СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана жана тегерек

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Айлана жана тегерек»

Сабактын темасы: Айлана жана тегерек

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк максаты

Өнүктүрүүчүлүк максаты

Тарбия берүүчүлүк максаты

Окуучулар айлана жана тегерек жөнүндө түшүнүк алышат

Айлананы сызуу үчүн циркуль менен таанышат, айлананын диаметрин, радиусун таба алышат

Өз алдынча, жуп, топ менен иштешет



Көрсөткүчтөр: Жогорудагы максаттарга жеттик дейбиз эгерде окуучу:

Билим берүүчүлүк максаты

Өнүктүрүүчүлүк максаты

Тарбия берүүчүлүк максаты

Окуучулар айлана жана тегерек жөнүндө түшүнүк алса

Айлананы сызуу үчүн циркуль менен таанышса, айлананын диаметрин, радиусун таба алышса

Өз алдынча, жуп, топ менен иштей алса



Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: циркуль, сызгыч, калем, интерактивдүү доска

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

  2. Жагымдуу маанай тартуулоо “Салам”

Окуучулар тегерек турушуп, оң жагындагы адамга “Салам! Сени менен көрүшкөнүмө өтө кубанычтуумун!” ж.б.у.с. сөздөр менен улантышат, бирок саламдашуулар кайталанбаш керек.

  1. Алтын эреже

Тынч отуруп, айтканга көнүл буруп,
Алтындай эрежени сактайбыз.
Берилген суроолорго ойлонуп,
Туура жооп айтуудан талбайбыз.
Сабакка активдүү катышып.

4)Үй тапшырмасын суроо

  1. Жаңы теманы баяндоо

Айлана-борбо р деп аталуучу кандайдыр бир О чекиттен бардык чекиттери бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги туюк ийри сызык. Айлананы сызуу үчүн да атайын курал циркуль колдонулат.

Айлананын ар бир чекитинен О борборуна чейинки аралык –радиус деп аталат. Ал r тамгасы менен белгиленет.

Айлананын ар кандай эки чекитин туташтыруучу кесинди –хорда деп аталат.

Борбор аркылуу өтүүчү хорда –диаметр деп аталат.

Ал d –тамгасы менен белгиленет. Диаметр эки радиуска барабар. Б.а. d=2r.

Хорда менен чектелген айлананын бөлүгү жаа деп аталат.

С

ОС=r

АВ=d r

d=АО+ОВ

А О В

MN-хорда d





N

M







Айлананын тегиздик менен чектелген

бөлүгү тегерек деп аталат. Айлана менен

тегерек тыгыз байланышта. Демек, О

ал сызык эмес, тегиздиктин кандайдыр бир

айлана менен чектелген бөлүгү.







Тегерек айлана менен чектелгендиктен, айлананын борбору, радиусу жана диаметри тегеректин да борбору, радиусу жана диаметри болот.

Бышыктоо:

252. Каалагандай кесиндини радиус кылып алып айлана сызгыла. Анын борборун D деп белгилегиле. а) айланада С чекити белгилеп, DC радиусун чийгиле, б) АВ диаметрин сызгыла.

С

Чыгаруу:

а) DC=r

б) d=AB= AD+DB А D В



254 О чекити борбор кылып алып, радиусунун узундугу 4см болгон айлана сызгыла. Анын диаметринин узундугу канчага барабар?

Чыгаруу:

r=4см

d = 4см * 2 = 8см r

О

d



256 Төмөнкү сүрөттөрдүн кайсынысында чекиттердин бардыгы P чекитинен бирдей аралыкта жатышат.









Айланада чекиттердин бардыгы Р чекитинен бирдей алыстыкта жатат.



Катылган сандар” оюнун ойнотуу. Мында доскада сандар баш аламан жайгашкан, убакыт чектелип, ирети менен табуусу керек. Мисалы: 1,2,3,4,.





Үйгө тапшырма берүү

Баалоо.

Жыйынтыктоо.