СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу сабактын иштелмеси»

Адабий окуу 3-класс

Сабактын темасы:Кыш эмне үчүн жашын төктү.

Сабактын максаты: 1. Окуучулар текстти шар, көркөм окуп, тексттин маанисин айтып бере алышат.

2. Тексттин мазмунун түшүнүп, турмуш менен байланыштырып ой жүгүртүшөт.

3.Жаратылыш кубулуштарын айырмалай билишип, Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз:

-Эгерде окуучу текстти шар, көркөм окуп, маанисин айтып бере алса

-Эгерде окуучу чыгарманын мазмунун турмуш менен байланыштырып ой жүгүртө алса

мамиле жасоону билсе.

Сабакта колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, окуу куралдар, сөздүктөр, дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү:

Классты сабакка даярдоо жана жагымдуу маанай түзүү: окуучулар менен саламдашуу, ал-абалын суроо жана жагымдуу маанай үчүн фокс көрсөтүү.

Үй тапшырмасын текшерүү: “Сыйкырдуу кыш” сүрөткө карап дил баян жазуу.

Окуучулар бири-биринин жазган дил баяндарын окуп чыгып, мугалимдин жетектөөсү астында баалашат жана алган баасын белгилешет.

Көнүгүү катарында “Сүрөтчү аяз” деген ырды топтордо, чынжырча жана жуптарда окуу.

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Сөздүк менен иштөө: каардануу, моюн сунуу, үрөйүн учуруу, ийин, көңдөй, күйшөй беришет, меш, ыза.

Теманы түшүндүрөөрдөн мурда окуучуларга берилүүчү суроолор:

  1. Кыш мезгили жөнүндө эмнелерди билесиңер?

  2. Канаттуулар кайда жашашат?

  3. Жапайы жана үй жаныбарларынын жашоосу жөнүндө эмнелерди билесиңер?

  4. Кыш мезгилинде айылдагы элдин жашоосу кандай болот?

Жогорудагы суроолордун тегерегинде окуучулар менен маектешкенден кийин тексттин маанисин түшүндүрүп берүү.

Сабакты бышыктоо:

Сабакты бышыктоо үчүн окуучулар тест иштешет жана окуу техникасын өнүктүрүү максатында текстти минута ичинде окуп, жыйынтык чыгарышат.

Кыш мезгили боюнча слайд көрүшөт жана “Сен кыштын жашын төккөнүн кантип элестетесиң” деген темада сүрөт тартышат.

Окуучуларды баалоо:

Үй тапшырманын, окуу техникасынын, тесттин, тартылган сүрөттүн жыйынтыгы менен окуучулар бааланышат.

Үйгө тапшырма берүү:

Текстти окуп, кыштын жашын төгүп жатканын элестетип сүрөт тартып келесиңер.

Сабакты жыйынтыктоо:

Бөлүм боюнча суроолорду берүү менен сабакты жыйынтыктоо.

1.Эмне үчүн “сыйкырдуу кыш” деп айтылат?

2. Кыштын башка мезгилдерден өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуңар?

3. Кышында чын эле аяз ата келиши мүмкүнбү? Эмне үчүн?

4 Бул бөлүмдө кайсы чыгарма силерге өзгөчө жакты?

“Кыш жашын төктү”дегенди кандай түшүндүңөр? Бул кайсы мезгилде болушу мүмкүн?















ТЕСТ

  1. Кыш эмне үчүн канаттуларга каарданды?

А)канатууларды жактырбаганы үчүн

Б)Канаттулар ызы чуу салып, кыштын тынчын алганы үчүн

В)Канатуулар үшүп калганы үчүн

2. Канаттулар кеңешип, акылдашып кандай чечим чыгарышты?

А)Бардыгы кыштын ызгаарына моюн сунуп калмак болушту.

Б) кыш менен урушмак болушту.

В) Жылуу жактарга учуп кетишмек болушту.

3. Куштарды кууп жете албай калган соң, кыш эмне кылды?

А)Жапайы айбандарга асылды

Б) Ыйлап жашын төктү

В)Таарынып кетип калды

4. Үй жаныбарлары короолордо курсагы ток, жем-чөбүн күйшөп, алды кургак жатышканын көрүп кыш эмне кылды?

А)Кыжыры кайнады

Б)Аябай кубанды

В)Жаныбарларга үшүк алып келди

5.Жаш балдардын сөзүнө жинденген кыш бир баланын мурдун. Экинчи баланын кулагын эмне кылды?

А)тоңдуруп салды

Б)жылтып койду

В)чымчып алды

6. Колунан эч нерсе келбегенин көрүп, кыш эмне кылды?

А) кетип калды

Б)ыйламсырап жашын төктү

В)каарданып кетпей койду