СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-класс информатика

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«7-класс информатика»

Информатика сабагы 7-класс


Сабактын темасы: for кайталоо командасы


Сабактын максаттары:


Күтүлүүчү натыйжалар

1 Билим берүүчүлүк


Циклдык алгоритмдерди колдонууда while жана for операторлорунун айырмасын билишет

while жана for операторлорунун айырмалап, турмуштук мисалдардан программа түзө алышса

2 Өнүктүрүүчүлүк


Python тилинде for операторун камтыган программаларды иштешет

Циклдык операторлорду камтыган программаларды иштеп чыга алышса

3 Тарбиялык


Өз алдынча болууга,өзүн-өзү баалоого калыптанышат.

Өз алдынча тапшырмаларды иштей алышса. Өзүнө- өзү баа берүүгө көнүгүшсө.



Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын жабдылышы: компьютер,проектор ж.б

Сабактын жүрүшү:


Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

1

Уюштуруу:

Балдар, менин эң акылдуу, сулуу,билимдүү, зирек, сабакка активдүү катышкан окуучум бар. Ал ким деп ойлойсуңар? Силерге кызыктуубу? Анда ар бирибиз кутучаны карап, кайсы мыкты окуучу экенин көрөлү.

Ал окуучу ким экен?

(Кутучанын ичинде күзгү болот)

  • Окуучулар кутучаны бирден карап өздөрүн көрүшөт




  • Мен деп жооп беришет

2

Өтүлгөн сабакты кайталоо жана үй тапшырмасын текшерүү үчүн

Educaplay тиркемесинде түзүлгөн тест берүү. https://www.educaplay.com/learning-resources/20981452-learning_resource.html

Окуучулар тестти иштешет, жыйынтыгын дароо көрүшөт

3

Жаңы сабакка өбөлгө:

Төрт мезгилдин сүрөтүн экранга ирети менен 2 жолудан чыгаруу

Эмнени байкадыңар?

Жашообузда көп нерселер кайталанып тургандыгын турмуштук мисалдардан түшүндүрүү менен бүгүнкү темага байланыштыруу


  • Окуучулар өз пикирлерин айтышат.

  • Төрт мезгилдин кайталанып жылдар өтүп жатканын байкашат

  • Жаңы тема кандай болоорун болжолдошот

4

Жаңы сабак:

Python тилинде циклдерди жазуу үчүн эки түрдөгү командалар колдонулат:

while жана for. Бүгүнкү сабакта for цикли менен таанышабыз

for – үчүн

in - ичинде

range – аралык, диапазон

Python тилинде белгилүү бир аракетти кайталай берсе, бул цикл болуп эсептелет.

for цикли командаларды керектүү жолу кайталап, программаны кыскартууга мүмкүндүк берет.

While- кайталоо саны алдын ала белгисиз экендигин өткөн сабактан билебиз, ал эми for-кайталоо саны алдын ала белгилүү болуп эсептелет.

1-мисал: КЫРГЫЗСТАН сөзүн 7 жолу экранга чыгар десе









Программа ушундай түзүлөт. i (циклдин өзгөрмөсү) ни кошуп кетсек, i нөл санынан баштап алат. 7 деп берилген 0дөн 6 га чейин чыгарат.Анда төмөндөгүдөй жыйынтыкка келебиз




















Ал эми саноо 0дөн эмес 1ден башталсын десек, анда жогорудагыдай өзгөртсөк болот.

2-мисал: 1 ден 10 го чейинки так сандарды чыгаруучу программа түзгүлө














Мында биринчи сапка «эки кадам менен» деген маанини билдирген 2 санын жазабыз.

Циклдик өзгөрмөнүн өзгөрүү кадамы берилбесе 1ге барабар болот. Эгерде, аны өзгөртүү керек болсо range сөзүнөн кийин кашаанын ичинде үчүнчү кошумча санды киргизүү керек -бул керектүү кадам. Кадам берилбесе ал 1ге барабар болот.

Жыйынтыкты горизонталь типте чыгарууну кааласак end операторун колдонуп,төмөнкү жыйынтыкты алабыз.








Окуучулар өз алдынча төмөнкү тапшырманы иштешет.

3-мисал: 1ден 10го чейинки жуп сандарды чыгаруучу программаны түзгүлө

Окуучулар өз алдынча иштешет

Эми, окуу китептен 1- маселени карап көрөлү А жана В бүтүн сандарын алган жана А дан В га чейинки диапазондогу бардык натуралдык сандардын квадраттарын чыгара турган программаны түзгүлө.











А жана В өзгөрмөлөрүнө 2 жана 9 деген сан киргизсек жыйынтык жогорудагыдай чыгат.


5

Бышыктоо:

1-мисал: 1ден 100гө чейинки болгон натуралдык сандардын суммасын табуучу программаны түзгүлө










Бул программада экинчи жана үчүнчү сап төмөнкүчө окулат: цикл 1ден 101ге чейин кайталанат жана 101 болгондо кайталануу токтойт. Циклдин биринчи жүрүшүнө (проход) алынган сумма sum өзгөрмөсүнө жазылып, кийинки жүрүшүндө ал суммага кийинки каралып жаткан i саны кошулуп, кайрадан sum өзгөрмөсүнө жазылат.

6

Жыйынтыктоо жана баалоо:

Googl Forms дан сурамжылоо жүргүзүү

https://forms.gle/esgw6Lx8ugUDVRph8

Шилтеме аркылуу сурамжылоого жооп берип, Өзүн өзү баалашат


7

Ү йгө тапшырма:

1-деңгээл

“Салам дүйнө” деген сөздү 3 жолу экранга чыгар

2-деңгээл

1ден 10го чейинки сандардын суммасын чыгаруучу

программаны түзгүлө

3- деңгээл Тапшырманын жообу

47-бет №2, № 3