СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Предмети: Адам жана коом

Классы: 10-класс

Сабактын темасы: Мамлекеттин пайда болушу жана улутчулдук

Сабактын максаты:

  • Билим берүүчүлүк: Мамлекеттин белгилери жана пайда болушу жөнүндө маалымат алышат;
  • Өнүктүрүүчүлүк: Мамлекеттин түзүлүү процессин жана, ошондой эле улутчулдуктун оң жана терс жактарын салыштырышат,
  • Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири-биринин пикирин сыйлоо, топтордо иштөө көндүмдөрү калыптанат.

Негизги компетенттүүлүктөр:

  • Маалыматтык (Н1)
  • Социалдык-коммуникативдик (Н2)
  • Өз ишин уюштуруу жана маселелерди чече билүү (Н3)

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Колдонулучу усул жана ыкма: традициялык жана интерактивдүү усулдар

Колдонулган каражаттар: проектор, флипчарт, маркер, доска, бор ж.б.

Сабактын журушу:

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Негизги компетенттүүлүктөр

1

Саламдашуу. Класста жагымдуу маанай түзүү.

3 мин.

Мугалим класс менен учурашат жана окуучулар бири-бири менен жылмаюу менен учурашууну өтүнөт

Окуучулар мугалим менен саламдашат жана бири-бирин кароо менен жылмайып учурашат.

Н2

2

Үй тапшырма

5 мин

Үйгө берилген тапшырма боюнча суроолор берилет:

  • Саясий жана экономикалык укуктардын өз ара мамилеси кандай?
  • Саясий жактан эркин адамдар кандай укуктарга жана эркиндиктерге ээ болот?
  • Саясий лидерди өз иш аракеттери үчүн жооп берүүгө кантип аргасыз кылууга болот?

Окуучулар окуп келгени боюнча ар бир суроого өз алдынча жооп беришиет.

Н1, Н3

3

Жаны тема тушундуруу

5 мин.

Мугалим теманы жана максатты жалпы класска жарыялайт.

Мугалим жаңы тема боюнча проектордун жардамы менен слайд аркылуу окуучуларга кыскача түшүндүрмө берет.

Н1

4

1-практикалык иш

13 мин

Мугалим окуучуларды 4 топко бөлөт жана аларга тапшырма берет.

1-топ. Мамлекеттин белгилери

2-топ. Мамлекетти куруунун себептери

3-топ. Мамлекеттин легитимдүүлүгү

4-топ. Мамлекеттин формасын өзгөртүү

Тапшырманы аткарууга убакыт берет. Топторго флипчарттар, маркерлер таратылып берилет.

Окуучулар бирден төрткө чейин саноо менен топторго бөлүнүшөт.

Берилген тапшырманы окуучулар топтордо талкуулап, класстер түзүшөт.

Натыйжасын доскага чыгып, презентациялашат.

Н2, Н3

5

2-практикалык иш

12 мин

Мугалим окуучуларды кайрадан 3 топко бөлөт жана аларга тапшырма берет.

1-топ. “Улутчулдуктун” “мекенчилдиктен айырмасы

2-топ. Улутчулдуктун оң жактары

3-топ. Улутчулдуктун терс жактары

Тапшырманы аткарууга убакыт берет. Топторго флипчарттар, маркерлер таратылып берилет.

Окуучулар бирден үчкө чейин саноо менен жаңы топторго бөлүнүшөт.

Берилген тапшырманы окуучулар топтордо талкуулап, натыйжасын доскага чыгып, презентациялашат.

Н2, Н3

6

Жыйынтыктоо

3 мин

Мугалим сабактын башында жарыяланган максатына кайтып келүү менен ага жеткен-жетпегендигин тактайт.

Окуучулар сабактын жүрүшүндө сабактын максатына жеткендигине ынанышат.

Н1, Н2, Н3

7

Баалоо

2 мин

Мугалим сабакта активдуу катышкан топторду, окуучуларды 5 баллдык системада баалайт.

Окуучулар күндөлүктөрүнө алынган бааларын койдурушат

Н2, Н3

8

Тапшырма берүү

2 мин

Өтүлгөн сабак боюнча кайталап окуп келүү тапшырмасы берилет.

Берилген тапшырмаларды күндөлүктөрүнө белгилешет.

Н1, Н2

13.04.2020 09:00