • ой жүгүртүү
  • эч бирине тиешелүү эмес
Вопрос 4

Бул текст кептин кайсы түрүнө тиешелүү экендигин белгилеңиз.

  Дүйнөдөгү эң ири жаныбарлар – киттер. Эзелтен эле адамдын көңүлүн өзүнө буруп келген деңиз алптары.                                         Кит кургакта 1 метр да жыла албайт. Себеби ѳзүнүн массасын көтөрүүгө күчү жетпейт.Суу соолуп калса, бир нече саатта ѳлүп калат.

Варианты ответов
  • сүрөттөө
  • баяндоо
  • ой жүгүртүү
  • эч бирине тиешелүү эмес
Вопрос 5

Указ кайсы стилге таандык экендигин белгилеңиз.

Варианты ответов
  • көркөм стиль
  • публицистикалык стиль
  • илимий стиль
  • расмий стиль
Вопрос 6

Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Чолок акыл, – деди чоң атам, – чокко салат.
  • “Чолок акыл – деди чоң атам – чокко салат”.
  • “Чолок акыл,” – деди чоң атам, – чокко салат.
  • “Чолок акыл, – деди чоң атам, – чокко салат”.
Вопрос 7

 Сүйлөмдѳн цитатаны аныктаңыз.

  Жазуучу ѳз макаласында баатырлыкты мындайча чечмелейт: “Баатырлык билекте эмес, жүрѳктѳ”.

Варианты ответов
  • Жазуучу ѳз макаласында
  • баатырлыкты мындайча чечмелейт
  • чечмелейт
  • “Баатырлык билекте эмес, жүрѳктѳ”.
Вопрос 8

Толуктоочтук милдетти аткарган фразеологизмдерди белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Иши тѳѳнүн куйругу жерге тийгенде бүтчүдөй болуп калды.
  • Жылан чакпай, жылкы теппей эле таарынып калыптыр.
  • Ал эми сай сѳѳгү сыздаган боюнча калды.
  • Андай ишти атка жеңил, тайга чактарга гана берүү керек.
Вопрос 9

Аныктоочтук милдетти аткарган фразеологизмдерди белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Тилинен чаң чыккандардын айтышы болду.
  • Менин атам кабыргасы менен кеңешип, иш кылат.
  • Окуя каш-кабактын ортосунда болду.
  • Ал эзели чычканга кебек алдырбайт.
Вопрос 10

Бышыктоочтук милдетти аткарган фразеологизмдерди белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Ал баягыдай жылкы кыялын карматып жатты.
  • Кантейин, ичтен чыккан ийри жыланды кыя албадым.
  • Мурдагыдай үй күчүк адаты калыптыр.
  • Бул жерди коён жатагына чейин билет
Вопрос 11

Тыбыш менен тамганын саны дал келбеген сѳздү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • жеңил
  • башкарма
  • бермет
  • оозунан
Вопрос 12

Туура жазылган сөздөрдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • отузеки, эчкачан
  • Абу-Али-Ибн-Сина, акын-жазуучу
  • бололек, ден-соолук
  • мый-мый, үй бүлө
Вопрос 13

 Кыймыл-аракеттин ѳзү тарабынан ишке ашкан сүйлөмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Ѳнѳрү менен эл оозуна алынышты.
  • Ѳнѳрү менен элдин оозун ачырышты.
  • Ѳнѳрү менен эл оозуна алынды.
Вопрос 14

ТЕКСТТИ КӨӉҮЛ КОЮП ОКУП, №16-20 ЧЕЙИНКИ ТАПШЫРМАЛАРДЫ ТЕКСТТИН НЕГИЗИНДЕ АТКАРЫӉЫЗ.

Кѳл кѳктѳмү

(1) Кѳл жээгиндеги бак аралаган тѳп жолдо асман жылдыздарын ыйбаа карап, айсыз сейилге чыкканбыз.(2) Жээктеги тамдын жарыктары кѳл бетине чагылып, жарышкан ичке жолдорду түшүрүп турат. (3) Караңгыда булуңга ыктаган ѳрдѳктѳрдү кѳрбѳсѳк деле , баркылдаган үндѳрүн жакын жерден угабыз. (4) Капыстан баратып, тык токтой калдык. (5) Ошол кезде бака чардап жиберди. (6) Мына уктунузбу? (7) Булбулдун үнүн тыңшагансып, баканын обочодон чардаганына далайга кулак түрүп турдук. (8) Улуу табияттын койнунда бардык үн назик экенин ошондо бир билдим. (9) Жаратылышта ага жат, бѳтѳн ашыкбаш нерсе болбойт. Бизге муну табият үйрѳтѳт кѳрүнѳт. (10) Бу сонунду адамдар угупкѳрѳ алар бекен деп, ал акылдуусунган бизге собол таштап жүрбѳсүн?! (11) Ушу тапта кыбыр эткен куштун, жандыктын үнү мага ѳтѳ жагымдуу угулуп, теребелим баштагыдан кооз кѳрүндү. (12) Ушунча кѳнүл сергитип, магдыраткан береги баканын чардаганы да кошумчадыр?! (13) Бу мага сырдуу аян, насаат болду. (Кенеш Жусупов)

1. Тексттеги аян деген сөздүн маанилешин табыңыз.

Варианты ответов
  • табышмак
  • сыр
  • түш
  • белги
Вопрос 15

7-сүйлөмдө эмнеге далайга кулак түрүп турдук?

Варианты ответов
  • булбулдун үнүн тыңшагансып
  • баканын чардаганына
  • улуу табияттын койнуна
  • капыстан баратып
Вопрос 16

8-сүйлөмдө автор эмнени билди?

Варианты ответов
  • жаратылыштын ага жат экенин
  • баканын чардаганын
  • табиятта бардык үн назик экенин
  • өрдөктөрдү
Вопрос 17

Текстте автор эмнеге суктанат?

Варианты ответов
  • табият койнуна
  • асман-жылдыздарга
  • баканын үнүнө
  • көл көктөмүнө
Вопрос 18

Табият бизди эмнеге үйрөтөт?

Варианты ответов
  • булбул үнүн тыңшаганга
  • жаратылышта артыкбаш нерсе болбостугуна
  • сейилге чыкканга
  • жылдыздарга суктанганга
Сохранить у себя: