СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
"Манас" - кыргыз рухунун туу чокусу" деген пикирди ким айткан?
Манас баатыр кайсы жерде төрөлгөн?
Манастын атын ким койгон?
Манастын энеси Чыйырдынын өз аты...
Жакып кан тентектиги ашынган Манасты 8ге чыкканда кимге малайлыкка берет?
11ге чыккан Манастан качкан калмактар кимге арызданып барышат?
Манастын биринчи аялынын аты . . .
Манастын Кер-Көлдөн тапкан ырчы чоросу ким?
Алооке кандын алтымыш уулунун кенжеси, Манастын башкы душманы ким?
Туңша журтунун каны Соорондуктун өз элинен качып кыргызга келген уулу . . .
Манастын кырк чоросунун бири Алмамбеттин ата-теги?
Алманбет Кытайдан качканда биринчи кимге келип кошулат?
Алманбет казак ханы Көкчөдөн эмнеге кетип калат?
Алмамбеттин Манастан тартууга алган аты.
Жакып кан жер кыдырып издеп жүрүп Манаска ылайык деп санаган Букар каны Темиркандын кызы ким?
Кайыптын кызы, Алмамбеттин жарын ата.
Кыргыздардын күч алып баратканынан кооптонгон Эсенканга Манасты өлтүрүп келүү үчүн кимдер уу жалап ант беришет?
Көзкамандар кырк жылдык уу берген Манасты өлүмдөн ким куткарат?
Көкөтөйдүн ашын ким өткөрөт?
Көкөтөйдүн ашында Чоң казаттын башаты болгон чыр кандайча башталат?
Кыргыздар Кытайды көздөй чоң казатка аттанганда кайсы эки чоро чатакташа кетет?
Чоң казатта кыргынга учурап, Нескара туткунга түшкөнүн уккан Эсенкан ...
Соңку согушта Чубак, Сыргак, Алмамбетти, кийин Аккуланы атып өлтүргөн көзгө атар мерген. . .
Манастын Кожожаштан өч алуу үчүн думана берген окту салып аткан мылтыгынын аты?
Манас баатыр кантип көз жумат?
Кан Манастын мураскери - . . .
Эмне үчүн Каныкей Чыйырдыны ээрчитип, 7 айлык Семетейди алып төркүнү Букарга качкан?
Семетейди ким багып чоңойтот?
Каныкей 60 асый Тайторуну эмне максатта чаптырган?
Семетей биринчи жолу ата-теги, эли-жери жөнүндө кимден угат?
Семетей Таласка келгенде чоң атасы кантип тосуп алат?
Семетейдин минген аты - ...
Семетейге таятасы Темиркан алып берген Шаатемирдин кызы . . .
Манастын ордосунда Көбөш кан менен Абыке Семетейдин колунан өлөт. Жакыпты ким өлтүрөт?
Манас кан тирүү кезинде Ооган каны Акундун бел куда түшкөн кызы - . . .
Семетей Таласка келгенде Алмамбет менен Чубактын кайсы уулдарын өзүнө бир тууган кылып алат?
Айчүрөктү алуу үчун Акун хандын шаарын кимдер курчап алат?
Айчүрөктүн кандай касиети бар?
Айчүрөк Семетейди кантип азгырып кетет?
Канчоронун чыккынчылыгы эмнеден башталат?
Семетей Бээжинге эмне үчүн жортуулга чыгат?
"Атаңдын көрү, жаттыгы да" , болбосо "кан көтөрүп Бээжинге, ала турган уул экен", - деп Коңурбай кимге баа берет?
Коңурбай кимдин колунан ажал табат?
Чоң казатта курман болгон казак канынын кунун кууп ким келет?
Күлчоронун колунан каза тапкан Үмөтөйдүн кунуна Канчоро эмне берүүнү сунуштайт?
Канчоро Семетейди жок кылуу үчүн кимди каршы тукурат?
Канчоро минген аты чабал Семетейди куралсыз кайда алып барат?
Семетейди Канчоро жыга сайып, Кыяз башын аларда эмне болот?
Айчүрөк менен Күлчорону Кыяз туткундап кеткенде, Таласты ким башкарып калат?
Каныкей намысынан канжар менен өзүн жарып өлтүрөрдө эмнеден улам токтойт?