СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл тагдыры- тил тагдыры.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне тил – кандай гана улуу, ыйык сөз. Ар бирибиз тилибиз чыккан күндөрдөн тартып эле “ата”, “апа” жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү кыргызча айтып, улам чоңоюп, жетилип, айлана-чөйрөнү, чыныгы дүйнөнү кылым кыргыз тили – эне тилибиз аркылуу кыргызча түшүнүп таанышканбыз. Ар бирибиз наристе кезибизден тартып өз эне тилибизде сүйлөөгө, аны сыйлоого үйрөнө баштайбыз. Демек, тилибиз кыргыз деген атыбызды башка улуттар менен элдерге тааныткан эң алгачкы улуттук белгибиз экендиги талашсыз чындык жана бул баарыбызга белгилүү. Азыркы күндө кыргыз тили түрк тилдеринин ичинен эң байыркысы болуп эсептелет. Бул – тарых өзү алып чыккан талашсыз чындык. Менин оюмча, кыргыз тили эч качан жоголбойт. Эгер тил жок болсо, анда эл да, улут да, өлкө да жоголору анык. Анткени улут жана тил ажырагыс бир бүтүн нерсе. Ал эми тил жоголот деген адамдар – кыргыз элинин душманы. Ырас, кыргызым өзүнүн өнүгүү тарыхында нечендеген сүргүндөргө, кызыл кыргындарга туш болуп, не деген гана кыйынчылыктарды, азап-тозокторду башынан өткөргөн жок. Канча деген душман элимди жок кылам деп келсе дагы, аны тарых барактарынан өчүрө алган жок. Чырактын билигиндей болуп, элибиздин акыркы үмүтү үлбүрөп өчүп бара жаткан учурда эл ичинен тайманбас эрлер, арстан жүрөк шерлер чыгып элибизди сактап калышкан. Алар элибиздин чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улап, бөксөргөнүн толтуруп, каптап келген калың жоонун катыгын колуна карматып, кирип келген калмак-кытайдын кыйласын кыйратып, ак калпактуу калкына калканч, Ала-Тоолуу калаасына урагыс чеп болушкан. Алар душманга жанын берсе да, тилин берген жок. Биздин ата-бабаларыбыз тилибизди сыйлап, көздүн карегиндей сактап, ташка тамга баскандай ыйык тутуп, ушул күнгө чейин жеткиришти. Ошондуктан, катаал жолду басып өткөн эне тилибизди унутта калтырууга биздин укугубуз жок. Кыргызда Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу чыгаандардын чыгармалары турганда кыргыз тили өлбөйт, өчпөйт. Кыргыз адабиятындагы чыгармачыл инсандардын дээрлик бардыгы эне тил темасында чыгармаларды жаратышкан. Ошолордун ичинен, менин оюмча, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, жайылтууга эң чоң салым кошкондордун бири – Чыңгыз Айтматов. Айтматов Чыңгыз Төрөкулович кыргыз улутун, тилин, кыргыз элин бүтүндөй ааламга даңазалап таанытты. Айтматов кыргыз тилинин тагдырына өтө көп көңүл бурган. Республикалык илимий-практикалык конференцияда Чыңгыз Айтматов мындай деп айткан сөзү бар: “Басма сөздө “эмнегедир тил көйгөйүнүн айланасында күйүп-бышуу көбөйүп кетти” дегендей ак ниеттен таңданууну билдирүүгө аракеттенген үндөр пайда болуп жатканы менен буга айран-азар калууга жарабайт. Антип аңкоосунууга негиз жок. Тил – бул ар бир элдин каны-жаны, тил – анын тажрыйбасынын, дүйнө таануусунун, маданиятынын, тарыхынын алмашуусу, акырында тил – улутуң кубанса – кубанычы, кайгырса – кайгысы жана акыл-эси”. Кыргыздар өз тилин бекеринен “эне тил” деп айтпаган чыгар. Эл өз тилинде өзүн-өзү аңдап түшүнөт. Ошондой эле ар бир тилдин өзүнүн энчилүү тагдыры, бийиктеген, төмөндөгөн учурлары, өзүнүн бышып жетилген, айрым учурда өтө оор маселелери менен сыноолору бар. Жана чындыгында тилдер ошол тилдерде сүйлөгөн элдердин башынан кечирген өзгөрүүлөрүн чагылтат. Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы кандай? Анын негизги көйгөйү эмнеде? Бул суроолор коюлганда эле, азыркы замандагы кыргыз тилине болгон муктаждыктын жоктугу дейбиз. Ооба, муктаждыктын жоктугу. Биздин азыркы жаш муун каалаган тилин үйрөнүүгө артыкчылык алып жатат жана алар англис, немец, француз, кытай, япон жана башка тилдерди үйрөнүшүүдө. Өзгөчө шаарларда жашаган улан-кыздар билсе да, билбесе да орус тилинде өз оюнча сүйлөшөт. Мейли, каалаган тилин үйрөнө беришсин. “Тил билүү – ырыскы, ал эми көп тил билүү – берекелүү ырыскы” демекчи, баарыбыз орус тилин активдүү пайдаланабыз, өзүбүздүн маданиятыбызга, күнүмдүк жашообузга кийиребиз жана башка тилдерди өздөштүрүүнү четке какпайбыз. Бирок, ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билишибиз шарт. Ар бирибиз эне тилибиздин чөйрөсүндө гана инсан катары калыптанабыз, тил аркылуу гана маданиятка эгедербиз. Улуттук маданият – бул кыймылдагы улуттук тил. Адамдар өз эне тилинде сүйлөбөсө улуттук маданияттан эч нерсе калбайт. Тилекке каршы, муну көпчүлүк эл бүгүнкү күндө түшүнө электей ой калтырат. Илимдин, маданияттын негизи болгон кыргыз тили турмуш-тиричиликтин гана тилинин деңгээлине түшүп калгандыгын жаап-жашырууга болбойт… Мына ушулардын баары эне тилибиз менен маданиятыбызды өгөйлөп жаткандыгыбыздын ачуу далили. Бүгүнкү күнү кыргыз тили жана маданияты эмне үчүн ушундай абалга түшүп калгандыгына терең ой жүгүртүп, ага болгон кош көңүл мамилебизди өзгөртүп, ага жан, дем киргизип, алга сүрөөчү мезгил келди. Тилдин касиеттүү күчүн жана анын соолбос кубатынын булагын өткөндөн эмес, учурдан издөө керек деп эсептейм. Тил – бул өлкөдө болуп жаткан окуялардын маңызын камтуучу жана чагылдыруучу күзгү. Жыйынтыктап айтканда, улут катары биздин өз алдынчалуулугубуз түпкү улуттун тили менен маданиятынын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөндүгүнө көз каранды экендиги анык. Залкар жазуучу жана улуу ойчул Чыңгыз Айтматов тарабынан бизге калтырылган этностун өз алдынчалуулугун сактоо биздин керемет жерде жашап жаткан бардык кыргызстандыктардын жыргалчылыгын көзгө туткан, ойлонулган, тең салмактуу, акыл-эстүү мамилени талап кылат. “Кыргыз тил барда, кыргыз бар” дегендей, ата-бабалардан бери карай бөксөрбөй сакталып келген эне тилибиздин келечек тагдыры элибиздин келечек тагдыры менен жипсиз байланган. Тилди сактоо – элди сактоого, тилди өнүктүрүү – элди өнүктүрүүгө тете. Эгер, биз эне тилибизди сактап калабыз десек, ага ар тараптан кам көрүү менен бирге эле, ар бирибиз эне сүтүбүз менен бирге жаралган эне тилибизге чын дилибиз менен аяр мамиле жасообуз абзел. Ал эми, сөзүмдү жыйынтыктап жатып, эне тилибиз эне сүтүндөй таза, ширин болуп, чечендин таңдайын сайратып, баатырдын маңдайын жаркытсын. Биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды карыта берсин демекчимин!

25.03.2020 10:11


Рекомендуем курсы ПК и ПП