СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

План конспект на тему "Туздар" 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Ош облусу Ноокат району

Т.Бекиев атындагы орто мектеби

Х

Ддд

8-класс

Химия мугалими: Раимжан кызы Элмира

7.05.2020 8-класс

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Туздар. Туздардын классификациясы.

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: айтып берүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Туздар жана алардын химиылык, физикалык касиеттерин, классификациясын, алынышын жана колдонулушун окуп үйрөнүшөт.

  • Туздар;
  • химиялык касиеттери;
  • классификациясы;
  • Химиялык теӊдеменин жардамы менен туздардын алынышын жана химиялык касиеттерин жазып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Туздар жана алардын алынышы, колдонулушу, таралышы, классификациясы, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгу өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат

  • Туздар;
  • Туздардын физикалык касиеттери;
  • колдонулушу;
  • жаратылышта таралышын;
  • классификациясы
  • жөнөкөй жана татаал заттар;
  • химиялык теӊдеме боюнча алган билимдерин туура пайдаланып туздардын алынышын, химиялык касиеттерин реакцияларын жазып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Туздар;
  • Химиялык касиеттерин;
  • Классификациясын;
  • Химиялык теӊдеменин жардамы менен туздардын алынышын жана химиялык касиеттерин жазып бере алышса.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет):Туздар жана алардын классификациясы, колдонулушу, физика-химиялык касиеттери боюнча алган билимдерин бекемдешет.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)):

Атом, металл жана металл эмес, кислоталык калдыктар, жөнөкөй жана татаал заттар, химиялык теӊдеме, химиялык реакциянын типтери боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат, кол телефон, WhatsApp социалдык тармагы.

Убакыт: 20 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:2-3мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):5-10 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):5-8-мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу, окуучулардын катышуусун тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү: Саякатка чыгуу оюну

Өтүлгѳн теманы кыскача кайталоо:

Оксиддер жана алардын классификациясы, кислоталар жана алардын классификациясы, колдонулушу жөнүндө кайталагыла, бирден оксиддин жана кислотанын формуласын жазып, атын атагыла. (№3 жана №4 слайддар)

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Жаратылышта таралышы

Туздар деп эмнени айтабыз?

Бир же бир нече металл атомунан жана кислота калдыктарынан турган татаал заттарды туздар деп атайбыз.(№5 слайд)

МеnKkm Ме – металл, Кк- кислота калдыктары

N,m- атомдор жана кислота калдыгынын саны.

H2S - сульфиддер MgS -магний сульфиди

HNO3- нитраттар Fe(NO3)3-темирдин нитраты

H2SO4- сульфаттар K2SO4 калий сульфаты

H2CO3 - карбонаттар СaCO3 -кальций карбонаты

H3PO4 - ортофосфаттар K3PO4 -калийдин ортофосфаты

HCl - хлориддер NaCl -натрий хлориди

Туздардын классификациясы. (№5 слайд)

Туздардын физикалык касиеттери:

Туздар - түрдүү түстөгү каттуу заттар.

Сууда ар түрдүү ээришет.

Кээ бир туздар сууда жакшы эришет, мисалы, нитраттар.

Башкалар мисалы: CaCO3, BaSO4 – дээрлик эрибейт.

Нитраттар – баары эришет

Сульфаттар – CaSO4, SrSO4, BaSO4, PbSO4, Ag2SO4 дан башкалары

Хлориддер – AgCl, PbCl2 ден башкалары

Сульфиддер, карбонаттар, силикаттар, фосфаттардын –бардык туздары эрийт, K, Na жана NH4 группасынын туздарынан башкалары (№6слайд)

Туздардын химиялык касиеттери:

  • Fe + CuSO4 = FeSO4 + Cu
  • Na2CO3 + 2HCl = 2NaCl + CO2 + H2O
  • СaCO3 = CaO + CO2
  • CaCO3 + SiO2 = CaSiO3 + CO2
  • 2NaBr + Cl2 = 2NaCl + Br2
  • Na2SO4 + BaCl2 = BaSO4 + 2NaCl
  • AlCl3 + 3KOH = Al(OH)3 + 3KCl (№9 слайд)
  • Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо)(№8 слайд):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп,мисалдарды иштөө аркылуу өтүлөт.

    1. Төмөнкү реакцияларды аягына чыгарып, теңдегиле:
  • Fe + CuSO4 =
  • Na2CO3 + HCl =
  • СaCO3 =
  • CaCO3 + SiO2=
  • NaBr + Cl2=
  • Na2SO4 + BaCl2 =
  • AlCl3 + KOH =

Үйгѳ тапшырма (№10 слайд): Туздардын классификациясы жана алардын эрежелерин жаттоо;

Айланууну аткаргыла:

CaCO3 CaO Ca(OH)2 CaCO3 Ca(NO3)2

Баалоо: Окуучулардын актидүүлүгүнө жараша

Категория: Химия
20.05.2020 20:01