СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5е план физика ..........................................................

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«5е план физика ..........................................................»

Предмети : физика 10-класс

Сабактын темасы: Деформация . Деформациянын түрлөрү.

Сабактын тиби: Билимди, билгичтикти калыптандыруу

Сабактын методу: Интерактивдүү методдун айрым стратегиялары

Сабактын жабдылышы: презентация , лобораториялык жабдуулар( чыбык, резина, пружиналар,пластилин, ар кандай зымдар, динамометр, жуктөр)

Сабактын максаты:

  • Окуучулар деформация тушүнугун жана анын түрлөрүн үйрөнүшөт.

  • Окуучулар деформациянын физикалык касиеттерин изилдеп, аны практикалык мисалдар менен түшүнүшөт.

  • Деформациянын ар кандай түрлөрүн өз алдынча айырмалай алышат.

Контекст : жеке, жергиликтүү, глобалдык.



Сабактын жүрүшү:



этап

убакыт

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Негизги

Комп-к

Предм.

Комп-к

Бабаалоо



Уюштуруу

2 мин

Саламдашат . Жагымдуу маанай тузөт.

Саламдашат , жагымдуу маанайда сабакка киришет

НК-3





Үй тапшырмасын

кайталоо

5 мин

Кыскача суроо-жооп аркылуу мурунку темага байланыштуу билимдерин бекемдейт

Суроолорго жооп беришет.

НК-2

ПК-1

Диагностикалык




Шыктандыруу

5 мин

Мугалим бирдей өлчөмдөгү пластилинди жана резина шарын столдун үстунө коюп, кол менен басат.

Окуучуларга төмөнкүдөй суроо берет:

  1. Кунумдук турмушта кандайдыр бир нерсени кыссаңар, ал эмне болот?

  2. Резина сыяктуу заттарды созгон кезде эмнени байкайсыңар?

  3. Мындай өзгөрүүлөрдү кандай физикалык термин менен тушундурсө болот?

Мугалим кыскача деформация темасы менен тааныштырып, анын маанисин тушундурөт.





НК-1



ПК-1








Калыптандыруучу

баалоо



Изилдөө

15 мин

Окуучуларга чыбык,резина, пружина ж.б. колдонууну сунуштайт.

Бул материалдарга күч жумшоо менен кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңар?

Окуучулар лабораториялык ишке киришет.

Бул материалдарга күч колдонуп,кандай деформациялар пайда болгонун байкашат.

Ар бир окуучу байкаган өзгөрүүлөрүн кагазга түшүруп, талкуулайт.

НК-2

ПК-2



калыптандыруучу



Түшүндүрүү

10 мин

Мугалим деформациянын негизги түрлөрун түшүндүрөт.

Деформация -бул тышкы күчтүн таасиринен нерсенин формасынын өзгөрүшү.

Тышкы күчтүн таасирин алып таштагандан кийин нерсе формасын сактап калса, серпилгичтүү деформация, формасын сактабаса, калдыктуу деформация деп аталат.

Серпилгичтүү деформациянын төмөнкүдөй түрлөрү бар:

1.созулуу жана кысылуу

2. ийилүү

3.жылышуу

4. буралуу.

Теориялык мисалдар:

Архитектурада жана курулушта деформациянын ролу.

Механикалык түзүлүштөрдөгу деформациялар.




НК-1



ПК-1




Калыптандыруучу

баалоо



Бышыктоо

рефлекция

5 мин

Деформациянын кандай түрлөрүн билдиңер?

Ар кандай деформациянын турмуштагы мисалдарын тапкыла.

фишбоун”(балыктын скелети) ыкмасын колдонуп суроолорго жооп беришет. Смайликтерди көтөрүү менен сабакка болгон эмоцияларын билдиришет.





НК-3


ПК-3


Баалоо

2 мин

Берилген стикерлердин саны менен баалоо





Суммативдик баалоо


Үй тапшырма

1 мин

Деформациянын ар кандай түрлөрун чагылдырган мисалдарды изилдеп, окуяларды жазып келүү.

Ата-эне менен бирге кубулушту түшүндүргөн интерпретация ( видео же сүрөт )жасап келгиле.

Үй тапшырмасын күндөлуккө жазат.