Жаны тема | | Өнөрдүн баркы. Чоң энем дайыма кишинин пайдалуу иш жасашы керк экенин айтчу. Ар дайым тамакка олтурганыбызда мага: Ар бир киши жыгачтан болобу, темирден болобу же башка нерседен болобу, өз колу менен адамзатка пайдалуу бир иш жасашы керек дээр эле. Дүйнөдө жаш жигиттин ак мээнети менен бир чеберчилик үйрөнүп, пайдалуу бир эмгек калтырганынан артык нерсе жок. Ушундай өнөрүң барбы айтчы? Жөнөкөй бир үстөл жеотургуч , же бир табак, эң эл болбогондо кофе чөйчөгүн жасай аласыңбы? Колуңдан келген бир өнөрүң барбы, балам? -деп жемелүү көз карашы менен тиктеп калар эле. Билем, баары сени жазуучу деп эсептейт. Бир нерселерди эле чийгилеп жатасың, түшүнүп турам, балким бир жазуучусуң, бирок колуңдан келгени, үйдө тамекинин түтүнүнө толтургандан башка эч нерсе эмес. Менин оюмча ишке жарай турган , көзгө басар, колдонула турган нерсе жасашың керек. Бул өтө маанилүү, балам. Сага бир жомок айтып берейинби. Илгери Иран ханынын бир баласы бар экен. Сүйүү деген ушундай болот турбайбы, ал бала бир кедей чабандын кызына ашык болуп калыптыр. Атасына келип: Ата мен бир чабандын кызын жакшы көрүп калдым. Ошол кыз менен баш кошоюн дедим эле, дейт. Атасы каарданып: Ошондой да болобу, балам? Сен хандын балсысың. Мен өлсм тактыма сен олтурасын. Чабандын кызы сарайга кантип жарашсын? Хандын баласы атасына болбой , жалбарып: Айланайын атаке, мен ал кызды өтө жакшы көрөм. Эгер ал кызга үйлөнбөсөм, өөм деп кулагын жейт. Атасы баласын кыя албай : Мейли балам, жуучу жиберип кызды суратайын дейт.Ошонтип, вазирин кызга жуучу кылып жиберет. Вазири кызга барып, хандын уулу аны сүйгөнүн жана ага үйлөнгүсү келгенин айтат. Анда чабандын кызы: -Макул, хандын уулу эмне иш кылат?-десе, вазир чочуп кетет: Хандын уулубу? Бул кандай суроо? Хандын уулун да эмне иш кылат деп сурачу беле? Хандын уулу кайдан иштесин!-дейт. Жок , дептир кыз. Хандын баласы болсо да, бир чеберчиликти үйрөнүш крек. Мен колунан эч нерсе келбеген бирөөгө, хандын баласы болсо да, турмушка чыга албайм. Вазир башын жерге салып, ханга айтат. Ага кыздын айкандарын айтып берет. Анда хан баласын чакырып: -Эгер сен ал кызды ошондой эле катуу сүйсөң, бир чеберчилик үйрөн же ал сүйүүдөн баш тарт, дейт Анда уулу: “Мейли, мен анда чий токуганды үйрөнөйүн” дейт экен. Айлар бою чарчабай, тажабай аракет, көңүл коюп , чий токуганды үйрөнө баштайт. Барган сайын чеберчилиги артат. Кооз оймолорду жаратып, түрдүү-түрдүү түстөргө боеп, кооз чийлерди токуйт. Чеберчилиги өскөндөн кийин вазирди кайра жуучу кылып, колуна чий берип кызга жиберишет Вазир кызга “мына” деп хандын уулунун токуган чийлерин көргөзөт. Чабандые кызы, өрүлгөн чийлерди көрүп, абдан кубанып, сунушуна макл болот. Ошонтип кыз келин болуп сарайга барат. Күндөрдүн биринде хандын баласы көчөдө сейилдеп басып жүрсө,бир кербен сарай учурайт. Кербендин ичи таза, эшик болсо ыссык болот, күндүн ысыгына чыдабай, ошол сарайга кирип, бир бурчка олтурат. Бирок ал сарай ууру, каракчылардын сарайы экен. Ал сарайга киргендерди каршылык кылууга мүмкүнчүлүк бербей, шап кармап, зынданга ыргытышчу экен. Көзүн кан баскан каракчылардын дагы мындай бир салты бар болчу. Колго түшкөндөрдүн семиздерин өлтүрүп, арыктарныа жедиришчү, Хандын баласы арык болгондуктан тирүү калыптыр. Күндөрдүн биринде хандын баласы каракчыларга: “Мен сонун-сонун чийлерди токуйм. Бул чийлер абдан кымбат турат. Мага бир аз камыш, анан үстөлүмө чырак берсеңиздер, силерге эң кооз чийлерди токуп берейин”, -дейт. Каракчылар баланы угуп, айтканын кылышат. Арадан үч күн өтпөй бала түрдүү-түрдүү, кооз чийлерди токуп берет да,: “ Бул бойролорду алып, Иран ханынын сарайына барсаңар, чийлерди көрүп,силерге бир ууч алтын берет” дейт. Каракчылар чийлердижондоруна көтөргөн бойдон, хандын сарайына жетип барышат. Хан бир көрүштө чийдин оймолоруна кооздугуна айран таң калат. Бойролорду келинине жиберет. “Бул чийлерди сатып алышыбыз үчүн алып келишиптир, Эгер ал жакса, ал” деп кабар берет. Чабандын кызы ар оймону өз-өзүнчө изилдеп, оймолордун токулушунан ага жашыруун кабар жибергенин түшүнот. Хандын баласы кайсыл жакка качырылганын чийдин оймолору менен көргөзүптүр. Аялы катты окуур замат жүгүрүп келип, ханга айтат. Хан каракчылардын сарайына сакчыларын жиберип, сарайды басып алып, каракчларды кармашат .Хандын уулу сарайга , чабандын кызына кайтып келет, да: “Кымбаттуум жарым, сен мени өлумдөн сактап калдың, сага карызмын” –дейт. Хан дагы чабандын кызынын акылдуулугуна абдан ыраазы болуп, аны жакшы көрүп, кучактайт. Ошонтип жомогун айтып бүтүргөн чоң энем: Түшундүңбү эми, жашоодо өнөрдүн маанисин?” дегенде, мен“Ооба, түшүндүм. Бир аз акча таап, араа, жыгач сатып алайын. Анан каалаганыңыздай бир үстөл же китеп текчесин жасап берем” дедим. | | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | |