СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Информатика” деген сөздү укканда көпчүлүк компьютерди элестетет. Чынында информатикада компьютерден башка толуп жаткан кызыктуу нерселер бар. Бирнчиден, «информатика» жана «информациялык технологиялар» деген эки түшүнүктү экиге айрып кароо керек. Информатика термини, баарынан мурда, информацияны жана анын касиеттерин, жаратылыштагы, коомдогу, техникадагы информациялык процесстерди, информацияны берүүнүн, топтоонун, иштетүүнүн жана таркатуунун жолдорун жана башка кеп нерселерди математикалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен изилдөөчү илимий багыттардын жыйындысын билдирет. Батыш өлкөлөрүндө билимдердин бул областын компьютер тууралуу илим (соmрutеr sсiепсе) деп коюшат. Кээде “информациялык технологиялар” дештин ордуна «компъютердик технологиялар» же «прикладдык (колдонмо) информатика» деп да жүрүшөт. «Компьютер» - кыргызча «эсепчи» дегенди эле билдирет. Мурда СССРде анын ордуна «электрондук эсептөөчү машина» деген термин колдонулуп келгени белгилүү. Информатиканын илим катары пайда болушуна 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында дүйнөнү каптап өткөн илимий-техникалык революция (ИТР) себепкер болду. Так ушул ИТРдын натыйжасында «информациялык жарылыш» же “информациялык ташкын” деп аталган кубулуш пайда болду. Натыйжада, адам ишмердигинин тигил же бул багытында, алсак, тигил же бул илимдер жаатында, информациянын эбегейсиз зор массасынын агымы пайда болду. Ошентип, жаңы илим пайда болушуна өбөлгө түзүлдү. Информатика илими, 20-кылымдын орто ченинде, көп фундаменттик жана прикладдык (колдонмо) илимдердин чек арасында пайда болгон жаш илим болуп эсептелет. Ал өнүтүп-өсүп, калыптанып жатат.

03.12.2021 11:07