СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыгыш Европа

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЧЫГЫШ ЕВРОПА Азыркы учурда Чыгыш Европадагы өлкөлөргө — Польша, Чехия, Словакия, Венгрия, Румыния, Болгария, Словения, Хор­ватия, Босния жана Герцеговина, Македония, Югославия (составында Сербия, Черногория, Воеводина, Косово), Албания кирет. 1949—1990-жылдары Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) өз алдынча мамлекет болуп келген, ал азыр ГФР менен бириккен. 1940-ж. ортосунда Чыгыш Европадагы өлкөлөр (Польша, Че­хословакия, Венгрия, Румыния, Болгария, Югославия, Албания, 40-ж. аягында ГДР) социалисттик өлкөлөрдүн катарына киришкен. Алгачкы жылдары бул өлкөлөрдө өнөр жай индустриясы өсүп, айыл чарбада коллективдештируу жүргүзүлгөн, социалдык өнүгүү да бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бул өлкөлөр дүйнөлүк өнөр жай өндүрушүндө 12—13% продукцияларды өндүргөн. Бирок акырындык менен бул өлкөлөрдөөндүрүштун өнүгүү темпи басаңдап, экономиканы башкарууда командалык-административдик методдор күч алып, ИТП өндүрүшкө өто жай киргизилгендиктен экономика экстенсивдүү жол менен өнүгө баштаган. Чарбада тармактык жана аймактык диспропорциялар пайда болуп, инфляция күчөй баштаган, тышкы экономикалык байланыштарда динамизм бузулган. Ошол эле учурда демографиялык, улуттук жана экологиялык маселелер курчуп, экономикада өнүгүү процесстери токтоп, жумушсуздук күчөп, элдин жашоо деңгээли төмөндөп кеткен. Бул болсо калктын нааразычылыгын күчөткөн, оппозиция күч алып, 80-жылдары терең эконо­микалык жана саясий кризис күчөгөн. 1989-жылдын аягынан тартып бул өлкөлөрдө ташкындаган өзгөрүүлөр башталган. Кыска мөөнөттүн ичинде бардык өлкөлөр да партиялык, мамлекеттик жетекчилер алмаштырылып, сая­сий, экономикалык жана социалдык өнүгүүдө кардиналдуу бурулуштар башталган. Мамлекеттик тузулуштун жаңы формалары, көп партиялуулук пайда болуп, коммунисттик партиянын жетекчилигинен баш тартуу башталган. Экономикалык өнүгүүдө рыноктук жолго түшүп, жерди, өндүрүш каражаттарын менчиктештире башташты, СЭВ таркап, тышкы экономикалык байланыштарда — Батышка ориентация кылуу күчөгөн. 1990-ж. ГДР менен ГФР кошулду, 1993-ж. январынан тартып Чехословакия эки көз каранды эмес: Чехия жана Словакия мамлекеттерине айланды. Мурдакы Югославиядан көз каранды эмес: Словения, Хорватия, Босня жана Герцеговина, Македония болунуп чыгышты. Чыгыш Европа елкелеру бирдиктүү келки аймакты ээлеп, Балтикадан Кара жана Адриатика деңиздерине чейин (1,5 миң км) созулуп жатат. Бул региондун географиялык орун алышындагы башкы өзгөчөлүк — Батыш өлкөлөрдү КМШ өлкөлөру ме­нен туташтырып туруучу түйүн болуп эсептелет. Мындагы өлкөлөрдүн көбү деңиздерге (Балтика, Кара, Адриатика) чыга алат, ал эми ички 6 өлкө Дунайдын боюнда жайгашкан. Регион­дун бардык тарабы аркылуу түндүктөн түштүккө, чыгыштан батышка темир жол, автомобиль магистралдары, электр линиялары кесип өтөт. Алар экономиканын өнүгүүсүнө жакшы шарт тузөт. Жаратылыш ресурстар бардык өлкөлөрдө бирдей жайгаш­кан эмес (жер ресурстарынан башка). Энергетикалык ресурстардын негизин көмүр менен нефть түзөт. Көмүр негизинен