Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу 4- чейрек»
Адабий окуу
3- класс
4- чейрек үчүн
«Эне тилим-эне сүтүм!»
Түзгөн: Абдылдаева Алмира Мейманбековна
Эне тилим –Улуу Тоонун улары,
Эргип-сергип улар үнүн угалы.
Урманбеттин Кыялбеги сыяктуу,
Улутмандык сересине чыгалы.
.
Эне тилсиз эл болбойт,
Жер сүйбөгөн эл болбойт.
Эне тилин билбеген,
Эч нерсеге тең болбойт.
ЭНЕ тилин сыйлаган,
Эч нерседен кем болбойт .
Манастын тили-кыргыздын тили
Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим,
Кылымдап ыйык энем күткөн тилим.
Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып жаным менен бүткөн тилим .
Кыргыз тили ырдан, күүдөн таралган,
Кыргыз тили нурдан, күндөн жаралган.
Ал дүйнөдө теңдеши жок улуу тил.
Ай – ааламга “Манас” болуп таралган . ( Н.Байтемиров)
Кыргы тили – бабам Манас тили дейм.
Байыркы элдин бак – таалайы, пири дейм.
Тилим жашайт Ала тоосу турганда,
Кыдыр ата батасына киринген.
Улутумдун улуу даңкын, тарыхын.
Улап кетем деген Кыргыз бири- Мен
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан демекчи, үч миң жылдык тарыхы бар элимдин тили, бабабыз Манастын тили, Тоо булбулу Токтогулдун, залкар Чынгыз атамдын тили- Кыргыз тили.
мини - тест
- Ар бир улуттун өзүнүн ыйык туткан эмнеси болот?
а) тили, каада- салты, маднияты
б) акчасы, герби, туусу, гимни.
2. Сенин эң жакын адамың ким?
а) энең, б) досуң
3. Эң биринчи сөздү кимден үйрөнөсүн?
а) энеңден, б) элден,
в) мугалимден, г) досуңдан
- Сенин эне тилиң кайсы тил?
а) кыргыз тили, б) орус тили, в) башка тил
6 эне тилин билбеген эмне экенин аныктайт?
а) эси барын б) эси жогун