СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аппараттык жабдылыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Информациялык технологиянын бул эки бутагы дайыма ажырагыс биримдикте болот. Аппараттык жабдылыш деп персоналдык компьютердин көзүбүз көрүп турганын айтабыз. Бул жерде ПК тууралуу техникалык маалыматтарды (тиби, кайдан чыгарылары, башка типтегилери, перифериялык түзүлүштөрү, локалдык, региондук жана дүйнөлүк тармактар, класстары ж.у.с.) айта кетсе болот. Программалык жабдылыш (ПЖ) - информациялык технологиянын экинчи маанилүү бөлүгү. Программалык жабдылыш үчүн программалар системалык жана колдонмо (прикладдык) деп эки чоң класска бөлүнүшөт. Системалык программалык жабдылыштын бөлүктөру булар:

операциялык системалар (ОС) жана аларды толуктап туруучу программалык модулдар (буларга системалык программа-утилиттер, перифериялык түзүлүштөрдүн драйверлери ж.у.с. кирет);

Нортон утилиттери (дискеталарды дарылоо жана оптимизациялоо, кокусунан өчкөн информацияны калыбына келтирүү, издөө ж.б.у.с.);

• архив түзүүнүн файлдары, антивирустук каражаттар, диагностикалык ар кандай модулдар ж.б.

Компьютер (анг. "computer") - бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина, жана бир алгоритм (компьтердик програм) менен маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү, чыгарууну аткарат. Компьютерлер жаңы чыгып баштаганда, ал жалаң гана эсептөөнү аткарат деген пипкирден улам ЭЭМ (электрондук эсептөө машинеси) деп аталган. Компьютердин негизги милдети адам эмгегин женилдетүү. Компьютерди колдонуу менен чечилүүчү тапшырмалар: текст документтерин даярдоо, графикалык сүрѳттѳлүштѳрдү (фото,сүрѳт) кошуу, электрондук почта менен иштѳѳ, бухгалтердик эсепти жана материалдык баалуулуктардын эсебин уюштуруу, математикалык эсептѳѳлѳр ж.б.

Компьютердин түзүлүшү жана иштеши

Каалагандай компьютер тѳрт бѳлүктѳн турат: маалыматты киргизүү куралы, маалыматты иштетүү куралы, маалыматты сактоо жана чыгаруу куралдары. Конструктивдүү түрдѳ бул бѳлүктѳр бир корпуска чогултулган да болушу мүмкүн.

Персоналдык компьютердин негизги түзүлүштѳрү:

  • системалык блок,
  • монитор,
  • клавиатура,
  • принтер,
  • мышь

Системалык блокто— компьютердин негизги элементтери жайгашкан (процессор,графикалык плата, ток берүүчү блок, катуу диск, CD жана DVDни окуу жана жазуу куралдары,компьютердин оперативдүү эс-тутум бѳлүгү ж.б.).

Клавиатура — бул кнопкалар жана клавишалар топтому, алар кайсы бир куралды башкаруу же маалыматты чыгарууга кѳмѳк түзүшѳт. Бул бүгүнкү күндѳ информацияны ЭЭМге кийирүүнүн эн негизги каражаты болуп эсептелет. Буюм катарында карап кѳрсѳк клавиатура металлдан же пластмассадан жасалган жалпак кутуча бетинде 103-110 го чейин жеткен бармакчалар (клавишалар) жайгашкан түзүлүш. Клавишаларды басуу аркылуу борбордук процессорго белгилүү сигналдарды жиберебиз.

Монитор колдонуучуга маалыматты кѳрүү мүмкүндүгүн берүү үчүн керектелүүчү компьютердин бѳлүгү. Телевизорго окшош, ал экран деп аталган чагылдыруучу беттен жана радио деталдар жайгашкан пластмасса же металл кутудан турат.

Принтер компьютердин негизги блогунда сакталып турган маалыматты басып чыгарууга ылайыкташкан. Ал текст, графикалык сүрѳттѳлүш, таблица ж.б. болушу мүмкүн. ЭЭМ ишинин натыйжасын кагазга түшүрүү үчүн эн негизги каражат катарында принтерлер эсептелинет. Принтер программа тарабынан башкарылып, компьютер менен драйверлер аркылуу байланыш түзѳт. Аларды аракет принцибине жараша тѳмѳнкү топторго бѳлүүгѳболот:

1) барабандык;

2) мозаикалык;

4) лазердик;

5) сыялык.

Мышь чакан курал, жогору жагында бир, эки же үч кнопкасы бар. Компьютер мыштын кыймылына карап, курсор деп аталган атайын кѳрсѳткүчтү монитордун экранында жылдырып турат.

Сканер компьютерге графикалык сүрѳттѳлүштѳрдү, мисалы кара/ак же түстүү фотосүрѳттѳрүн киргизүү үчүн жасалган. Сканердин жардамы менен компьютерге китептин сүрѳтү бар бетин тексти менен киргизүүгѳ болот. Компьютер бул киргизилген маалыматты иштеп чыгып, аны кадимки текстке айланта алат. Компьютерге мындан башка куралдарды да туташтырууга болот, мисалы, санариптик камера, видео жана аудио маалымат куралдары,

webкамера.

Операциялык система бул машинанын эсептєє процессин, адам менен машинанын маектешүүсүн жана машина менен колдонмо программалардын байланышын уюштуруучу программалык жабдуу. Андан коюлган маселени чечүү, машинанын бѳлүктѳрүн колдонуу жана колдонуучунун эмгегинин эффективдүүлүгү кѳз каранды болот. ОСтин эн эле кенири таркалган аныктамасы: операциялык система бул эсептєє системасынын ресурстарын башкаруу үчүн дайындалган башкаруучу программалардын терими.

Курсор экранда кандайдыр бир образды алып жүрүүчү (жебече, квадрат, таякча, түстүү так ж.б.) кыймылдуу объект. Чычкан курсору жебече түрүндѳ кѳрсѳтүлѳт, кыймылдуу. Аткарган жумушуна жараша ѳзгѳрүп турат.

Винчестер компьютердеги түзүлүш жөнөкөй (ийилчээк) дискеттерге салыштырганда, андагы дискалардын саны эси жагынан көп, ишенимдүүлүгү жана маалымат алмашуу жөндөмү жогору болгондуктан батышта винчестер деген ат менен белгилүү. Англис тилинде бул түзүлүш HDD (Hard Disk Drive - катуу дискти башкаруучу, айландыруучу деген мааниде) деп айтылат.

Категория: Информатика
09.10.2020 10:08


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие записи

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!