СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызыктуу маалыматтар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Азыркы мезгилде орто мектептеги окутуу процессинин негизги максаттары төмөнкүлөр:

Моралдык жактан жана дене тарбиясы таза жаш муундарды улуттук бүткүл дүйнөлүк маданияттын неөидинде калыптандыруу;

Коомдук жана өндүрүштүк талаптарга ылайык били брүү;

Илимий, саясий, экономикалык жана укуктук баалуулуктарды туура калыптандыруу;

Жаңы муундарды демократиялык башкарууга активдүү катышууга тарбиялоо;

Жаратылыш, коом, техника, маданият жөнүндө тийиштүү деңгээлде системалуу билим алууну камсыз кылуу;

Окуучулардын кызыкчылыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн, ой жүгүртүүлөрүн, көңүл поюуларын, элестетүүлөрүн, эске сактоолорун, сезип- туюуларын, тааным билүүчүлүк жана практикалык билгичтиктерин калыптандыруу, өнүктөндүрүү;

Окуучуларга дүйнөгө илимий көз карашын, ырайымдуулук, эстетикалык, укуктук, эпологиялык жана башка сапаттарын калыптандыруу;

Үзгүлтүксүз билим алуу шарттарында окуучулардын өз алдынча билим алуу жөндөмдүүлүктөрүн, өзүн өзү өркүодөтүүгө болгон муктаждыктарын палыптандыруу;

Өндүрүштүн негиздери, өндүрүштө эмгекти уюштуруу жөнүндөгү билимдерди жанс техникалык түзүлүштөрдү колдоно билүү боюнча ыкмаларды калыптандыруу.

XX кылымдын 50- жылдарынан баштап дидактикада окутуунун максатынын таксономиясы деген түшүнүк пайда болгон. Анын негиздөөчүсү болуп америкалык психолог Б.Блум эсептелет. Ал окутуу процессинин максатынын үс тобун көрсөткөн: таанып - билүүчү, аффективдүү, психомотордук.

Таанып билүүчүлүктоптогу билимдерге жана интеллектуалдык ыкмаларга ээ болуу талаптары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Билүү. Окуучу фактыларды, терминдерди, методдорду, теорияларды, принциптерди билет.

2. Түшүнүү. Окуучу кубулуштардын ортосундагы байланыштарды түшүндүрө алат, материалды өзгөртүп түзөт, алынган жыйынтыктарды сүрөттөп жаза алат.

3. Колдонуу. Окуучу түшүнүктөрдү, эрежелерди конкреттүү жагдайларда колдоно алат.

4. Анализ. Окуучу байкалбаган божомолдорду таба алат, ой жүгүртүүнүн логикасын өздөштүрөт.

5. Синтез. Окуучу сочинения жазат, план боюнча экспермент өткөзөт, ар кандай предметтерден алгао билимдерин пайлаланып конкреттүү проблеманы чечет.

Ата мекендик дидактикада окуучулардын билимдерди өздөштүрүүнүн үч деңгээлин белгиленген : билимлерди белгилүү жагдайларда колдонуу; билимдерди чалс тааныш жагдайларда колдонуу ; билимдерди белгисиз, жаңыча жагдайларла колдонуу. Булар да окутуунун максатын аныктоого өз таасирин тийгизет.

Окутуунун максатын аныктоодо айрым бир предметтер боюнча билимдердин системасынын элементтеринтөздөштүрүүгө коюлуучу жалпы талаптарды иштеп чыгуу өзгөчө мааниге ээ.

Мисалы, табигый, билимдердин системасы фактылардан, түшүнүктөрдөн, закондордон, теориялардан, практикалык колдонуулардан, изилдөө методдорунан турат.

01.05.2020 06:39