СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак 7 класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак 7 класс»

Классы: 7кл мөөнөтү Предмети физика Мазмундук түзүм :

Сабактын темасы:Бир калыптагы эмес кыймыл.Кыймылдын ылдамдыгы.

Сабактын максаты:

Когнитивдик(таанип билүүчүлүк)милдеттер:

а)Окуучулар бир калыпта эмес кыймыл жөнүндө түшүнүк алат жана алган билимидерин колдонуп бир калыпта эмес кыймылдар боюнча тажрыйбаларды өз алдынча жүргүзө алат.

б)Орточо ылдамдыктын чоңдугу жана бирдиги үчүн эмне алынарын үйрөнүшөт.

в)Үйрөнгөн формуланы пайдаланып ар кандай маселелерди чечүү үчүн тексттеги маалыматты пайдаланышат.

7.3.1.1.-7.3.2.1

Социалдык-коммуникациялык:

Группада иштөөдө башкалардын пикирин угууга,өз оюн далилдүү айтууга калыптанышат.

Ишмердүүлүк милдеттер:

Окуучулар атайын тажрыйбаларды өткөрүүгө эксперментти пландаштырууга үйрөнүшөт;өлчөө куралдардын жана жабдыктардын түшүлүштөрүн жана иштөө принциптерин билишет жана жашоодо колдоно алуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Баалуулук милдеттери:

Адамдын жашоосуна жана жаратылышка адамдын ишмердүүлүгүнүн терс таасири менен таанышышат,жаны көйгөйлөрдү аныкташат.









Сабактын тиби:Жаны материалды өздөштүрүү.

Сабактын формасы:

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар:оозеки ,көрсөтмөлүү,практикалык.

Предмет аралык байланыш :Математика,табият таануу,география.

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары:фронталдык,жекече,жуптарда иштөө.

Жабдылышы :ПК,проектор,экран.

Колдонулуучу ресурстар:слайд-филым окуу китеби Э.М.Мамбетакунов.В.И.Лукашик.Физика боюнча суроолор жана маселер жыйнагы 7-8 .Эмилбек уулу Айбек .Физика боюнча маселелер:7-9-класс.Б.Б.Мурзаибраимов.У.Э.Мамбетакунов,А.Ы.

Сөлпүбашова Физика боюнча көнүгүүлөр жана маселелер жыйнагы 7-класс, карточкалар.

Негизги компетенттүүлүктөр:

1)Маалыматтык-Физикалык нерселердин түзүлүшүн,физикалык кубулуштарды окуп үйрөнүүнүн негизинде билимдерди

өздөштүрүү максатында ой-жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

2) Социалдык-коммуникациялык-бергилүү бир маселер жөнүндө билимдерге ээ болуу, жана колдонуу боюнча өзүнүн оюн ,

көз карашын башка окуучулардын ойлору,кызыгууларына мүмкүндүк берет.

3)Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү-физикалык формулаларды жаза алууга ,анын курамын аныктай алууга жана турмушта колдонулушун өз алдынча таанып билүүгө даярдык.

Предметтик компотенттүүлүктөр:1)Физикалык билимдердин системасын өздөштүрүү жана илимий суроолорду коюу-

Таанып билип жана илимий изилдей турган кырдаалдарды аныктай,илимий маалыматты издөө үчүн өзөктүү түшүнүктөрдү

аныктай.

2)Физикалык кубулуштарды ,закон ченемдүүлүктөрдү илимий негизинде түшүндүрүү-физикалык кубулуштардын

илимий негиздөөсүн же түшүндүрмөсүн сунуштайт,жанында маектешкен адамды угат,коом тарабынан өзгөрүлөрдү

болжолдойт.

3)Илимий далилдерди колдонуу-Алган билимин практикада колдонот,маселе иштөө,лабораториялык ,эксперменталдык

жана чыгармачылык иштер.Ишмердүүлүктүн жыйынтыгынын маанилүүгүн баалайт.

Сабактын жүрүшү.

Сабактын этаптары:

1.Уюштуруу этабы (Т1) (2минута)

Окуучулар бири-бирине жагымдуу маанай түзүү үчүн физикалык чоңдуктарды колдонуп каалоо айтышат.

Мугалим:Окуучулар бүгүн мен силерге бактылуу,күчтүү балалык каалайм.

Окуучулар :Бир тайпадан экинчи тайпага каалоолорду айтышат.

2.Үй тапшырмасын суроо:(Т1) (3минута) Анаграмма тапшырмасы менен суралат.

Мугалим:Баш аламан жайгашкан тамгаларды ирээттеп,физикалык чоңдуктарды чыгарууну тапшырма берет.

