СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыл жана анын балдары.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Илгери өткөн заманда Жыл аттуу ашкан акылман жашаптыр. Ал аябай боорукер, көп өнөрдү билген адам экен. Анын Кыш, Жаз, Жай, Күз деген төрт уулу болуптур. Жылдын экинчи уулу Жаз жана анын артынан Жай күндү ысытып, булактар соолуп, кургакчылыктан көптөгөн жан-жаныбарлар өлүп калышат. Муну көргөн Күз жамгыр, ага удаа эле Кыш калың кар жаадырып, катуу суук кылып жиберет. Буга чыдабаган курт - кумурскалар Жылга даттанып келишет.

- Жаз деген уулуңуз күндү аябай ысытып, кургакчылык кылып жиберген эле. Эртеси улуу уулуңуз Кыш кар жаадырып, суук кылып таштады. Көптөгөн чымын-чиркейлер өлүп калды. Балдарынызды бирдеме деп тыйып койбойсузбу, - дейт.

Андан кийин арызданып кой, эчки да келип: - Балдарыныз күндү бир ысытса, бир муздатып, аябай кыйнап жиберди, тыйып коюнузчу, - дешет.

Жыл төрт уулун чакырып алып, алардын кылган иштери жөнүндө сурай баштайт:

- Жаз балам, эмне үчүн күндү өтө ысытып,жердин баарын кургатып жибердин? Жан-жаныбарлардын баары арызданып келип жатышат.

- Ата күнсүз жашоо жок. Күндүн нуру менен тируулук уланат. Нурдан күч - кубат, жылуулук алышсын деп күндү ысытып жиберем, - дейт Жаз.

Андан соң, экинчи уулу Жайга кайрылат:

- Уулум, сен эмне үчүн күндү ого бетер катуу ысыттын? Мынчалык катуу ысык тирүү жандын баарын куйкалап салбайбы?

- Жок, ата. Аптаптуу ысык болбосо, мөмө - жемиш, дан-эгин кайдан бышмак эле. Аларсыз күн көрүү кыйынга турат го!

Күз балам, эмнеликтен сен абаны бат эле салкындатып, жамгырды көп жаадырып жибердин?

Күз атасынын суроосуна минтип жооп берди :

- Атаке, жаз, жай бою иштеген дыйкан эмгегин жыйнап алды. Бак-дарактар түшүмүн мол беришти. Эми эгин талаалар, бактар да жамгырга жуунуп, сергип эс алышы керек. Антпесе, кийинки жылга түшүм бере албай каларын ойлоп жатам.

- Кана, балам Кыш, эми сен Айтчы, эмне үчүн кардын арбын жаадырдын?

- Анткени Жаз, Жай жерди кургатып жиберди. Мен кар жаадырып, келерки жазга көп суу болсун дедим. Антпегенде өсүмдүктөрдүн бардыгы өлүп калат эле да, - дейт.

Жыл балдарынын жоопторун угуп, алардын баарынын сөзү жүйөлүү экенине ынанат да, көпкө ойлонот:"Эмне кылуу керек?"

17.02.2020 20:38


Рекомендуем курсы ПК и ПП