СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
World of Card Games журналы жүргүзгөн акыркы изилдөөгө ылайык, дүйнөдөгү эң акылдуу өлкө — Швейцария деп табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Швейцария 100 баллдык шкалада 92.02 балл алып, алдыңкы орунду ээледи. Изилдөөдө бул өлкөдө 1 миң 99 Нобель сыйлыгына талапкер бар экени жана калктын орточо IQ көрсөткүчү — 99,24 экени белгиленген.
Мындан сырткары, швейцариялыктардын 40,02% кеминде бакалавр даражасына ээ болсо, 18,05% магистр же андан жогорку билимге ээ. Бул көрсөткүчтөр боюнча да өлкө алдыда.
Улуу Британия экинчи орунду ээледи. Бул өлкөдө 2 миң 393 Нобель сыйлыгына талапкер катталган. Калктын 39,59% бакалавр, 14,37% магистр даражасына ээ, ал эми орточо IQ — 99,12.
АКШ үчүнчү орунду ээледи — 89,18 балл. Бул өлкөдө 5 миң 717 Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн адам жана 256 университет бар, бул дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүч. АКШда чоңдордун 38,57% бакалавр, 14,79% магистр даражасына ээ. Орточо IQ — 97,43.
Нидерланддар 87,3 балл менен төртүнчү орунда турат. Бул өлкөнүн орточо IQ көрсөткүчү — 100,74, ал эми тургундардын 36,63% жогорку билимге ээ.
Бельгия 86,58 балл менен бешинчи орунда. Орточо IQ — 97,49.
World of Card Games негиздөөчүсү Хольгер Синдбектин айтымында, мындай көрсөткүчтөр билим берүү сапаты, жогорку окуу жайларынын деңгээли жана жалпы жарандардын билим деңгээли менен тыгыз байланыштуу.
Мисалы, Швейцариянын алдыңкы орунду ээлеши — өлкөнүн көлөмүнөн эмес, сапаттуу жана натыйжалуу саясаттан кабар берет. Европа өлкөлөрүнүн жалпы күчтүү көрсөткүчтөрү да билимге инвестиция узак мөөнөттүү пайда алып келерин далилдейт.
|
Мамлекеттин аты |
100 баллдык шкалада алган орточо баллы |
Нобель сыйлыгына талапкер бар |
Калктын орточо IQ көрсөткүчү |
Кеминде бакалавр даражасына ээ |
Магистр же андан жогорку билимге ээ |
|
1. Швейцария |
92.02 |
1099 |
99.24 |
40.02% |
18.05% |
|
2. Улуу Британия |
|
2393 |
99.12 |
39.59% |
14.37% |
|
3. АКШ (256 университет бар) |
89.18 |
5717 |
97.43 |
38.57% |
14.79% |
|
4. Нидерланддар |
87.13 |
|
100.74 |
|
36.63% |
|
5. Бельгия |
86.58 |
|
97.49 |
|
|
© 2025, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 30