© 2022, Каныбекова Динара Каныбек 350
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз тили жана адабияты
сабагындагы менин автордук идеям.
Мен Каныбек кызы Динара мугалимдик кесипти аркалап кыргыз тили жана адабияты сабагынан Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №24 орто мектебинде алты жылдан бери окуучуларга билим берип келүүдөмүн.
Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Ал чыгыш теги боюнча түрк тилдеринин системасына кирет да, алтай тили менен бирге чыгыш хун бутагынын кыргыз кыпчак тобун түзөт. Тарыхта кыргыздар жөнүндөгү алгачкы кабар мындан эки минден ашуун жыл мурда эле белгилүү болгон. Буга караганда кыргыз эли бир топ байыркы элдерден болуп саналат. Ал эми кыргыз тили кыргыз элинин байланыш катнаш куралы болуп, ошол байыркы мезгилден бери жашап келе жаткандыгында эч шек жок. Кыргыз коомунун өсүп өнүгүшү менен бирге өзүнүн бүткүл жашоо доорунда кыргыз тили тынымсыз өнүгүп, анын грамматикалык түзүлүшү, тыбыштык системасы жана лексикалык каражаттары өркүндөп, байып келүүдө.
«Кыргыз тили кылымдарды баскан тил
Кыргыз тили көркөм дүйнө,дастан тил
Кыргыз тили бабам Манас жашаган
Мезгилдеги зор тарыхты каткан тил »
Ошондуктан кыргыз тили жана адабияты билгенге - өтө кызыктуу. Мен мугалимдик кесипти тандаганымдын себеби мектепте окуп жургөн кезде эле мугалимдик кесипкке кызыкчуумун. Ошентип мектепти аяктап, Ош мамлекеттик Университетинин, Филология факультетине тапшырып мугалим кесибине ээ болдум. Алгачкы эмгек жолумду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өзүмдүн самаган мугалим кесиби менен баштадым.Мугалимдик кесип ары ардактуу, ары түйшүктүү,ары татаал кесип экендигине ынандым.
«Биз кандай болсок, балдарыбыз ошондой болот» Дороти Монте айткандай
мугалим –бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оңдогондой болсо, кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мугалимдин эмгегинен көз каранды.Ошондуктан мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз.Баланын турмушка даяр болушунда –ата-энеден кийинки эле орунда мугалим тураары белгилүү.Мугалимдик кесип-дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу кесип.Андыктан мугалимди мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот.
Аракет кылып отуруп,мыкты мугалим болууга болот.
Мугалимдик кесиптин татаалдыгы мына ушул чыныгы мугалим болуу үчүн жасаган аракетинде.
Жашоого жаңы келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы - мектеп мугалимдеринин аң-сезимдүүлүгүнөн, көз карашынан, ойчулдугунан, педагогикалык чеберчилигинен көз каранды. Педагогдордун дүйнө таанымы, билиминин потенциалы, оптимизми –бул тарбиялаган окуучуларынын эле эмес, мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт.
Мугалимдин эң мыкты деңгээлде өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот.Чындыгында мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим бербестен жалпы мамлекетке же улутка таасир этет.
Ал эми сапаттуу билим берүү өзүн ар тараптуу өнүктүргөн кесипкөй мугалимдин аракети менен гана ишке ашат.
Кыргыз калкында, ар кайсы мезгилде өз талаптарына ылайык идеалдуу, заманбап мугалимдин бейнесин түзүп келишкен. Биз дагы азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жана жемиштүү мугалимдин бейнесин түзгөнгө аракеттенип көрөлү.
© 2022, Каныбекова Динара Каныбек 350