Полыпада, Чехияда, нефть, газ Румынияда, гидроресурстар Балкан өлкөлөрүндө, боксит — Венгрияда, темир рудасы — Румыния, Чехия, Сербия, жез, цинк, коргошун — Румыния, Польша, Бол­гария, Сербияда, хромит — Албанияда топтолгон. Жалпысынан Батыш Европа өлкөлөрүнө караганда Чыгыш Европа кендерге жардыраак келет. Калкы. Калктын этникалык составындагы башкы өзгөчөлүк — славян элдеринин басымдуулук кылышы (поляктар, чехтер, словактар, словендер, сербдер, болгарлар ж. б.), башка индоевропалыктардан — румындар, албандар басымдуулук кылат, венгерлер гана угрофин тил түркүмүнө кирет. Региондогу калктын саны 125 млн. дон ашык, калкы көп өлкө Польшада — 42 млн., калкы аз Албанияда — 3,5 млн., Словенияда —2,0 млн. калк жашайт. Калктын санынын өсүшүнө тескери таасир кылуучу негизги фактор — бул II дүйнөлүк согуш (мисалы, Польшада 6 млн. киши өлгөн), анын кесепетинен азыркы жаш-жыныстык структура бузулган. Чыгыш Европадагы бардык өлкөлөр үчүн (Албаниядан башка) калктын өсүшүнүн биринчи тиби мүнөздүү. 1000 кишиге болгон табигый өсүш: Польшада—нөлгө, Чехияда, Словакияда —2,4%с, Румынияда —4,9%о, Болгарияда — 1,1 %о, Югославияда — 6,1 %о, ал эми Венгрияда — минус — 1,4%о, бир гана Албанияда 18,0%о. Калктын табигый кыймылы менен катар механикалык кыймылы да жүрүп жатат, мисалы көпчулүк жумуш курагындагы жаштар убактысынча же туруктуу жашоо үчүн чет өлкөлөргө, өзгөчө өнүккөн өлкөлөргө эмиграцияга чыгууда. Региондогу урбанизациясы жогору өлкө Болгария, Чехия (60—75%), ал эми Польшада, Румынияда, Венгрияда, Словенияда 50—60% калк шаарларда жашашат. Албанияда гана айыл-кыштак калкы басымдуу. Региондо бардыгы 2,5 миң, шаар бар. Эн ири шаардык агломерацияга Жогорку Силезия кирет (20 шаар туташып калган). Копчулүк олкөлөрдүн борборлору ири шаарлардын катарына кирет, еозгочо миллионер-шаар — Будапешт, Бухарест, Варшава, Праганы белгилөөгө болот. Саны боюнча майда жана орточо шаарлар басымдуулук кылат. Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн калкынын улуттук составында ар түрдүүлүктөр байкалат, бир улуттуу жана көп улуттуу өлкөлөр бар. Калкы негизинен бир улуттан турган Польша, Венгрия, Албания менен катар көп улуттуу Югославия бар. Көп улуттуу Югославияда тоталитардык режим учурунда улуттук маселелер өтө курчуп, азыр андан Словения, Хорватия, Босня жана Герце­говина, Македония бөлүнүп кетти. Азыр Югославияда сербдер, черногорцылар, албандар, воеводалыктар ж. б. жашашат. Толук эркиндик учун Косоводо албандыктардын күрөшүү жүрүп жатат. Региондогу калктын маданий байланыштарынын өсүшүнө сла­вян тилдеринин жакындыгы ыңгайлуу шарт түзөт. Чыгыш Европа өлкөлөрүндө квалификациясы жогору жумуш күчтөрү топтолгон. Азыркы учурда бардык өлкөлөр рыноктук экономикага өтүп, пайдаланылбаган жумуш күчтөрүнүн саны көбөйүп жатат. Ошондуктан Югославиядан, Польшадан, Болга- риядан чет өлкөлөргө жумуш күчтөрү барып жалданып иштеп жатат. Чарбасы. Чарбанын тармактык структурасында Чыгыш Ев­ропа еөлкөлөру үчүн эң башкы мунөздүү белги — бул оор өнөр жайдын өнүгүү темпинин ылдамдыгы. Бардык өлкөлөрдө ИТПтин жарчылары — электр энергетика, машина куруу жана хи­мия өнөр жайлары өнүккөн. Өнөр жайдын