н ооруз
Байыркы бабаларыбыз табиятты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Чындыгынды эле, ошондой.Күз мезгилинин келиши менен жер жүзүндө жаратылыш өзүнүн мурдагыдай көркөмдүгүн жоготорун көрүп жүрөбүз. Март айынын 21-22-синен тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт . Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата-бабаларыбыз жыл эсеби башталган улуу күндү Нооруз деп атап, аны жаңы жыл, жаны кун деп белгилешкен.
Анан да 21-мартта күн менен түн теңелет.
“ Нооруз “ деген сөз байыркы фарс тилинин “науризи”деген сөзүнөн алынып бизче “нау”-“жаңы”,”рузи”-“күн”деген маанини билдирет. Демек,”Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат.Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз- жаз майрамы” майрамы деген түшүнүктөр болгон.
Нооруз жаз мезгилинин келүүсүнүн символу!
Жаз-жарыш, күз-күрөш
Ал эми бизде.... Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп,эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген.
Нооруз кыргыз элинин жаркын, абдан толкунданткан жана салтанаттуу майрамы.
Бул майрамдын тамыры байыркы доорлордо, адамзаттын жазуусу жок болгон мезгилге тандык. twitter.com/ LimonKG
Майрамга бир нече күн калганда эл үйлөрүн тазалап,карыздарын төлөп,ар кандай катачылыктар кечирилет Майрамга карата эл жарашыктуу кийинип, көңүл ачып,күлүп,ар кандай оюундарды, сынактарды уюштурушат.
Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат
Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу , өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон.
Алгач 5 же 7кг жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да , бир күн сууга чыланат . Эртеси көбө түшкөн буудайды супуранын тактайдын бетине жайыш керек
Өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып, ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат.
Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып,суу куюлат.Алгач бышыраарда уютулган буудай 5кг болсо ,казанга 10 кг акталган май куюлат. Майга 7 токоч бышырылып ,аксакалдар куран окугандан кийин жешет.Даярдалып куюлган буудайдын ширелүү суусун казанга куюлат.
Айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан уйгө чакырылат.Түн күтүп ,сүмөлөктү бышыра башташат .
Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары , байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат.
Умай эне арча түтөтүп, элди кыдыра “Алас ырын “ айтат.
Арчанын түтүнү жиндерди, ооруу-сыркоолорду кууп чыгат, үйдү жана адамды тазалайт деп ишенишет.
Бул майрамды « алты бакансыз» элететүү кыйын.
Нооруз майрамын күрөшсүз өткөрүүгө болбойт. «Кыз куумай», «Эр эңиш», «ордо» жана башка улуттук оюндар ойнолот.
Күндүн соңунда эки акындын айтышы, ыр-күүлөр менен коштолот.
Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,
Мына бүгүн күн менен түн теңелет.
Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,
Жер энебиз бир калыпта термелет.
Баба дыйкан шаймандарын белендеп,
Кошко чыкты кара жерди тилем деп.
Үрөн себет бир Аллага жалынып,
Урпактарга кенен токоч берсе деп.
Караңгыны жарга такап жарыктык.
Мына бүгүн күн аба дагы талыкшып,
Кас душмандар достошууга кез келди.
Көралбастык , жек көрүүнү багынтып.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!