СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс информатика

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс информатика»

1.Сабактын темасы:Программа түзүү

2.Сабактын максаттары:



Билим берүүчүлүк

Окуучуларга Phyton тилинде программа түзүүнүн жолдорун түшүндүрүү

Күтүлүүчү натыйжалар

Phyton тилинде программа түзүүнүн жолдорун түшүнүшөт

Өнүктүрүүчүлүк

Phyton тилинде массивдерге программа түзүүгө көнүгүшөт.

Phyton тилинде массивдер менен иштөөгө ,программа түзүүгө калыптанышат .

Тарбия берүүчүлүк

Компьютердик сабаттууулукка,өз оюн толук айтууга,бирин-бири сыйлоого тарбияланышат.

Компьютердик сабаттуулукка,бирин-бири сыйлоого, өз оюн кеңири айтууга тарбияланышат.



3.Сабактын тиби:Интерактивдүү

4.Сабактын жабдылышы:Компьютер,слайддар,проектор,доска,көргөзмө куралдар,карточкалар

5.Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу (Саламдашуу,сабактын максаттарын түшүндүрүү)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон. Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы. Өзүбүз оңолуш үчүн сөзүбүз оңолуш керек деген жакшы сөз бар эмеспи.Улут болсом тилим менен улутмун демекчи адабий тилде сүйлөсөк.Биз эл ичинде кылымдан кылымга аңыз болуп,ооздон-оозго айтылып келе жаткан накыл кептерибизди,наркыбызды,салтыбызды чечмелеп аны күнүмдүк турмушубузда пайдалана билсек бул биздин улуттун келечеги үчүн эң зор иш болот.Анда эмесе слайдка көңүл бурсаңар.Кыргыздардагы кыздардын баш кийим кийүүсүнүн эрежелери жана маанилүүлүгү жөнүндө слайддар чыгарылат.

Кымбаттуу окуучуларым бүгүнкү күндө наркттуулукту сактоо,өнүктүрүү менен санариптештирүү заманында өнүкпөй калбайлы.Анда эмесе сабакты мен технология тилинде каалоо айтам силер улантсаңар.Интернеттей маалыматка бай болгула.Окуучулар бири-бирине технология же компьютер тили менен каалоо тилектер айтылат.

Каалоо тилектер

1.Интернеттей кеңири бол

2.Гуглдай кыйын бол

3.Компьютердей ыкчам бол

4.Клавиатурадай берекелүү бол

5.Системалык блоктой керектүү инсан бол

6.Мышкадай жолдуу бол

7.Монитордой ачык бол

8.Принтердей берешен бол

9.Проектордой тунук бол

10.Колонкадай кооз үндүү бол

11.Камерадай көздүү бол

Ар бир окуучу каалоо айтуу менен доскага тамганы жармаштырышат,акырында доскада САБАК ТАЙМАШ деген сүйлөм пайда болот.Мына балдар биздин сабагыбыз башка сабактардан айырмаланып ачык жана таймаш сабагы экенин билип алдык,анда эмесе ушул отурган эки топ болуп эле таймаша берсек.

Балдар кыргыз эли өзүнүн эң кооз,көрүнүктүү, орнотконго да жеңил болгон белгилүү орду бар тарыхта боз үйү менен силерди бааласам.Доскада илинген жайлоону көрүп турасаңар балдар,бүгүнкү сабакта кайсы топ өз жайлоосун тезирээк кооз кылып алат экенин байкайбыз албетте жайлоо боз үйлөр менен кооз болот эмеспи сабакта активдүү катышып боз үй алып өз жайлооңорго илсеңер.Баарыңар сабакта активдүү катышып командабыз үчүн аракет кылалы.Ийгилик баарыңарга.

Үй тапшырма: Программа түзүү (Массивдин элементтерин жылдырууга программа түзүү).Мугалим ар бир окуучунун түзгөн программасын текшерип чыгат.

Келгиле балдар биз мурунку сабактарда Массивдерди иштетүү алгоритмдери деген главаны өткөнбүз ошол өтүлгөн темалар боюнча кайталап алсак.

Карточкадагы суроолор:

1.Массивдер кантип түзүлөт?

2.Массивдин элементи кайсыл жерде жайгашат?

3.Массивдин элементинин индекси деген эмне?

4.Тизмедеги элементтердин санын эсептөөчү оператор?

5.Тизменин элементтерин тескери иретте жайгаштыруучу оператор?

6.Тизмедеги биринчи элементти акыркы элементтен кийин жайгаштыруучу оператор кайсы?

Окуучулар карточкадагы суроолорго оозеки жооп беришет.

6.Жаңы тема: Программа түзүү

Анда эмесе эки топтон тең бирден окуучу чыгып доскага массивдерге программа түзүшөт.

Мугалим доскага массивдерге мисалдарды жазат,окуучулар программасын түзөт.

Мисалы:

1.Төмөнкү массивдин элементтеринин индекстерин табуунун программасын түзгүлө.

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

print (a.index (-4))

Жообу: а[4] =-4

2.Тизмедеги элементтердин санын эсептегиле.

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

n=len (a)

print (n)

Жообу: 8

3.5-индексттин элементин табуунун программасын түзгүлө.

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

print (a[5])

Жообу:a[5] = 5

4.Тизмедеги элементтерди тескери иретте жайгаштыруунун программасын түзгүлө.

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

a.reverse ()

print (a)

Жообу:[9,6,5,-4,-2,11,8,7]

5.Тизмедеги биринчи элементти акыркы элементтен кийин жайгаштыруунун программасын түзгүлө.

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

a.append (a.pop (0))

print (a)

Жообу: [8,11,-2,-4,5,6,9]

6.Тизмедеги биринчи элементти жок кылып,акыркы элементти экөө кылган программаны түзгүлө

а = [7,8,11,-2,-4,5,6,9]

n = len (a)

for i in range (n-1):

a[i] = a [n+1]

print (a)

Жообу: [8,11,-2,-4,5,6,9,9]

7.Бышыктоо:Проектордон слайддар көрсөтүлөт даяр түзүлгөн программалардын аталыштарын табышат.

8.Үйгө тапшырма: Программа түзүү

9.Баалоо:Топторду баалоо,жекече баалоо.











































Ош облусу Ноокат району

Уркуя Салиева атындагы орто мектеби



















Ачык сабактын иштелмеси

Темасы:Программа түзүү

9-класс

















Мугалими:Таирова Гулиза







2022-2023-окуу жылы