жалпы татаал, бутактаган тармактары түзүлгөн. Бирок азыркы замандагы ИТРнын жетишкендигин пайдалануучу электроника, информатика өтө жогорку деңгээлде өнүгө элек. Бул региондун чарбасынын структурасындагы окшоштуктарга аймактык структуралардын татаалданышы кирет, б. а., алардын негизин ири шаардык агломерациялар, өнөр жай түйүндөр, эски өнөр жай райондор, жаңы еөздөштүрүлүүчү райондор, ошондой эле маанилуу транспорттук магистралдар ж. б. инфраструктуралардын түрлөрү ки­рет. Аймактар боюнча өндүргүч күчтөр текши жайгашкан, себеби акыркы жылдары өзгөчө көңүл мурда өнөр жайы начар өнүккөн райондорго бөлүнгөн. Региондогу мамлекеттердин жаратылышында, ресурстарында, тарыхый өнүгүүсүндө, экономикалык жана социалдык өнүгүү деңгээлинде айырма болгондуктан алардын экономикасынын азыркы географиясына түрдүүчө таасирин тийгизет. Жалпы европалык масштабдагы Жогорку Силезия (Польша), Остравско-Карвин (Чехияда) индустриалдык комплекстер өзгөчөлөнүп турат. Алар энергетика, машина куруу, химия өнөр жайында алдыңкы позицияларды ээлейт. Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ар биринин өзүнүн спецификалык айыл чарбасы бар, мисалы Румынияда — жүгөрү, Польшада — кара буудай менен картофель, Болгарияда — жемиш жана жүзүмчүлүк, Венгрия болсо айдоонун жогорку деңгээли боюнча айырмаланышат. Отун-энергетикалык комплекстин негизин регион боюнча, копчүлүк өлкөлөр боюнча күрөн көмүр түзөт. Күрөң көмүрдү, өзгөчө анын начар сорту — лигнитти казуу, пайдалануу боюнча башка мындай регион кездешпейт, дүйнөлүк күрөң көмүр казуунун 1/3и ушул регионго туура келет. Күрөң көмүр Чехияда, Польшада, таш көмүр Жогорку Силезияда өндүрүлөт. Жалгыз эле Силезиядан казылган таш көмүрдүн көлөмү ГФР менен Улуу Брита­ния кошулуп өндүргөн көмүрдөн көптүк кылат. Нефть жана газ өнөр жайы негизинен Румынияда өнүккөн, себеби алардын ири кендери Карпат тоо этегинде жайгашкан, жылына 10 млн. дон ашык нефть, 45—50 млн. м3 газ өндүрүлөт. Бирок региондун бардык өлкөлөрү газ менен нефтини жетиштүү санда Россиядан алышат. Нефтини кайра иштетүү ишканалардын көпчүлүк бөлүгү эл аралык нефть магистралы «Достук» түтүк транспортунун боюнда, же деңиз портторуна ыкташып жайгаш­кан. Россиядан бул регионго жаратылыш газы «Союз», «Түндүк нур чачуу» түтүк транспорттору аркылуу ташылат. Региондун электр энергетикасы көмүргө, өзгөчө күрөң көмүргө негизделген жылуулук станциялар. Ал станциялардын көбү Силезия, Белхат бассейнинде, Түндүк Чехияда топтолгон, мындагы өтө көп станциялар экономикалык эффект бергени ме­нен, экологияга тескери таасирин көрсөтүп жатат. 70—80-жылдары Чехияда, Венгрияда, Болгарияда атомдук станцияларды курууга чоң көңүл бура башташкан. Чыгыш Европадагы эң ири Козлодуй АЭСи Болгарияда курулган, анын кубаттуулугу 4 млн. кВт. Акыркы жылдары, өзгөчө Чернобылдагы авариядан кийин бир топ өлкөлөрдө АЭС куруу акырындатыла баштады. Дунайга анын куймаларына ГЭСтер курула баштады. Дунайдын Темир дарбаза деп аталган кууш капчыгайында 70-жылдары Румыния менен Югославия биргелешип кубаттуулугу 2,1 млн. кВт ГЭС курушкан. Венгрияда геотермалдык электр-станциялары курула баштады. Коншулаш чыгыш өлкөлөр — Рос­сия, Украинадан да электр энергиясы алынат, мисалы электрди аралыкка беруучу «Мир» линиялар ж.