Просмотр содержимого документа
«5-май кыргыз республикасынын конституция күнү»
№ 1 Васильевка ЖББ орто мектеби
Класстык саат
Класс жетекчи: Бегалиева А. А.
5 – МАЙ
КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ
1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин
12–сессиясында Кыргыз Республикасынын
Конституциясы кабыл алынган.
Ошондон тарта өлкөбүз Кыргыз
Республикасы аталып, ал эми 1978-жылы
кабыл алынган Кыргыз ССРинин
Конституциясы өзүнүн күчүн жоготот.
Конституция деген эмне?
Конституция – бул коомдук жана мамлекеттик
түзүлүштү, шайлоо системасын, мамлекеттик
органдардын ишин жана уюштуруу негиздерин
аныктоочу, жарандардын укуктарын
белгилөөчү мамлекеттик башкы мыйзам.
Жогорку юридикалык күчкө ээ, өзгөчө
нормативдик укук актысы.
Өлкөнүн баш мыйзамы – бул
Конституция.
Кыргызстан эгемендик алгандан
туусу, герби, гимни жана улуттук
валютасы кабыл алынып,
булардын баардыгы тең
Конституция менен бекитилген.
Бүгүн, 5-май Кыргызстанда Конституция
күнү белгиленүүдө. Совет доору урагандан
кийин, 1993-жылы дал ушул күнү
легендарлуу парламент өлкөнүн
Баш мыйзамын кабыл алган.
Буга чейин, Конституция бир канча
өзгөртүүлөргө дуушар болсо да, бул дата
Кыргызстандын жаңы тарыхында зор
саясий мааниси бар күн катары кала
бермекчи.
5-МАЙ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