СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Бүркүт ( Aquila chrysaetos) – туйгундар тукумундагы кыраан куш. Узундугу 90 смге, канатын жайганда узундугу 2 мге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деңиз деңгээлинен 2–3 миң м бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар жана башка алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен аны таптап, аң уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр бүркүткө түлкү, карышкыр жана башка алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.
Ак куулар ( Cygnus) - түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смге чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - каракуу (C. atrata) да бар. Кара куунун мекени - Австралия, Тасмания ж.б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 3-5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.
© 2019, Сатарова Чолпонай Жолоевна 269