Бекитем:___________ классы:8 2 - чейрек
ОББ: Куштарбек кызы Гүлзат мөөнөтү:02.12.21 предмет: тарых
Сабактын темасы: Осмон империясы XVII к. аягы XX к. башында
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Колдонулган методдор:Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы:Слайд, жумушчу дептер, китеп, карта, суроттор ж.б
Сабактын максаты:
| Билим берүүчүлүк: Осмон империясынын саясий-экономикалык абалы, реформалар, алардын бири-биринен өзгөчөлүктөрү жана улуттук-боштондук кыймылдары жөнүндө түшүнүк алышат. Тарбиялык: Англиядагы саясий реформаларды окуп, үйрөнүү аркылуу окуучулардын жарандык активдүүлүгү артат, элдик чыгуулардын маанисин, максатын түшүнө билүүгө тарбияланышат. Өнүктүрүүчүлүк: Группада жоопкерчилик менен даярданып, башкаларга жеткиликтүү айта билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу окуучулар өз билимдерин арттырышат |
Сабактын жүрүшү:
| Этап | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетент- түүлүк | |
| Негизги (НК) | Предмет. (ПК) | Баалоо |
| Уюшту-руу | | Саламдашат. Сабакка даяр экендигин көрсөтүшөт Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт Сабакка даярданып, дептер, китептерин алып чыгышат | НК | ПК | диогностикалык |
| Шыктан-дыруу | Окуучуларга жакшы дем берүүчү , жагымдуу сөздөрдөн айтылат. Маанайларынын ар түрдүүлүгүн байкоо менен шыктандыруучу мисалдарды келтирүү Мугалим өтүлгөн теманы кайталоо жана үй тапшырмасын суроо максатында суроолорду берет. | Окуучулар мугалим тарабынан айтылган шыктандыруучу сөздөрдөн кийин, сабакка болгон көӊүл буруусу жакшырат. | НК | ПК |
| Үй тапшыр. Суроо | Окуучулар аткарып келген үй тапшырмаларын көрсөтүшөт. Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен ѳздѳрү билгендерин ортого салышат | НК1 | ПК |
| Жаӊы теманы түшүндүрүү | Осмон империясында 17 кылымдын аягы,19 кылымдын башында экономикалык жана саясий кризис күч алып, буга Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөгү эң чоң окуя- Франциядагы 1789-жылкы буржуазиялык революция жана Англиянын өнөр жай төңкөрүшү, бул өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык прогресс түрткү болуп Осмон империясы алардан бир кыйла артта калды. 1-кадам: Окуучулар экиден болуп группаларга бөлүнүшөт. 2-кадам: окуучулардан “колония” деген сөздү кандай түшүнөөрүн суроо аркылуу акыл чабуулун өткөрөт. 3-кадам: Окуучулар өз ойлорун айтышат, алар доскага же тетрадга кыскача жазылып, окшоштору болсо бирөө чийилет. Картадан Англиянын колониялары көрсөтүлөт 4-кадам: Ар бир группага экөөнө бирден текст таратылат (1-гр. 1-текст, 2-гр. 2-текст ж.б.) 5-кадам: Окуучулар берилген тексттерди окушат жана группада талкуулап, башка группаларга айтып берүүгө даярданышат 6-кадам: Даярдыктан кийин 1-группа калган группаларга, даярданган тексттерин айтып беришет 7-кадам: Акырында бардык группа кезектешип айтып берүү менен бүтүндөй теманы өздөштүрүп чыгышат | Ойлорун эркин айтышат. Айыл чарбасы кризисте калып, жер ээлөөчү тимариоттук система калып калган. 18 кылымда Осмон империясы өндүргөн товарларга Европа өлкөлөрү тарабынан талап өскөнү Кичи Азия жана Балкандагы кулдардын эзүүсүнө алып келип, феодалдар дыйкандардын продуктысын ачык тартып алып, шаардык кол өнөрчүлөр жана соодагерлер да эзүүгө учурап, өлкө финансылык кризистин даамын тата баштаган. Саясий кризистин өсүшүнө ири феодалдардын сепараттык маанайларынын күчөшү алып келип, өлкөнүн бүт бардык аймактарында сепараттык кыймылдар чыккан. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | калптандыруучу |
