СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Макал-лакаптар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Макал-лакап – адамдардын көп жылдардан бери келе жаткан философиялык ой корутундуларын жыйынтыктап, алардын турмуш тажрыйбаларынын негизинен алынган, рифмалашкан жана ритмдешкен бир же бир нече сүйлөмдө ойду бүтүрө айткан, тарбиялоо максатында колдонулган фольклордук чыгармалар. “Адам оюнун, акыл-эсинин энциклопедиясы” болгон макалдар дээрлик дүйнөнүн бардык элине таандык болуп саналат, а түгүл айрым макалдардын мааниси окшош келет. Мисалы:, “Темир устанын чайыр кесе турган бычагы жок” (вьетнам), “Желпигич сатчу колу менен желпинет” (кытай), “Боёкчунун шымы боёлбойт” (жапон), “Карапачынын үйүндө бүтүн идиш жок” (афган), “Кайышчынын камчысы жок” (адыгей), “Устанын тогоосу жок” (кыргыз). Макалдар элдин турмуш тажрыйбасынан улам чыкканын, алардын жалпы нравалык функциясы бирдей экенин мына ушундан да байкоого болот. Макалдар фольклордук тексттерде жана бардык эле акын-жазуучулардын чыгармаларында кеңири учурайт жана адам турмушунун бүткүл көрүнүштөрүн өзүнө тема кылып алат. Макал чыгыш тарыхы адам ойлоосу калыптанып, сезим-туюму жетилген эң байыркы доорлорго барып такалат. 9-кылымда жашаган Макал Кашкаринин үч томдон турган “Түрк сөздөр жыйнагында” “Куру кашык оозго жакпас, Куру сөз кулакка жакпас”, “Ач көз карыны тойсо да өзү тойбойт”, “Карга карасын ким билер, киши аласын ким табар”, “Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө” Макал менен лакаптын формалык түзүлүшү, айтылышы, корутундуланышы, бири-бирине абдан окшош. Ошондой эле учурда айырмачылыктары да бар. “Макалда айтылуучу ой аягына жеткирилип, айтылган ар бир окуяга корутунду чыгарылып, лакапта адамдын ою гана айтылып, корутунду чыгарылбай көмүскөдө калат. Ошондуктан лакап көбүнчө салыштыруу, окшоштуруу иретинде “дегендей”, “окшобой” д. у. с. сөздөрдүн жана “ган”, “дай” уландыларынын жардамы менен айтылат. Мындан сырткары лакапка “ып”, “ыптыр” өңдүү өткөн чактын мүчөлөрүнүн жардамы менен же кимдир бирөөгө таандык болуп айтыла берет.

28.02.2023 13:48