| Жаңы билимди калыптандыруу этабы: БИТ – бул компьютердеги эң кичине көлөмдөгү маалымат. БАЙТ (англ. Byte) – санариптик маалыматты иштетүү жана сактоо бирдиги; бир убакта компьютерде иштетилип жаткан биттердин жыйындысы. Курчап турган чөйрөдөн биз кабыл алып жаткан сигналдар көпчүлүк учурда эки мааниде болот, мисалы: • жол ачык же жабык болушу мүмкүн; • чырак күйүп турат же өчүп турат; • алдыга же артка болгон кыймыл; • буюм бар же жок. Эки гана мааниге ээ болгон сигнал экилик деп аталат. Маалыматты берүү процессинде түгөйлүү сигналдар менен биз өтө көп кезде- шебиз: жалган – чындык жок – ооба 0 – 1 Маалымат компьютерде кантип сакталат? Маалымат сигналга өзгөртүлүп түзүлөт. Электрдик же магниттик сигнал- дын бар экендигин 1 менен, ал эми анын жоктугун 0 менен белгилешет. 0 же 1 экилик сигналы БИТ деп аталат. БИТ – бул компьютердеги эң ки- чинекей көлөмдөгү маалымат. 8 бит биригип 1 байтты түзөт: үн, цифра, тамга, тыныш белгилери. Мисалы: Өтө катуу чыккан үн – 11111111 менен белгиленет Экрандагы кара чекит – 00000000 5 цифрасы – 00000101 S тамгасы – 01010011 Бит: информатикада маалыматтын эң кичине бирдиги Биттерден жарым байттарды жана байттарды түзүшөт. Жарым байт: жарым байт 4 биттен – төрт экилик белгиден турат Информатикадагы өлчөө бирдиктери башка илимдерде колдонулуп жүр- гөн бирдиктерден бир топ айырмаланат. Математикада силер эселүү көбөйтүүчү катары 10 коэффициентин ала- сыңар. Информатикада болсо өлчөө бирдиктери 2ге эселүү, анткени берилип жаткан сигналдар – экилик сигналдар. |