| Бышыктоо | Жаӊы тема боюнча билимдерин бышыктоо учун карточкадагы тапшырмаларды аткарышат Окуучулар берилген суроолорго мугалимдин жардамында жооп беришет. Талкууларды уюштурушат | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 | жыйынтыктоочу |
| Жыйын-тыктоо | - Сабакта кайсы маалымат жаны болду? - Бүгүнкү сабак жактыбы? - Сабакка активдүү катышкан окуучулар тууралуу окуучулардын ойлорун угуу Сабакка активдүү катышкан окуучуларды баалоо Өтугөн тема боюнча кундолуктогу тапшырмаларды аткаруу. § 14 ты окуп келүү | Мен бүгүнкү сабакта: (ойлорун айтышат) | НК | ПК1 | | |
| жакты. | |
| кызыктуу болду. | |
| дагы билгим келе өздөштүрүүгө оор болду ж.б. | |
| Баалоо | Ойлорун айтышат | |
| Үй тапш. | | НК | ПК | | |
Суроолор:
1. Селим III жана Махмуд II жүргүзгөн реформалардын өзгөчөлүктөрүн айтып бергиле.
2. Абдул Меджиттин реформасы жана анын тарыхый мааниси.
3. Эмне үчүн Осмон империясындагы реформа ишке ашкан эмес?
| № 4-тиркеме: Селим III | Махмуд II | Абдул Меджит |
| | | |
№ 1тиркеме:
Селим III реформасы
Осмон империясынын эл аралык абалынын начарлашы, ички кыйынчылыктар, феодалдык сепаратизм, улуттук-боштондук кыймылдын өсүшү анын башкаруу чөйрөлөрүнө коркунуч туудурган. Мындай учурда империяга күчтүү армия керек болгон. Андай армиянын жоктугу абалды ого бетер курчуткан. Осмон империясында армиянын эски түзүлүшү сакталган. Армиянын негизин феодалдык атчандар жана янычарлар түзгөн. Бирок, ленник-тимариоттор аскер кызматынан алыстап, янычарлар көп убактыларын кол өнөрчүлүктө жана соодага жумшаган же каракчылык менен алектенишип, мурдагы аскердик жөндөмдүүлүктөрүн жоготушкан. Армияда тартип төмөндөп, массалык качуулар көбөйгөн. Ошондуктан, башкаруучу чөйрөдөгүлөр армияны европалык үлгүдө кайра курууну чечишкен.
1792-1793-жылдары султан Селим III реформа жүргүзгөн. Ал реформа “низам-ы-дежедид” же “жаңы түзүлүш” деп аталган. Султан өз указы менен аскердик милдеттерди аткарбаган тимариоттордун жана зеаметтердин жерлерин тартып алуу, европалык үлгүдөгү аскердик корпус түзүү, реформа үчүн атайын акча бөлүү жарыялаган. Бул аскердик реформага француз офицерлери жетекчилик кылган. Аскердик-инженердик окуу жайы түзүлгөн жана флотту жаңыртуу башталган. Көптөгөн тимариоттор жана зеаметтер реформага каршы чыгышкан.
№ 2 тиркеме:
Махмуд II реформасы
Түрк бийликтегилери өз ээликтеринен ажырап бара жаткандыгын түшүнүшкөн. Ошондуктан, мамлекеттик терең иш чараларды жүргүзүү керек болгон. Султан Махмуд II 1808-1839-жылдары өлкөнү башкарып, 1820-жылдын ортосунда бир катар реформаларды баштаган. Армияда реформа жүргүзүп, туруктуу бөлүктөрдү түзгөн. Аларды окутуу үчүн Европадан инструкторлор чакырылган. Бирок, мындай реформа империянын ички кризисин курчуткан. Себеби, жаңы түзүлгөн туруктуу бөлүктөр янычарларга караганда көбүрөөк айлык алышкан. Нааразы болгон янычарлар 1826-жылы июлда козголоң чыгарышып, бирок султандын армиясы тарабынан талкаланган. Кийин янычардык армия толук жоюлган. Махмуд II жер ээлөөчүлөрдүн эскирген ленндик системасын кайра түзүүгө аракет кылган. Тимариоттордун жерлери алынып, мамлекеттин жер фондусун толуктаган.
