СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тил

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне тил –ырахаты

Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Ал байыркы убактардан бери өнүгүп келе жаткан түрк тилдердин бири. Эне тилибиз- кыргыз тили бай, көрөңгөлүү тил. Кыргыз элинин улуттук маданиятын, адабиятын, тарыхын, салт – санаасын, үрп- адатын кылымдан – кылымга сактап келген, аны ар тараптан өнүктүрүүгө шарт түзгөн улуу тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй улуу сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айланды.

Тил- жан дүйнөнүн күзгүсү. Руханий дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси терең, көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып, сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат. Акылыңа азык болуп берет. Керемет сөзгө байланып канчалык уксаң дагы тойбойсуң.

Эне тил- элибиздин жаны, каны, дили, дүйнөсү менен ажырыктын тамырындай бир. Байыркы көөнө мезгилден ушул мезгилге чейин, эчен кызыл кыргын, куу согуштан кыргызды кыргыз кылып, кылымдар сынагынан аман алып келген, эне сүтүндөй ыйык тил.

Ааламдын алп жазуучусу Ч. Айтматов :” Элдин түбөлүктүүлүгү- эне тилинде ”-деп эң таасын белгилеген. Кайсы эл, кайсы мамлекет болбосун анын тилинен артык саясат жок. Бүгүнкү кыргыз тилинин абалы, акыбалы ар бир кыргызмын деп, денесинде каны ойногон кыргызды ойготушу керек. Себеби элдин эркиндигибиздин ачкычы – тилибизде. Эгерде тилибиз жоголсо, аны менен кошо дилибиз да, улутубуз да жоголот. Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай улуу, терең сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. Элибизде айтат: “ Атадан уккан – акыл тил, энеден уккан- эстүү тил ”-деп. Бүгүнкү ата же бүгүнкү эне ошол акыл менен, ошол тил менен сүйлөбөсө, анда эртең акыл эстен айрылганы ошол.

1989- жылы 23- Сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик макамына ээ болуп, мына бүгүн 30 жылдыгын белгилеп отурабыз. Бул баарыбыз үчүн кубанычтуу, сыймыктуу көңүл көтөргөн улуу майрам. Кыргыз тил кылымдардан куралып, Нечен катаал мезгилдерде сыналып. Бабалардан бизге калган таберик, Урпактардан урпактарга уланып.

Категория: Информатика
20.01.2020 17:15


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!