Просмотр содержимого документа
«7-класс алгебра»
7-класс Даярдаган: Төлөкова Айзада Баккубатовна Мектеби: Кочкор району Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин математика мугалими
Алтын эрежени сактайбыз
Өтүлгөн теманы кайталоо
Кана балдар биз өткөн темалар боюнча, төмөндө берилген формулалардын негизинде эрежелерин айтып көрөлүчү
- а³ + в³ = (а+в) (а²-ав+в²)
- а³ - в³ = (а-в) (а²+ав+в²)
- а²- в² = (а-в) (а+в)
- (а - в) (а + в) = а² - в²
Жаңы тема:
Бүтүн туюнтманы көп мүчөгө өзгөртүү
Кошуу, кемитүү жана көбөйтүү амалдарынын жардамы менен сандардан жана өзгөрмөлөрдөн түзүлгөн туюнтмаларды бүтүн туюнтма деп атайбыз
3,5х²у – 4ху ² + 10х – 0,5у ,
10у ³ + (3х +у)(х² - 10у²) Бүтүн туюнтмалар
2в(в² - 10с²) – (в³ + 2с²)
3а² - + 2,5ас
Кайсы учурда бүтүн эмес болот
Х + · 5(х – 1) болгон учурда бүтүн эмес болот, себеби мында өзгөрмөсү бар туюнтмага бөлүү колдонулуп жатат.
10у³ + (3х +у)(х² - 10у²) туюнтмасы 10у³ бир мүчөсү менен
3х + у жана х² - 10у² көп мүчөлөрүнүн көбөйтүндүлөрүнүн
суммасы болот.
Бул туюнтма мурунку туюнтмалардай эле кошуу, кемитүү,көбөйтүү амалдардын жардамы менен көп мүчөлөрдөн түзүлгөн. Ошондуктан бул бүтүн туюнтманы ошондой эле көп мүчө түрүндө көрсөтүүгө болот.
Каалаган бүтүн туюнтманы көп мүчө түрүндө көрсөтүүгө болот
Келгиле мисал келтирип көрөлү Бөлүштүрүү касиетин пайдаланып кашааларды ачып алабыз топтоштурабыз
(5х-2у)(х+у)-5х ² = 5х² +5ху – 2ху – 2у² - 5х² =
= 3ху -2у² келип чыгат.
Келгиле балдар өз алдынча чыгарып көрөлү
Бышыктоо:
Китебиңердин 218 бетиндеги 976- көнүгүүнү чыгарып көрөлү.
Балдар бүгүнкү өтүлгөн тема силерге жактыбы?
Үйгө тапшырма: 978
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!!!