№ 3 тиркеме:
Абдул Меджиттин реформасы
Султан Абдул Меджит 1839-жылы ноябрда танзимат-реформа саясатын жарыялаган. Танзиматта армияны жаңылоо, акча реформасы, салыкты иретке келтирүү, соодада өзгөртүүлөрдү киргизүү, сот жана административдик жаңылануулар жөнүндө айтылган. Бул реформалар соода буржуазиясынын кызыкчылыгын жактагандыктан, феодалдардын каршылыгын пайда кылган.
1850-жылдын ортосунан баштап танзимат саясаты активдүү жүргүзүлө баштаган. 1858-жылы агрардык мыйзам кабыл алынып, дыйкандардын абалы бир аз жеңилдеген, анда жерди арендалоо укугу киргизилген. Өлкөдө финансылык абал төмөндөп, чыгым кирешелерден ашкан.Өкмөт чыгымдарды жабуу үчүн тыштан карыз алууну көбөйткөн. Турциянын финансылык абалынын начарлашынан пайдаланып, чет элдик капиталисттер артыкчылктарга ээ болгон жеке банктарды ачышкан.
Жаңы буржуазия жана помещиктер, ошондой эле чет элдик капиталисттер Турцияда администрациялык бийликтен жумшарышын каалашкан. Алар үчүн коммерциялык жана ар кандай ишкердиктерди ишке ашырууга шарт түзүп берүүсүнө муктаж болушкан. Султандын өкмөт 1858-жылы жаңы шарттарга ыңгайлуу кылмыш кодексин, 1861-жылы коммерциялык процессуалдык кодексти, 1969-жылы жарандык кодексти кабыл алган. 1864, 1867, 1871-жылдары француздук үлгүдөгү жаңы администрациялык реформаларды жүргүзгүн. 1863-жылы элге билим берүү боюнча мыйзам чыккан. Жаңы кабыл алынган кодекс жана мыйзамдар бир топ эле оң мааниге ээ болгон. Бирок, үстөмдүк кылуучу режимди өзгөртпөгөн реформалар ойдогудай натыйжаларды берген жок.
№ 4 тиркеме:
Маданияты
XIX- кылымда Турция теократиялык мамлекет болгону менен маданиятта бир топ эле жаңылануулар башталган. Бирок, алар мусулман динчилеринин көптөгөн тоскоолдуктарына учураган.
Биринчи маданий реформа агартуу тармагында жүр-гүзүлгөн. Селим III баштап, Махмуд II уланткан аскер реформасы өз учурунда билимдүү офицерлерди, врач, инженер жана башка адистерди талап кылган. Бул талаптарды канааттандыруу үчүн аскер окуу жайлары түзүлгөн. 1826-жылы аскердик медициналык мектеп ачылган. XIX кылымдын 40-жылы мектеп реформасы жүргүзүлгөн. 1857-жылы агартуу министрлиги түзүлүп, динден ажыратылган алгачкы орто менен жогорку мектептер системасы түзүлгөн. Маданияттын өнүгүшүндө басма сөз иши өзгөчө орунду ээлеген. 1825-жылы Измирде биринчи газета француз тилинде чыккан. Түрк тили Ибрахим Шинаси тарабынан 1832-жылы реформалангандан кийин түрк тилинде чыга баштаган. 1861-жылы “Осмондук илимий коом” түзүлгөн. Ал батыш илимин жана маданиятын жайылтууга арналган. 1859-жылы биринчи драм-театр ачылган.
Абдул Хамид IIнин Турциядагы революциячыл саясаты, өлкөнүн түптөлүп калган маданий өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизген. 1870-жылы ачылган Стамбул университети 1871-жылы эле кайра жабылган. Мектеп реформасы үзгүлтүккө учураган. Түрк адабиятындагы прогрессивдүү жазуучулар куугунтукталган. Маданияттын кайра жаралуу доору Турцияда жаш түрктөрдүн революциясынан кийин гана күч алган.