© 2020, Жусупбеков Жыргалбек Камчибекович 2190
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Барабандык сканер. 1856-жылы флоренциялык аббат Жованни Казелли алыска сүрөт жиберүүчү прибор ойлоп тапкан. Бул прибор кийинчерээк пантелеграф деп аталган. Жиберилүүчү сүрөт барабанга ток өткөрүүчү сыя менен түшүрүлүп, ийне менен окулган.
1902-жылы Артур Корн аттуу немис физиги кийинчерээк телефакс деп аталып калган фотоэлектрлик сканерлөө технологиясына патент алган. Жиберилүүчү сүрөт тунук айланма барабанга бекитилген. Барабандын огун бойлой жылган лампанын жарыгы түп нускадан өтүп, барабандын огун бойлой жайгашкан призма жана объектив аркылуу фотокабылдагычка жеткен Бул технология барабан сканерлерде дагы эле колдонулат.
Азыркы учурда жарым өткөргүчтөрдүн өнүгүшү менен фотокадылдагыч мыктыланды, сканерлөөнүн планшеттик ыкмасы ойлоп табылды, бирок, сүрөттү санариптөөнүн баштапкы принциби өзгөрүүсүз.калды.
Сканер. Сканер-жалпак алып жүрүүчүдө (көбүнчө кагазда) жайгашкан сүрөттү окуп, аны санариптик форматка айландырууга же андагы маалыматты алыска жөнөтүүгө ыңгайланыштырылган түзмөк. Сканер компьютерге сүрөт киргизүү үчүн колдонулат. Бул сүрөттордү дароо графикалык редактордо иштетүүгө мүмкүн. Сканерлер жалпак сүрөттөрдү санарип камераларга караганда жакшыраак киргизишет. АСТ (аналогдук санарип түрлөнткүч) менен сканерлөө учурунда ЭЭМ үчүн объекттин образы болгон сүрөттүн санарип сүрөттөлүшү түзүлөт. Бул киргизүү-чыгаруу системинин жардамы менен ЭЭМге берилет.
Азыркы убакта сүрөттөлүштөрдү, тексттерди, сүрөттөрдү сканерлөө түзүлүштөрү кеңири таралган. «Сканерлөө» деген термин англис тилинин to scan деген сөзүнөн алынган, «тигилип карөө» деген маанини билдирет. Сүрөттөлүштөрдү компьютерде кайрадан иштетүү үчүн же монитордун экранына чыгаруу үчүн цифралык формага өзгөртүлөт.
Сканер сүрөттөлүштөрдү таанып, автоматтык түрдө анын электрондук көчүрмөсүн түзөт, көчүрмөнү компьютердин эсинде сактоого болот. Сканерлердин айырмалоочу белгилери:
Сканерлердин маанилүү мүнөздөмөлөрүнө сканерлөө ылдамдыгы, сканерленүүчү документтин максималдуу өлчөмү да кирет. Азыркы убакта LPT портторуна туташтырылган сканерлер жай иштейт. Ал эми USB портуна туташтырылган сканерлердин ишөө ылдамдыгы жогорурак болот.
Сканерлер басма ишинде, долбоорлоо системаларында эң кеңири колдонулат. Презентация, доклад, реклама үчүн иллюстрациялоочу материалдарды даярдоодо да абдан зарыл.
Сканердин түрлөрү: плонеттик сканер, сүрөт сканери, кол сканери, 3Д сканер, биометрикалык сканер, штрих-коддордун сканери, коздүн сканери, программалоо сканери, порттордун сканери ж.б.
.
3Д сканер-объемдуу нерселерди сканерлөөдө колдонулат.
Биометрикалык сканер-адамдын өздүгүн алуу үчүн колдонулат.
Штрих-коддордун сканери-бул штрих-код аркылуу берилген, маалыматты сканерлөө үчүн колдонулат.
Cүрөт сканери-сүрөттөрдү сандык маалыматка айландыруу үчүн колдонулат.
Кол менен иштелүүчү сканер-бул сканерлердин ичинен эң жөнөкөйү.
© 2020, Жусупбеков Жыргалбек Камчибекович 2190