СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу 3-класс Тема "Өрт"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу 3-класс Тема "Өрт"»

Сабак: Адабий окуу 3-класс

Сабактын темасы: Өрт

Негизги компетенттүүлүктөр:

  • Маалыматтык (НК1)

  • Социалдык – коммуникациялык (НК2)

  • Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

Предметтик компетенттүүлүк:

  • Сөз байлыгы менен иштей алуу (ПК1)

  • Сүйлөм, текст менен иштей алуу (ПК2)

  • Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу (ПК3)

Максаттары

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: Каармандын кандай жол менен үйүндө өрт чыгарып алганын текстти окуу менен түшүнүшөт

Каармандын кандай жол менен үйүндө өрт чыгарып алганын текстти окуу менен түшүнүшсө

Өнүктүрүүчүлүк: Элестетүү, эске сактоо жана сүйлө кеби калыптанат, туура интонация менен көркөм окушат

Элестетүү, эске сактоо жана сүйлө кеби калыптанса; туура интонация менен көркөм окушса

Тарбия берүүчүлүк: Ар бир ойду уга билүүгө үйрөнүп, өрттөн сак болууга, өзүнө тааныш эмес нерселерге этияттык менен мамиле жасоого үйрөнүшөт

Ар бир ойду уга билүүгө үйрөнүп, өрттөн сак болушса; өзүнө тааныш эмес нерселерге этияттык менен мамиле жасоого үйрөнүшсө


Сабактын тиби: Аралаш сабагы.

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабак өтүүнүн формасы: суроо жооп, аңгемелешүү, өз ара окутуу, оюн ж.б.

Сабактын жабдылышы: китеп, түстүү сүрөттөр, көрсөтмө куралдар, слайд ж.б.

Сабактын этабы

Убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун

иш аракети

Компетент-түүлүктөр

Баалоо

Уюштуруу


Саламдашуу

Жагымдуу маанай каалоо

Бири-бирине каалоо айтуу

Биздин уран: “Биздин колубуздан баары келет!”

Саламдашуу

Жагымдуу маанайга катышуу.

Бири-бирине калоо тилек айтышат



Үй тапшырма суроо


Мурунку сабакта кайсы жомок менен тааныштык?

1) Кишинин атын ким уурдап кетти?

2) Аттын жүгөнү менен ээрин эмнеге алмаштырды деп ойлойсуңар?

3) Акылдуу киши аттын көзүн жаап эмне деп суроо берди? Чын эле аттын көзү сокур беле?

4) Уурунун айыбын аттын ээси кантип ачты?












Окуучулар суроолорго жооп беришет











Схеманы толтурушат





Актуалдуу маселелер


Б алдар төмөнкү сүрөттөргө көңүл бургула






Балдар, силер кандай ойлойсуңар, бүгүн сабакта эмне жөнүндө сүйлөшөбүз?

Туура, бүгүн сабакта өрттүн келип чыгышы жөнүндө сүйлөшөбүз.

Бүгүн үйдөн чыккан өрттүн себебтери жөнүндө сөз кылам. Ал үчүн Борис Житковдун “Өрт” деп аталган чыгармасын окуйбуз.

Бүгүнкү сабактын темасы: “Өрт”








Суроолорго жооп берип, сабактын темасын аныкташат



Жаңы тема


Келгиле, окуу титептеги “Өрт” чыгармасын окуп көрөлү. (биргелешип окуу)

I- стратегия

Окуучуларга текстти катары менен окутат

Бир канча сүйлөм окуган соң, суроолого жооп беришет.

1) Петя канчанчы кабатта жашачуу?

2) Эмне үчүн өрт болду?

3) Замбирек деген эмне?

II- стратегия

Андан ары эмне болот деп ойлойсуңар?

Кайра улантып окушат.

Суроолор:

1) Петянын ушул кылганы туурабы? Эмне үчүн?

2) Өрттү ким көрүп калды?

3) Мугалим кимдерге кабар берди?

III – стратегия

Улантып окушуп, аягына чыгарышат.

1) Өрттү көрүп апасы эмне деп ойлоду?

2) Петянын үй – бүлөсү кимдикинде жашап турмакчы болду?

3) «Оюндан от чыгат» дегендин маанисин түшүндүңөрбү?

Демек, балдар эч качан кырсыкка себебчи болбогула. Бир туура эмес кадам, өрт кырсыгына алып келет. Дайыма туура кадам сажап, жоопкечилүктүү болгула. Өрт менен ойнобогула!











Окуучулар текстти окуп суроолорго жооп беришет



II- стратегияга божомолдорду айтышат.

Жомокту улантып окуп, суроолорго жооп беришит






III – стратегияда суроолорго жооп беришет, толуктоолорду киргизип, жомок боюнча өз ойлорун айтышат




Бышыктоо


“Изден, ойлон, тап” оюну

Келгиле эми накыл сөздөрдө калтырылган сөздөрдү толуктап жазабыз.

Учкундан __________ тутанат

Оюндан ____________ чыгат

Өрт _________________ жоо

Ойноп ____ кылсаңда, ойлонуп кыл.

Пайдалануучу сөздөр: жалын, иш, тилсиз, от.

Эми балдар ушул накыл сөздөрдү чечмелеп бергиле.

Тесттин туура жообун атагыла.

1. Окуянын негизги идеясы эмнеде

А) Петянын замбирегинин бузулушу

Б) Өрт адам өмүрүнө коркунучтуу

В) Өрт өчүрүчүлөрдүн иш аракети

2. Тексттин мазмунуна туура келбеген сүйлөмдү көрсөт

А) Мугалим биринчи кабатта жашачуу

Б) Петянын замбиреги жок эле

В) Апасы үстүнкү кабаттан түтүн чыгып жатканын көрдү

Окуучулар накыл сөздөрдү толукташат















Тесттин туура жообун табышат



Үй тапшырма


“Өрт” чыгармасын окуп, түшүнүгүн айтып берүү;

Накыл сөздү чечмелөө.

Окуучулар тапшырманы жазып алышат



Жыйынтыктоо


Балдар, силерге окуя жактыбы?

Балага кийинки жолу да ушундай кылбашы үчүн кандай кеңеш берет элеңер?

Жаман нерсе болуп кетсе же өрт чыгып кетсе өзүн кандай алып жүрүшү керек?

Көбүнчө эмне эсиңерде калды?

Окуя эмнени үйрөтөттү

Азаматсыңар балдар!

Окуучулар суроолорго өз оюн айтып жооп беришет