СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Апа чарчап, “ эс алам”- дейт бешимде,
Анан кайта, “эс алам”- дейт кечинде.
Камын көрүп жүрө берип балдардын,
Калбай калат чаалыкканы эсинде.
Шайыр өссүн, шагылдагы мөмөсү,
Чаалыкканды унутуп койгон энеси.
Балдар үчүн түйшүктөнүү ал үчүн,
Бакыттардын бакытынын төбөсү.
Кирпик, чачка конуп аппак кыроолор,
Көңүл черин,өйүйт ички буроолор...
Пардалардан башын жылт! –деп чыгарып,
Пайда болот токсон тогуз суроолор :
Күрөк алып жүрсө дагы талаада,
Гүл көтөрүп келатса да калаада.
Жүрөгүнүн бир учунда дүпүйүп,
Жүрөт балдар...
Жүгүрүкчүл санаада.
Кенжесине суук тийип калдыбы?
Ортончусу сабагына бардыбы?
Ар түрдүүгө жооруй берет,санааркап,
Апа жокто токтогондой бардыгы.
Кайыл болуп арбынына, азына,
Карабастан мезгилине жашына.
Жаны тынчып уктар эле,жүрөгүн-
Жаздык кылса баласынын башына.
Апа заты укмуштуудай көп тилейт,
Кай бирлерде кайгы, санаа жеп тилейт.
Адал терден өнүп чыккан ак токоч,
Ар балага “тең бөлүнсө”- деп тилейт.
Апалардын айырма бар тилинде,
Айырма бар кесибинде,билимде.
А бирок да адилеттин чордону,
Айырма жок ак тилектүү дилинде.
Ачып салып мүнөздөгү туюкту,
Алыс таштап тоңдүк менен кыйыкты.
Апалардын жүрөктөрүн сактайлы,
Абайлайлы ыйыктардан - ыйыкты!
Эмне үчүн поэма “ Эне жүрөгү “ деп аталат?
Поэманын көркөм идеясы кандай?
Автор ырында тууранды сөздүн кайсы түрүн колдонгон?
Ачып салып мүнөздөгү туюкту,
Алыс таштап тоңдүк менен кыйыкты.
Бул саптагы төмөнкү сөздөрдүн маанисин ачып бергиле.
Ырдын көркөм кеп өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат бергиле?
Ырдан төл жана бөтөн сөздү – автордун жана каармандын сөзүн тапкыла?
Тексттеги эне менен сенин энеңдин окшош жактарын далилде?
Автордун апасы кандай болгон деп ойлойсуңар?
Төиөнкү сөздөргө маанилеш сөздөрдү жазгыла:
1. Сарсаана- |
2.Камын көрүп- |
3.Абайлайлы - |
4-Кайыл - |
Ыр саптан цитата жазып ага комментарий бергиле
Цитата |
Комментариялоо |
1.Калбай калат чаалыкканы эсинде. |
Эртеден кечке кызмат кылат, чарчаганын билбей калат. |
2.Кайыл болуп арбынына,азына. |
Жаштыгынын көбү кетип азы калса да макул болот.
|
© 2020, Рахматова Бактыгүл Барпиевна 950