СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Аман бол, элим. “Бактылуу жашоо болбойт, бактылуу көз ирмемдер гана болот.” Ушундай кырдаалда бул учкул сөзгө аргасыздан ишенүүгө мажбурдайсың. Жок, мен үй бүлөбүз менен өткөргөн убакыт үчүн эч өкүнбөймүн жана тажабаар элем. Эгер сөөктү какшаткан муздак болбосо, жылуулуктун баалуулугун сезбээр элек. Ар бир тагдыр белегинин купуя баасы эбак эле сенсиз чечилип бүткөн. Ооба, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 75 жыл болду. Эгер вирус болбогондо жогорудагы сүйлөм таасирдүүрөк болоор эле. Салтыбыздын да ансыз деле ийне жипте илинип турганы аз келгенсип, бул таажывирус аны да унуттура баштады. Бирок адам деген укмуш жан, адам деген баарына көнөт. А мүмкүн бул башыбызга түшкөн жаза болуп жүрбөсүн? Мүмкүн акыр заман тууралуу эскертүүдүр? Бара-бара эң ыйык баалуулуктардын маңызын жоготуп койгондон улам бул апаат болуп жаткандыр? Мен жеке гана таажывирус тууралуу айтып жаткан жерим жок, акыркы он жыл ичиндеги гана окуяларга гана көз салып көрөлүчү, баланстан четтеп жаткандагы маалыматтар жайначу эмес беле?. Окурманым, мен бул кайрылуумду кайгылуу кылгым келген жок, бирок ичке толгон бугумду ушундай жол менен болсо да бөлүшкөнүмө аздыр-көптүр ынанып турам. Илгертен бери кылым карыткан улуу элибиздин бул кырдаалда жеңилип берээрине ишенбей турам. Биз – күчтү элбиз. Кылыч кайрап, от чачып, нечендеген эр жүрөктөрүбүз алдыга карай тайманбастан жол салып келишкен. Азыр да кыргыз деп жанып, элим деп күйгөн атуулдарыбыз басымдуулук кылат деп билем. Жамандыкка берилбеген, душманга жеңилбеген элибиз бул ирээте да жеңүүчү болобуз деп ишенем.
Айдарбекова Назима БА-1-19
14-май, 2020
© 2020, Назима Айдарбекова Айдарбековна 163