б. курулган. Металлургия өнөр жайы ар бир Чыгыш Европа олкөлөрүндө бар. Жергиликтуу темир рудасы аз болгондугуна карабастан, ал сырьену Россия менен Украинадан алышат, ошондуктан кара металл өндүрүүнүн ишканалары региондун Чыгыш тарабына топтолгон (Словакиядагы Кошице, Румыниядагы Галац ж. б.). Кара металл иштетүүчү комбинаттардын бир бөлүгү таш көмүр казылып алынуучу, оор машина куруучу борборлорго топтолгон (Польшадагы Жогорку Силезия). Түстүү металлургия негизинен жергиликтуу сырьелук ре- сурстарга таянат. Польшада регион боюнча эң ири өнөр жайы түзүлгөн, Югославиядагы Динар бөксө тоосунун бокситинин, арзан электр энергиянын базаларында алюминий өнөр жайы пайда болгон. Түстүү металлургия өнүккөн өлкөлөргө Болгария, Ру­мыния, Венгрия кирет. Машина куруу комплекси — региондогу бардык өлкөлөрдүн экономикасынын материалдык-техникалык негизи болуп саналат, машина куруу өнөр жайынын тармактары ар түрдүү, өтө татаал, аймактык структурада алар текши жайгаш­кан. Бирок өлкөлөр боюнча алганда — Чехияда бул тармак жо­горку деңгээлде өнүккөн (Прага, Пльзен, Брно ж. б.). Тышкы рынокко станок, ишканалар үчүн толук жабдуулар, эсептөөчү техникалар, үй-тиричиликтери үчүн аспаптар ж. б. өндүрүлөт. Польша менен Румыниянын машина куруусу металлды көп талап кылуучу машина менен конструкцияларды (көмүр комбайндарын, нефть жабдууларын) чыгарууга, Венгрия менен Бол­гария — электротехника, Югославия, Польша — кеме чыгарууга адистешкен. Региондо машина куруу тармагынын өнүгүшүнө, жайгашуусуна таасир кылуучу эң башкы фактор — жогорку квалификациялуу жумушчу күчү. Машина куруу ири борбор шаарларда гана эмес, орто жана майда шаарларда өнүккөн. Химия өнөр жайы батыш европалык өлкөлөрдөн артта болгону менен ал динамикалык өнүгүп жаткан тармак. өзгөчө неф­техимия өнөр жайы тез өнүгүп жатат (Полоцк, Быдгош, Братис­лава, Тисаварош ж. б.). Негизги органикалык эмес химия өндүрүшүнө — күкүрт кислотасы, минералдык жер семирткичтерди ондүрүү, сода ж. б. тармактар кирет. Венгрия фармацевтикалык держава деп аталат. Жеңил өнөр жайы региондун калкын толугу менен кийим, бут кийим ж. б. товарлар менен толук камсыз кыла алат, ошондой эле алардын көбүн экспортко чыгарат. өзгөчө жакшы өнүккөн тармактарга эски XVIII к. баштап өнүккөн текстиль өнөр жайы, анын ичинде жүндөн, зыгырдан, кийинчерээк кебезден кездеме, тор, килем токуу кирет. Текстиль өнөр жайы Польшанын Лодзь деген шаарынын айланасында өзүнчө эле районду түзөт. Лодзь шаарынын өзүндө 120 миң киши ушул тармакта эмгектенишет. Анын айланасындагы шаарды жандоочу пункттарда бир гана багытта адистешкен ишканалар иштешет. Чехиянын Злин деген шаарында регион боюнча эң ири «Свит» бут кийим комбинаты иштейт. Дүйнөлүк рынокто Чехия­нын түндүгүндө өндүрүлгөн айнек хрусталдары, Болгариянын булгаарыдан жасалган буюмдары, Польшанын спорттук инвентарлары ж. б. белгилуу. Жалпысынан, Чыгыш Европада 30га жакын өнөр жай райондору, 170 өнөр жай түйүндөрү пайда болгон. Алардын ичинен: 1) көмүр бассейндеринин негизинде түзүлгөн, 2) жергиликтүү жумуш күчүнө жана керектөөчүлөргө ориентация жасалган ири шаарлардын, 3) ыңгайлуу ЭГА жана эл аралык транспорттук магистралдарга ориентацияланган үч типтеги өнөр жай райондору менен түйүндөрүн болүүгө болот. Чыгыш Европадагы эң ири өнөр жай району Польшадагы — Жогорку Силезия, мында 3 миңге жакын өнөр жай ишканалары топтолгон, 1 млн. дон ашык кишилер кызмат өтөшөт. Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн айыл чарбасы өз калкын азык-түлүк продукциялары менен толук камсыз кылат. Мындан ары карай айдоо аянтын кеңейтип, экстенсивдүү чарба жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок, себеби түз жерлердин бардыгы айдоо аянтына айландырып бүткөн өзгөчо Ортоңку Дунай жана Төмөнкү Дунай ойдуңдары толугу менен өздөштүрүлгөн. Айыл чарбаны интен­сивдүү жол менен өнүктүрүү процесстери жүрүп жатат, региондун түндүк бөлүгүндө нымдуулук көп, саздуу жерлерди кургатуу талап кылынса, түштүк бөлүктө нымдуулук жетишпейт, кошумча сугат ж. б. мелиоративдик иштерди жүргүзүү талап кылынат. Региондун — Чехия, Словакия, Венгрия, Польша мамлекеттеринде айыл чарба интенсивдүү жүргүзүлүп, мал чарба продукциясы дыйканчылыктан алынган продукциядан артыкчылык кылат. Ал эми региондун калган башка өлкөлөрүндө мал чарбанын өнүгүү темпи жогору. Айыл чарбанын адистешүүсүнө жана анын эффективдүүлүгүнө топурактын сапаты, агроклиматтык ресурстары чоң таасир көрсөтөт. Региондогу нымдуулук түндүктөн түштүккө карай азаят, ал эми жылуулук, ушул эле багытта көбөйөт. Ошондуктан дыйканчылыктын адистешүүсү түндүктөн түштүккө карай өзгөрөт. Польшада кара буудай, картофель басымдуулук кылат, түштүк өлкөлөрдө — жемиш багы, жүзүмчүлүк өнүккөн. Бардык өлкөлөрдө буудай өстүрүлөт, анын түшүмдүүлүгү Че­хия, Венгрияда —1 га жерден 50—60 ц, Болгарияда — 40—50 ц, башка өлкөлөрдө 30—40 ц түшүм алынат. Болгария, Румыния, Венгрияда жүгөрүнүн үлүшү жогору. Деңиз жээгиндеги Албания, Хорватия, Босня жана Герцегови­на, Югославияда айыл чарбанын өзүнчө тиби — субтропиктик дыйканчылык (цитрус, инжир ж. б.) өнүккөн. Региондун түштүк зоналарында жогорку сапаттагы жашылчаларды (помидор, калемпир, пияз ж. б.), тамеки, эфир майын берүүчү өсүмдүктөр (роза, лаванда, жалбыз ж. б.) өстүрүүнүн мааниси өтө чоң. Май берүүчү розаны өстүрүү, өтө кымбат роза май­ын өндүрүү жана экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө биринчи орунда турат. Региондун мал чарбасы жогорку деңгээлде өнүккөн, негизги тоют базасы болуп дыйканчылыктан алынган жем, чөп, чыктуу тоют, тамак-аш өнөр жайынын калдыктары ж. б. эсептелет, жайыт мал чарбасы да жүргүзүлөт. Региондун Түндүк жана Ортоңку бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн мал чарбасы — сүт, эт-сүт багытындагы ири мүйүздүү малды, чочко чарбасын өстүрүүгө адистешкен. Тоолуу өлкөлөрдө жайыт мал чарбасы, өзгөчө кой чарбасы өнүккөн. Региондун бардык өлкөлөрүндө канаттуулар багылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү контрастуулук жаратылыш шартка гана эмес, ал жерди элдин тарыхый калыптанып калган айыл чарбаны жүргүзүү тибине жараша болот. Чыгыш Европа өлкөлрүндөгү азыркы транспорттук система кылымдар бою түзүлгөн. Эң байыркы транспорттук жол катнаш дарыя (Дунай