СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кан куда, кул куда, бел куда

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кудамдыкында конокто болуп отуруп этке кирдик. Жаныма сексенден аша берген бир карыя менен таанышып, ал жай сурашып отурдук. Тамак тартылган мезгил келип,уча тартылды, Баягы карыя учаны мени көздөй жылдырды.

– Жок сиз жашыңыз менден бир топ жаш улуу аксакал экенсиз, сиз алыңыз, - деп табакты кайра түрттүм.

– Андай болбойт, сиз бул жерге кыз берген куда экенсиз, демек кан кудасыз. Мен бул жерден кыз алган кудамын, кулдук уруп келгемин, демек мен кул кудамын. Мындайча айтканда, менин жашым улуу болгон менен сиздин жолуңуз улуу. Учаны мен алганым салтка жатпайт, – деп мага жылдырды.

Биз менен отургандар жашыраак жигиттер экен, баары таң калышты, билип да алышты. Мына кыргыздын салты, карыянын наркы.

Ооба, кыргыздардын кудаларды эки бөлүп караганынын философиялык мааниси өтө терең.

Кыз (баш) алган тарап кул куда болгонунун себеби бирөөнүн кара башыл кызын алып жатат. Эртеңки күнү келин ошол үй-бүлөнүн тукумун улайт, кызматын кылат, анын кадыры менен нарк наабаттуулугу менен эне болот.

Келин алуучулар кыздын ата-энесине, бир туугандарынын алдына өтүнүп барары менен кулдук уруп үч жолу - кулдугум бар, - деп айтат, ал эми кыз тарап - кулдугуңар кудайга, - деп жооп беришкен. Ошол замат теңдеш куда болушат.

Адам баласы бири-бирибизге бирдейбиз, ортобузда сый-урмат болсун дегени. Кандай сыйлашалы деген изги аруу ой максат.

"Куда миң жылдык, дос жүз жылдык"- деген улуу кыргыз!

Эгерде сенден баш алса - кул куда, кулдук уруп келип атпайбы. Сага баш берген кудаң - кан кудаң болот. Кан куда төрдө кул кудадан өйдөрөөк өтөт. Устукан алууда да жолу улук болот.

Бел куда; бала-кыз туула же төрөлө электе кудалашканды айтат. Мындай илгери болчу, эгер бири кыз, бири уул болсо, куда бололу деп, эгер экөө тең уул болсо, достоштуралы деген сыяктуу.

Акыл кеп;

Куда болгончо ата-тегин сураш, куда болгондон кийин кул болсо да сыйлаш, - деген сөз бар кыргызда.

10.03.2025 08:33