СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Нооруз.
Нооруз--Борбордук Азия элдери байыртадан эле аздектеп келген, эң бир сүмөнчүктүү майрам.Нооруз майрамы элдик эсеп боюнча жаңы жылдын келиши.бул мезгил күн менен түндүн теңелишине туура келип,ошондуктан майрам 21-мартта белгиленет.Нооруз- жаңы күн дегенди билдирет.Себеби ушул күндөн күн узарып, кышы менен жаткан жердин тоңу кетип, бозоргон жер бетине жан кире баштайт,жер жарылып көк чыгат. Ошондуктан Нооруз жаркыраган жаздын,жашарган көктөмдүн,жакшы үмүт тилек менен биримдүүлүктүн, кайрымдуулук менен боорукерликтин майрамы катары эсептелип, ушул күнү дасторкон кенен жайылып, Нооруздун сый тамагы сүмөлөк ( өндүрүлгөн буудайга жети түрлүү азык: май, өрүк-мейиз жаңгак жана башка азыктар кошулуп, кайнатылат ) менен чоң көжө (өнүрүлгөн буудай, арпага эт, сүт жана башкаларды кошот) сыяктуу атайын, майрамга арналып даярдалган даамдар коюлуп, элибиз бири-бирине болгон жакшы тилектерин айтышып, ниеттерин билдиришкен.Ушул күнү бардык жерде балбылдата от жагышып, оттун үстүнөн чоң, кичине дебестен секиришип, аладын арасынан малды да айдап өтүшкөн.Үй ичин, короону,бак-шактарды арча, чекенди күйгүзүп аласташкан. Аластоодо:
Алас, алас,алас,
Ар балээден калас!
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
сыяктуу каалоолор, ой - тилектер айтылган, Ушул күнү Баба дыйкандан мол түшүм сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишет, Ага-туугандар,достор, коңшу- колоңдор бири-бирин сыйлашып, таарынычтарын жазып, кечирим сурашкан, көкүрөгүндө кир калбагыдай дилин тазартышкан.Мыны ушунусу менен Нооруз барктуу жана нарктуу.Нооруз жыл башы болгондуктан улуттук майрамдардын эң улуусу жана эң эле салтанаттуусу.
Кыргыз эли эзелтен белгилеп келген бул улуттук майрам бир кездерде дин майрамы катары жерилип келсе, кийинки жылдарда демократиянын шарданы менен кайрадан жанданып, өз деңгээлинде майрамдалып келатат.

© 2020, Авазова Назира Гулбаевна 450