ж. б.) деңиз болгон. Польшанын Гданьск деңиз портуна 1000 жыл толсо, Румыниянын Констанца порту Байыр­кы Рим мезгилинде эле белгилүү болгон. Туура транспорттук система негизинен XIX к. башталып түзүлгөн. Жүк ташуу боюнча региондук бардык өлкөлөрүндөгү алдыңкы орундарды темир жол транспорту ээлейт. Кендик багыттагы жолдордун мааниси өтө чон, себеби ал жолдор Батыш менен Чыгышты байланыштырып туруучу транзиттик жолдор. Ошондой эле темир жол борбор шаарларды дениз, дарыя портторун, бир денизди экинчи дениздин порттору менен туташтырып турат. Эл аралык соода жүргүзүүдөгү деңиз транспортунун маани­си өтө чоң. Региондун көптөгөн порттору - Балтика, Адриатика, Кара деңиздин жээгинде курулуп жыл бою иштешет. Дарыя транспорту да региондо жакшы өнүккөн, өзгөчө Дунай менен Одранын мааниси чоң Темир Дарбазада курулган гидротүйүн кеме катнашын жакшыртып, кеме жүрүүчү каналдар казылып, узун жолдор кыскартылып жатат. Транспорттун башка түрлөрү да тез темптер менен өнүгүп жатат, өзгөчө автомобиль жолдорунун мааниси Венгрия, Чехия, Словакия, Словения ж. б. ички өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ. Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн бардыгында рекреациялык чарба өнүгүп жатат. Көпчүлүк туристтерди бул региондун көк кашка деңиздери, өтө кооз тоолору, токойлору, минералдык булактар, жылуу климат, тарыхый эстеликтер өзүнө тартып турат. Туристтерден башка бул региондо дүйнөгө атагы чыккан курорттордо жергиликтүү гана калк эмес, чет өлкөлүк адамдар келип эс алышат, ден соолугун чыңдашат. Алсак Чехиядагы - Карловы- Вары, Польшадагы Закопане, Адриатика, Кара дениз жээктериндеги Болгария, Румыния, Югославия курорттору бүткүл дүйнөгө белгилүү. Туризм менен курорт чарбалары эң көп кире- шелерди (валюта) алып келет. Чыгыш Европа өлкөлөрү алып турган географиялык абалы, жаратылыш шарты жана ресурстары, чарбанын адистешүүсү жана экономикалык, социалдык маселелердин жалпылыгы боюнча: Түндүк жана Түштүк бөлүктөргө бөлүнөт. Түндүк өлкөлөргө Польша, Чехия, Словакия, Венгрия кирет. Алардын экономикасы индустриялдык мунөзгө ээ, өзгөчө Чехия эски индустриалдык өлкө, ал өнор жайдын дүң продукциясын жан башына өндүрүү боюнча биринчи орунда. Бул өлкөлөрдүн айыл чарбасы - интенсивдүү дан, сүт чарбасы, чочкочулукка адистешкен. Түштүк группадагы өлкөлөргө Румыния, Болгария, мурдакы Югославия өлкөлөрү, Албания кирет. Мурда алардын экономикасы артта калып келген. Экономикалык жана социалдык өнүгүүнү радикалдуу өзгөртүү үчүн көп убакыт талап кылынат, Акыркы жылдары бул өлкөлөрдүн экономикасы тез темп менен өнүгүп түндүк өлкөлөрдүн деңгээлине жакындай башташкан. Алар өз машина куруу, химия өнөр жайын, кубаттуу өнөр жай комплекстерин түзүшкөн. Түштүктөн айыл чарбасында дыйканчылык басымдуу, ал дан чарбасына, жүзүмчүлүккө жана жемиш багына, ошондой эле жа- шылчачылыкка адистешкен. Товар жүгүртүү боюнча Түштук Түндүктөн артта турат. Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ар биринин өзүнө гана таандык жекече өзгөчөлүктөрү бар, ал өзгөчөлүк жаратылышында, тарыхый-маданий, социалдык жана тарыхый, социалдык жана эко­номикалык өнүгүүлөрүндө байкалат.

07.08.2020 22:04