СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Таранчы менен чабалекей

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу сабагы»

Таранчы менен чабалекей

Бир күнү мен чатырчанын астындагы чабалекейдин уясын карап турдум.

Чабалекейдин экөө тең учуп кетишти, уясы бош калды. Алар учуп жүргөн убакытта чатырчадан бир таранчы учуп келип,уянын үстүнө конду .Эки жагын карап турду да, уянын ичине кирип кетти. Анан уядан башын чыгарып, чыркылдай баштады.

Анын артынан бир аздан кийин уяга чабалекей учуп келди. Ал уяга кирип баратып , уясында отурган “мейманды” көрө коюп, канаты менен отурган ордун бир чапты да учуп кетти .

Таранчы уядан чыккан жок, отуруп алып чыркылдай берди .

Чабалекейлер кайра дагы уяга учуп келишип , отурган таранчыны көрүштү да, кайра учуп кетишти. Алар куру бекер учуп келишкен жок: ар кимиси ооздоруна балчыктан алып келишип, аз-аздан уянын жылчыгын бүтөй беришити. Жылчык кичирее берди .

Адегенде уядан таранчынын мойну жана башы көрүнүп турган эле, андан кийин башы эле көрүнүп калды. Чабалекейлер таранчыны уянын ичине балчык менен бекитип коюшту да, ышкырык менен үйдү тегерене айланып учуп жүрүштү.

Л.Толстой