Окуучулар : жекече иштешет.

ДАМЫЛДЫК,АКУБЫТ,АССАМ,УНУЗДУК.

3.Окуучулардын билимин актуалдаштыруу.(5минута)

Суроо

Жооп

  1. Масса

Кг

  1. Узундук

М

3.Ылдамдык

М/С

4.Өтүлгөн жол

Км

Мугалим:Окуучулардын көнүл буруусун топтоштуруу үчүн жана жаңы теманы ,сабактын максатын аныктоо үчүн”Мээге чабуул”жүргүзүлөт.



Окуучулар:Мугалимдердин сөзүнө көңул бурушат жана сабактын темасын,максатын берүүдө көрсөтүлгөн таблицада чоңдуктарга таянып,окуучулар бирдиктерин аныктаганга аракеттенишет.Ар бир окуучу алган билими боюнча таблицаны толтурушат.

Мугалим:Окуучулардын иш аракеттинен кийин, сабактын максаты менен тааныштырып өтөт.

Баалоо критерийлери:(окуучулар менен биргеликте кабыл алышат)

Сүйлөмдү толуктоо” көнүгүүсү

Бир калыптагы эмес кыймыл-бул .............. .

Орточо ылдамдык ................. .

Орточо ылдамдыктын бирдиги ........... .

Бир калыпта эмес кыймылдарга .................................. тажрыйбаларды.

Мугалим:”Сүйлөмдү толуктагыла “ тапшырмасында мугалим окуучулар жаңы тема боюнча кандай маалыматтарды

Билээрин,эмнелер алар үчүн кызыктуу экендигин аныктап алат.

Окуучулар: Бир калыпта эмес кыймылдар боюнча өздөрү билген маалыматтарга таянып,өзалдынча сүйлөмдөрдү толукташат



4.Жаңы материалды калыптандыруу ( Т1)

Окуу кырдаалын жаратуу (15 минута)

Мугалим:Окуу китебинен бетти курнт коюп окуп чыгууну тапшырма берет.

Окуучулар: кунт коюп окуп чыгышат (3минута)

Талкуу: (жуптарда)

Мугалим:бир тарабына “ +” белгиси ,экинчи тарабына “ -” коюлган баракча берет.

Окуучулар :баракчага “ +” коюлган тарабына түшүнгөндөрүн,” -” тарабына түшүнбөй калгандарын жазышат.

Мугалим: “ Чагылгандуу сурамжылоо” жүргүзөт жана түшүнүксүз болгон суроолорду,жаңы теманы слайд аркылуу

түшүндүрөт.



лг



Ылдамдыгы кыймыл траекториясынын түрдүүчө болгон кыймылга бир калыпта эмес кыймыл деп аталат.

Мындай учурларда орточо ылдамдык деген түшүнүктөн пайдаланылат.

Орточо ылдамдык деп тело басып өткөн толук жолду ошол жолду басып өтүү үчүн сарпталган толук убакытка катышы менен өлчөнгөн чоңдукка айтылат.

 υорт 

Маселе чыгаруунун үлгүлөрү

1.Электр поезди Жаңы жер шаарынан Ташкентке 3саатта жетип келди.Эгерде шаарлардын ортосундагы аралык болжол менен 150 км болсо,поездин орточо ылдамдыгын тапкыла.

Берилген : Формуласы: Чыгарылышы:

S=150км υорт= υорт= =50

t=3cаат

табуу керек

υорт-?





5.Өтүлгөн теманы бышыктоо жана жалпылоо (Т1) (5минута)

4сүрөт 1 сөз” Мына ушул сүрөттөрдүн жардамы менен катылган бир физикалык сөздү ,терминди табышат.







Практикалык иш:Үйүңдөн мектепке чейин болгон арлыкты өлчөгөндө,саатка карап канча убакыт кеткендигине көңүл бур.Аралык жана аны басып өтүү үчүн кеткен убакыттан пайдаланып ,орточо ылдамдыгыңды тап.(топтук иш)

6. Рефлекция (Т1)

Сүйлөмдү толуктагыла көнүгүүсүнө кайра кайтып ,жаңы ойлорун жазуу.

7.Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо.

8.Үй тапшырма.

1.Репродуктивдүү деңгээл:Бир калыпта эмес кыймыл,орточо ылдамдыктын аныктамаларын жаттоо.

2.Изденүүчүлүк деңгээл:Орточо ылдамдыктын формуласын пайдаланып көнүгүү иштеп келүү.

3.Чыгармачылык деңгээл:Бир калыпта эмес кыймылдар боюнча жалпы маалыматты камтыган 15 сүйлөмдөн турган жомок түзүп келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!