СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туура тарбия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир айылда кадырлуу, акылман карыя жашай турган. Ал балдарды өтө жакшы көргөндүктөн дайым алар менен ойноп, аларга ар кандай белектерди бере турган. Бирок ал берген оюнчуктар дайыма жука жана өтө назик боло турган. Балдар алар менен көпкө ойной алышчу эмес, себеби бат эле сындырып алышчу. Ыйлап келген балдарга карыя андан да назик оюнчуктар берчү. Канчалык аракет кылышпасын, балдар аларды көп өтпөй эле сындырып алышчу. Бир күнү балдардын ата-энелери карыяга мындай дешет: "Биз сизди абдан сыйлайбыз. Сиз биздин балдарыбызды абдан жакшы көрөсүз, бирок дайыма аларга назик оюнчуктарды бересиз. Балдар аларды бат эле сындырып алышкандан, ызаланып ыйлап жатышат. Сиз берген оюнчуктар абдан сонун болгондуктан, ойногулары келсе да коркуп ойной албай жатышат", дешет. Ошондо карыя: "Бир аз убакыт өткөндө балдар чоңоюшат. Ошондо аларга бирөө жүрөгүн тартуулай турган учур келет. А мен балдарыңар андай назик кымбат нерсени сындырбай уруна билүүгө азыртадан үйрөнүп, кийин жашоодо кыйналышпасын деп жатам", - деп жооп кайтарат. (Турмуш сабактары)

Балага туура тарбия берүү- анын тентектиги үчүн жазалоо жана жакшы болгону үчүн сыйлоо гана эмес. Бала мүнөт сайын жаңы нерселерди үйрөнүп, аны ошол боюнча кабыл алат, акыл-эси да, түшүнүгү да ошол көз карашынан калыптанат. Ошондуктан аларга кичинесинен баштап чоң турмушка карай туура багыт берүү абдан маанилүү. Себеби алар- биздин эртеңки келечегибиз.

Кээ бир ата-энелер балдары чоң ката кылганда же коомго, адамдарга коркунуч алып келген кылмышка жакындаганда катуу өкүнүп калат. Учурунда бала тарбиясынын жоопкерчилигин сезбегенин түшүнөт. Ошон үчүн мындай абалдын алдын алуу, балдар тарбиясына акылмандык, жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарыл.

19.12.2019 19:02


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!