СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Диагноздоочу баалоонун мааниси.
Диагноздоо – бул билим берүү процессинин жана окуу процессинин катышуучуларынын өзгөчөлүктөрүн таанып билүүчү, ошондой эле коюлган максатка жетүү үчүн так жана обүективдүү натыйжаны аныктоочу таанып билүү ишмердүүлүгү.
Диагноздоочу баалоо – мугалим кандайдыр бир окуу предметинин стадиясында окуу процессин андан ары туура уюштуруусу үчүн окуучунун алгачкы билим, билгичтигинин дещгээлин баалоо ишмердүүлүгү.
Диагноздоочу баалоонун максаты - программанын материалынын сапаттуу өздөштүрүлүшүнө зарыл предметтик окуу билим, билгичтик, көндүмдөрдүн калыптанган дещгээлин жана ишмердүүлүк ыкмаларын баалоо эсептелет.
Диагноздоочу баалоо окутуунун түрдүү этаптарында ишке ашырылат:
Улуттук Алкактык куррикулумда- белгиленгендей, диагноздоочу баалоо мугалим үчүн окутууга коюлган милдеттердин, ал эми окуучу үчүн окууга коюлган милдеттердин ишке ашырылышына оңдоп-түзөө киргизүү үчүн кызмат кылат.
Диагноздоочу баалоо окуучунун жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша окууну пландаштырууга жана сапаттуу өздөштүрүү максатында окуу процессин ощдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мугалим окуу жылы бою окуучунун баштапкы дещгээлин алынган жыйынтык менен улам салыштырып жүрүп отурат.
Диагноздоочу баалоо окуучунун теманы же окуу курсун өздөштүрүү даярдыгынын дещгээлин аныктоо менен катар эле ал теманы же окуу курсун окуучунун ишмердүүлүгүндө активдештирүүгө мотивация жаратуу, мугалим менен окуучунун кызматташтыгын арттыруу, окутуунун максат, милдеттерин тактоого шарт
Диагноздоочу баалоо төмөндөгүдөй суроолорго жооп табууга мүмкүндүк берет :
Диагноздоочу баалоонун механизмдери.
Диагноздоочу баалоону уюштуруу үчүн суроо-жооп, маектешүү, долбоордук иштер кырдаалга жараша тапшырмалар, ата-энелер, мугалимдер менен кызматташтык сыяктуу методдор жана каражаттар колдонулат.
© 2020, Жусубалиев Медербек Кудайбердиевич 958