СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8 класс календардык план

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«8 класс календардык план»

Бекитем:___________ классы:8 2 - чейрек

ОББ: Куштарбек кызы Гүлзат мөөнөтү: 26.12.21 предмет: тарых

Сабактын темасы: Россия империясы

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Колдонулган методдор:Интерактивдүү

Сабактын жабдылышы:Слайд, жумушчу дептер, китеп, карта, суроттор ж.б

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар Россия империясынын башкаруу системасындагы реформалар, алардын максаты, мааниси жана мүнөзү тууралуу түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Текст менен бирге иштөө, анын жыйынтыктарын таблицага жазуу аркылуу, аргументтүү түрдө айтып берүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тарбиялык: Ар бир реформанын маанисин, максатын талдап иликтеп, аларды баалай билүүгө, талкуу учурунда бири-бирин угуп чечим кабыл алууга тарбиялоо.


Сабактын жүрүшү:

Этап

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетент-

түүлүк


Негизги

(НК)

Предмет. (ПК)

Баалоо

Уюшту-руу

  • .Саламдашуу

  • Класска жагымдуу маанай түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

  • Окуу куралдарын толуктоо

  • Саламдашат. Сабакка даяр экендигин көрсөтүшөт

  • Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

  • Сабакка даярданып, дептер, китептерин алып чыгышат

НК


ПК

диогностикалык

Шыктан-дыруу

Окуучуларга жакшы дем берүүчү , жагымдуу сөздөрдөн айтылат. Маанайларынын ар түрдүүлүгүн байкоо менен шыктандыруучу мисалдарды келтирүү

Мугалим өтүлгөн теманы кайталоо жана үй тапшырмасын суроо максатында суроолорду берет.


Окуучулар мугалим тарабынан айтылган шыктандыруучу сөздөрдөн кийин, сабакка болгон көӊүл буруусу жакшырат.

НК

ПК

Үй

тапшыр.

Суроо

Окуучулар аткарып келген үй тапшырмаларын көрсөтүшөт.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен ѳздѳрү билгендерин ортого салышат

НК1


ПК

Жаӊы теманы түшүндүрүү

  • Жаңы теманы түшүндүрүү:

1 – кадам: Мугалим окуучуларга мурдатан даярдаган текстти таратып берет (төмөндө берилди).

2 – кадам: Окуучулар текстти окуп чыгышат

3 – кадам: Дептерине (же карточкага) ал текстти пайдаланып суроо түзүшөт да жоопторун кошо жазышат. Эгерде суроону карточкага түзүшсө анда арткы бетине анын жообун жазышат.

4 – кадам: Берилген убакыт бүткөндө, окуучу жазган суроосун окуп берет. Мугалим башка окуучулардан суроого жооп берүүсүн өтүнөт.

5 – кадам: Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет.

6 – кадам: Эгерде туура жооп болбосо окуучу өз жообун окуп (айтып) берет.

Суроолор:

  1. XIX к. аягы XX к. башындагы маданиятка мүнөздөмө бер?

  2. Россиянын тышкы саясатындагы негизги багыттар кандай болгон?



Ойлорун эркин айтышат.

Окуучулар карточкаларга жубу, тобу менен талкуулап, мугалимдин жардамында жооп беришет..

Талкууларды уюштурушат


НК1

НК2

НК3



ПК1

ПК2

ПК3

калптандыруучу

Бышыктоо


Жаӊы тема боюнча

билимдерин бышыктоо учун карточкадагы тапшырмаларды аткарышат

Окуучулар берилген суроолорго мугалимдин жардамында жооп беришет.

Талкууларды уюштурушат


НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

жыйынтыктоочуу

Жыйын-тыктоо

- Сабакта кайсы маалымат жаны болду?

- Бүгүнкү сабак жактыбы?

- Сабакка активдүү катышкан окуучулар тууралуу окуучулардын ойлорун угуу

Сабакка активдүү катышкан окуучуларды баалоо

Өтугөн тема боюнча кундолуктогу тапшырмаларды аткаруу.

§ 14 ты окуп келүү

Мен бүгүнкү сабакта: (ойлорун айтышат)

НК

ПК1



жакты.


кызыктуу болду.


дагы билгим келе өздөштүрүүгө оор болду ж.б.


Баалоо

Ойлорун айтышат


Үй

тапш.


НК

ПК




1-тиркеме:

1861-жылдын 19-февралында Александр II крепостнойлук түзүлүштү жоюу тууралуу долбоорго жана манифестке кол койгон. Бул мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүнү жана реформа жүргүзүүнү талап кылган. Алардын эң маанилүүсү 1864-жылдагы сот реформасы болуп саналат. Ал боюнча Россиянын бардык букаралары мыйзам алдында тең укуктуу деп таанылган. Сот процессинде маалымдуулук жарыяланган, ошондой эле присяжный заседателдердин институту түзүлгөн.

Шайлануучу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын – земстволордун киргизилиши дагы чоң мааниге ээ болгон. Алар саламаттыкты сактоо, элге билим берүү, кайрымдуулук ж.б. маселелерди чечишкен.

1870-жылы шаардык өзүн-өзү башкарууну кайра түзүү жүргүзүлгөн. Ал кароосуз калган жергиликтүү чарбаны казынадан аз чыгым жумшоо менен абалды жакшыртууга мүмкүндүк берген.

Империяда аскердик кайра түзүүлөр дагы чоң роль ойноду. Рекруттук топтоо алынып салынып, жалпыга милдеттүү аскердик милдет киргизилип, аскердик округдар уюшулган. Аскердик даярдык жакшыртылып, армияны жаңы куралдар менен куралдандыруу тездеди.

60-80-жылдары реформалар буржуазиялык мүнөзгө ээ болгон. Алар Россиянын феодалдык монархиядан буржуазиялык монархияга айлануу жолу менен өнүгүшүн билдирген. Бирок реформалар самодержавиелик өкмөт тарабынан жүргүзүлгөндүктөн, алар жарым-жартылай карама-каршылыктуу болгон. Өлкөдө феодалдыктын калдыгы сакталып калган.

Ошондой болсо да, бул реформалар өлкөнүн нормалдуу өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Бирок тактыга Александр III келгенден кийин өлкөдө ачыктан-ачык реакция башталган, басма сөз биринчилерден болуп анын курмандыгы болгон. Бийликтегилер сот иштерине кийлигише баштаган.


2-тиркеме

Сот реформасы

Өзүн-өзү башкаруу, земство

Аскердик кайра түзүү

Реформанын мүнөзү