СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыздын эң ыйык буюмунун бири - анын баш кийими. Кыргыз баш кийимин жерге таштабайт, өз уулунан башкага бербейт, белекке жолдобойт. Атүгүл, аны адам отурган отургучка да койбойт. Ак калпак кыргызды кыргыз кылып, башка элден айырмалап таанытып турган Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, боз үйү, комузу сыяктуу эле ата мурас энчиси. Ак калпактын бычылышы, тигилиши, түзүлүшү да боз үйдүн түндүгүн кайталап, кандайдыр бир акылмандыкты, ыйык каада салттарды туюнтуп тургаандай сезилет. оондой эле төрт тарап, алардын бириккен жери - уюл чоку. Этек жагы да улам кеңейип, төгөрөктүн төрт бурчунун чексиздигинен кабар берип тургансыйт.
Тебетейибиз жана башка баш кийимдерибиз да ушул эле нукта жасалат. Ак калпактын эки капталында эки тилик кулакчыны болуп, ал кулактын үстүнө дал келип, калпактын туюк эки өңөрү алдыны карап маңдайга кийиле турган. Аны айчыктуу ак калпак дешчү. Кийген адамдын чекеси жазылып жарашып турчу. Азыр алдынан бир эле жырык чыгарып, аны чекбизге тумшукча кылып кондуруп алдык. Бул биздин өзүбүздүн ата мурас буюмубузга маани бербегендигибиз го. Мурун эки кулакчыны эки канат болуп, оңду солду имерип турган ыйык калпак, эми мурдуман алысты көрө албайм дегенсип, жырык тумшукчага айланып калды. Бул эмне мезгилдин өзгөрүшүбү же маданияттуу кылалы деп кепкага окшоштурууга жасаган аракеттибизби?
Эркектин баш кийимин мейли ак калпак же тебетей болсун башынан эле айыл ичиндеги аты чыккан ууздарга атайын бир адамга арнап тиктиришкен. Баланча тиккен калпак, түкүнчө жасаган тебетей экен деп, көргөндөр көркүнөн таанып, даңаза кылышкан, сын-сыпатына тан беришкен. Бир уруунун бийлик төбөлү экинчи уруунун кандайдыр бир той-ашына урматтуу конок болуп чакырылганда гана, өтө сый конокко арнап калпак же тебетей тиктирилбесе, башка сыйлуу коноктордун алдында ат тартып, үстүнө тон жаап, колуна куш кондуруу менен гана чектелишкен. Анан ушундай дөөлөттүү ыйык буюмубузга айланып калышына ким күнөөлүү? Албетте биринчи кезекте өзүбуз, ата салтын, элдин наркын унуткан маңкурттугубуз, кошоматка кой сойгон ийилчээктигибиз.
© 2019, Абдылаева Айнура Манапбаевна 1045