СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү 5-класс, Кыргыз тили

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Бир өңчөй мүчө - бирдей суроолорго жооп берип, сүйлөмдө бирдей милдет аткарып, бири-бири менен байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү . . .

Варианты ответов
  • бирдей суроого жооп берип, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
  • ар башка суроого жооп берип, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
  • бирдей суроого жооп берип, ар кандай сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
  • ар башка суроого жооп берип, өз алдынча сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарат.
Вопрос 2

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү бири-бири менен интонация жана байламталар аркылуу байланышат.

Варианты ответов
  • Ооба,
  • Туура эмес
  • интонация менен байланышып, байламата менен байланышпайт
  • байламта менен гана байланышат
Вопрос 3

Кайсы сүйлөм мүчөлөрү бир өңчөй боло алышат?

Варианты ответов
  • Баары
  • Ээ менен баяндооч гана.
  • Аныктооч, толуктооч, бышыктооч
  • Баяндооч гана
Вопрос 4

Бир өңчөй мүчөнүн түрүн аныкта:

Байкемдин ордун басып, иним, жеңем, сиңдим, агайындар турбайбы.

Варианты ответов
  • бир өңчөй аныктооч. Кандай?
  • бир өңчөй бышыктооч. Канча?
  • бир өңчөй ээ. Ким?
  • бир өңчөй баяндооч. Эмне кылды?
Вопрос 5

Бир өңчөй баяндоочту тап.

Жамийла, Анар жана Сейил ошол күнү кечке чейин ырдашты, бийлешти, сайран курушту.

Варианты ответов
  • Жамийла, Анар, Сейилдер
  • кечке чейин
  • ошол күнү
  • ырдашты, бийлешти, сайран курушту
Вопрос 6

Сүйлөмдү бир өңчөй аныктооч менен толукта. Кыздын ..., ... мүнөзү жерде жок сулуулугуна дагы да көрк берип тургансыйт.

Варианты ответов
  • акылдуу, ажаан
  • берешен, тили уу
  • назик, илбериңки
  • бетбак, жароокер
Вопрос 7

Асты сызылган сөздөр сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнүн милдетин аткарды?

Ал сайманы да, кара жумушту да, сөздү да, акылды да келиштире билет.

Варианты ответов
  • бир өңчөй ээ
  • бир өңчөй бышыктооч
  • бир өңчөй баяндооч
  • бир өңчөй толуктооч
Вопрос 8

Бир өңчөй бышыктоочту белгиле.

Жапар уулун көргөндө мергенчилигин да, иш сапарын да унутуп, бала деген өмүрдөн да, дүйнөдөн да артык турбайбы деп элжиреди.

Варианты ответов
  • уулун көргөндө
  • мергенчилигин да, иш сапарын да
  • өмүрдөн да, дүйнөдөн да
  • бир өңчөй бышыктооч жок
Вопрос 9

Бир сүйлөм ичинде  эки же андан ашык бир өңчөй мүчөлөр кездешеби?

Варианты ответов
  • кездешет
  • кездешпейт
  • билбейм
  • сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү татаал сүйлөм болот
Вопрос 10

Сүйлөм ичиндеги бир өңчөй мүчөлөрдү туташтыруучу байламталарды туура жайгаштыр.

Бул тек адамдык ак пейилдүүлүктүн ... назик ... кылдат ... сезгич сезими болсо керек.

Варианты ответов
  • ары, ары, дагы
  • жана, менен, ары
  • ары, ары, ары
  • менен, ары, жана
Сохранить у себя: