СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
МАТЕМАТИКА окумуштууларга гана керектүү илим эмес. Ал баарыбызга керек. Дүкөнгө барганыңарда, үй-жайыңарды оңдоордо, аба ырайын угуп жатканыңарда математиканын пайдасы тиери шексиз.
Көптөр аны кызыксыз, күнүмдүк жашоо менен байланышы аз илим деп эсептешет. Балким, силер да ошентип ойлойттурсуңар? Келгиле, анда математиканын канчалык жөнөкөй, кызыктуу жана күндөлүк жашоодо керектүү экенин карап көрөлү.
Дүкөндө
Мисалы, силер дүкөнгө барып, кийим-кечек же буюм-тайымдардын арзандатылган баа менен сатылып атканын көрөсүңөр. Алгач 35 доллар турган буюмдун баасы 25 пайызга түшүптүр дейли. Түзүк эле арзандатылгансыйт. Анда анын азыркы баасы канча болду? Муну билүүгө арифметика жардам берет
Адегенде төмөндөтүлгөн баанын пайызын 100 пайыздан алалы. Жообу 75 пайыз болду: 100 − 25 = 75. Чыккан санды (75 пайызды же 0,75ти) буюмдун баштапкы баасына көбөйткүлө. Азыркы баасы 26,25 доллар болуп чыгат: 35 × 0,75 = 26,25. Эми анын төмөндөтүлгөндөн кийинки баасын билген соң, сатып алсак арзанга түшөр-түшпөсүн өзүбүз чечебиз.
Жаныңарда калькулятор жок болсо эмне кыласыңар? Анда ичиңерден санай койсоңор болот. Мисалы, алгач 45 доллар турган буюм 15 пайызга арзандатылсын дейли. Аны мындайча санайбыз: адегенде 10 пайызы канча болорун аныктап алалы. Кайсы бир сандын 10 пайызы канча болорун билиш үчүн, ошол санды 10го бөлүш керек. Аны оозеки оңой эле чыгарып алууга болот. Анан 10го 5ти кошкондо 15 болот (10дун жарымы — 5). Ошентип, кошуп, кайра кемитип туруп буюмдун сатылар баасын тез эле чыгарып алууга болот. Маселе чыгарып көрөлү.
45тин 10 пайызы 4,5 болсо, 45тин 5 пайызы андан эки эсе аз, башкача айтканда, 2,25 болот. Ал эми экөөнүн суммасы — 6,75 — 15 пайызды түзөт (себеби 4,50 + 2,25 = 6,75). Анан 45тен 6,75ти алгыла, ошондо жообу же буюмдун азыркы баасы 38,25 долларга барабар болот. Кандайдыр бир буюмдун сатык салыгы канча болорун же ресторандан тамактансаңар, төлөнөр акчага канча чайпул кошуш керектигин да ушул жол менен санап алуу ыңгайлуу. Бирок андай учурларда алгачкы баасын кемитпейт — анын үстүнө кошот.
© 2020, Маткасымова Буажар Аширбаевна 497