СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санариптик сабаттуулук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эссе

Сиздин оюңузча, МКТ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптери мектептерде кандайча ишке ашырылышы керек?

Кандай чектөөлөр бар жана аларды кантип жеңсе болот?

Компьютердик технологиялар бүгүнкү күндө окуу процессиндеги ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аларды билим берүүдө колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, окуу процессинде окуучулар үчүн сабакты кызыктуу жана итерактивдүү кылууга шарт түзөт. Азыркы замандын талабына ылайык коомдо бардык жерде, магазин, ишкана, мамлекеттик мекемелерде ж.б жайларда технологиялык каржаттар кенири колдонулууда. Ошонун катарында эле биз да билим берүү мекемелери замандан артта калбай МКТ ны колдонуу жолдорун үйрөнүүбүз зарыл.

Билим берүүдө компьютердик технологияны колдонуунун жолу - билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кенейтүү. Онлайн курстардын жана аралыктан окутуунун жардамы менен окуучулар дуйнөнүн каалаган жеринен жана өзүнө ыңгайлуу убакта билим ала алышат. Мындай курстар билим берүүнүн баасын жогорулатып, билим берүүнү баарына жеткиликтүү кылат деп ойлойм.

Азыркы муундун балдары Z муундагы балдар болуп эсептелгендиктен, биз мугалимдер алардан артта калып кетүүбүз уят иш деп ойлойм. Азыркы учурда мамлекет тарабынан болушунча мектептерди МКТ каражаттары менен камсыздаганга жакшы аракеттер болуп жатат. Бул да жакшы көрүнүш деп ойлойм. Мектептер бүгүнкү күндө компьютер, интерактивдүү доска,проектор ж.б техникалык каражаттар менен камсылдалып жатат. Ошолорду туура багытта колдонуу үчүн мугалимдер санариптик сабаттуулукка ээ болуулары зарыл деп ойлойм. “Күч бирдикте”- дегендей аны ишке ашыруу үчүн баарыбыз жапатырмак иш алып барсак, жыйынтыгы соонун болот. Менин оюмча: ар бир мектептин мугалимдерин Санариптик сабаттулук боюнча кошумча курстардан бат - баттан өткөрүп турса жакшы болмок. Окуган билимин кайталап, өркүндөтүп турбаса ал унутулуп калат. Ошол сыңарындай 1.2 жыл аралыгында кайра- кайра курстар болсо, алган билимдер көбөйүп, бышыкталып өнүгүп өсүү жакшы болмок. Кайталоо бул билимди бекемдейт.

Азыркы күндө технология бат өнүгүп жатат, биз бир жолу окуп коюп аны иш жүзүндө колдо элек жаңы технологиялык жаңылыктарчыгып кетип жатат. Ошон үчүн МКТ ны билим берүү мекемелеринде колдонууну үйротүүчү курсттар, тренингдер бат - баттан болуп турса, жана да мектептер ТСО каражаттары менен толук камсыздалса билим берүүнүн сапаты жакшырмак.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана мектептерде колдонууну өнүктүрүүнү жогорулатуу үчүн баары эле барып акчага такалат деп ойлойм. Эмне үчүн ? деген суроо жаралышы мүмкүн. Себеби көпчүлүк мугалимдерде азыркы күндө компьютер, ноутбук алганга каражат жетишсиз, андан сырткары кээ бир мектептер компьютер жана башка каражаттар менен да толук камсыздалган эмес. Мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, ошол каражаттар менен камсыздалса жана мугалимдер ар түрдүү курстардан бат-баттан өтүп турса анда санариптик сабаттуулукту жоюу жеңил болмок.

Категория: Физика
13.06.2024 14:07