СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кылымдан кылым карытып,
Жоголбой келген кыргыз тил.
Жан-жактан чапкан душманга,
Тонолбой келген кыргыз тил!
Элин жыйнап,туу тиккен,
Баатырдан жеткен кыргыз тил.
Ооздон-оозго төгүлбөй,
Ордолордо сүйлөнүп,
Калпында келген кыргыз тил!
Улуу казат-урушта,
Найзадай болгон кыргыз тил,
"Манастап" ураан чакырып,
Келкелин уруп кас уруп,
Бабамдай көргөн кыргыз тил!
Улуу жибек жолундай,
Өмүрү узун кыргыз тил,
Баласы үчүн жан курбан,
Энедей бешик тербеткен,
Көңүлү жылуу кыргыз тил!
Семетей, Сейтек алптардан,
Белекке калган кыргыз тил.
Саякбай менен Сагынбай,
Ааламга даңктап Манасты,
Токтобой айткан кыргыз тил!
Комузун коштоп ыр төккөн,
Токтогул менен Жеңижок,
Ашыраалы,Эстебес
Тууганбай менен Токтосун,
Күнү-түнү айтышта,
Жамгырдай төккөн кыргыз тил!
Жапайы журтту кырам деп,
Падышасы орустун,
Кызыл кыргын салганда,
Жан-жакка таркап чырылдап,
Элим качып барганда,
Бөтөн жерде корлонуп,
Шору каткан кыргыз тил!
Советтин көрүп жыргалын,
Теңдикти даңктап ырдаган,
Бөтөн тилде ойлонуп,
Орусту бир топ жандаган,
"Баткакка баткан"кыргыз тили!
Орусташып кетээрде,
Эл тагдырын ойлонуп,
Улуу-кичүү баш кошуп,
"Мамлекеттик тил" мыйзамын,
Кабыл алган кездерден,
Бакытын тапкан-Улуу тил!
,
© 2024, Адылбек кызы Каныкей Адылбековна 105