СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Эне болуу бактысына эгедер болгон ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени адамдан адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген. Тогуз ай түйшөлүп боюна көтөргөн наристенин эрезеге жеткенге чейинки түйшүгү эненин мойнунда. Ал гана эмес, ата-эне болуп калган балдарынан да санаасы тынчыбаган апалар алар үчүн бардыгына даяр. Ар бир баласынын ден соолугун, өмүрүн, бактысын, аманчылыгын тилеп, басса турса кудайга жалынат. Бала үчүн эненин сүйүүсүнөн өткөн айныбас сүйүү жок го деп ойлойм. Себеби бала кандай гана жагымсыз иштерди жасабаса эне кечире берет экен. Энелердин тирүүсүндө барктай билели. Алардын ден соолугу, өмүрү узун-кыскалыгы балдарынын колунда тура! Менин боорукер, сабырдуу, мээрман, акылдуу, сезгич, кайраттуу, намыскөй апам кайтыш болду. Бирок апамды сыйлаган адамдар бар болсун. Тирүүсүндөгүк кыял-жоругун баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн, өтө эле мээримдүүлүгүн, өтө эле баласактыгын, адамгерчилигинин бийиктигин айтып эскерип калышат. Мен алар менен сүйлөшкөндө жеңилдей түшөм. Апамдын мунайынкы, ойлуу көздөрүн элестетип, аны менен сүйлөшкөндөй болуп калам. Эненин ордун өмүрдө эч ким толтура албайт тура!
© 2020, Маматалиева Кундуз Казыбековна 178