СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана жана тегерек

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Айлана жана тегерек»

Ачык сабак конспекти – Райондук Семинар Сабактын темасы: Айлана жана тегерек

Классы: 6 класс

Предмети:Математика

I. Сабактын максаты:

- Айлана жана тегеректи айырмалоо.
- Радиус жана диаметр түшүнүгүн бекемдөө.
- Формулаларды колдонуп мисал, маселе чыгаруу.
- Логикалык ой жүгүртүү, өлчөө, моделдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.

-Тактыкка,кылдаттыкка туура чийүүгө жана эмгекчилдикке тарбияланышат.

Колдонулуучу каражаттар: Проектор, моделдер, кагаздар, сурөттөр, ватман, фломастер, циркуль,сызгыч.



II. Сабактын Жүрүшү – 5Е Модели

Этап

Убакыт

Максат

Мугалимдин иши

Окуучунун иши

Метод/Ресурс

1

5мин

Кызыктыруу

Предметтер көрсөтөт

Ой бөлүшөт

Цифра, реалдуу моделдер

2

8мин

Изилдөө

Материал берет

Сызуу, моделдөө

STEM, жип, циркуль

3

12мин

Түшүндүрүү

Түшүндүрөт

Жооп берет

Интерактив такта

4

15мин

Түзүү

Топтук тапшырмалар

Чечет

Группалык иш

5

5мин

Баалоо

Тапшырма берет

Аткарат

Формативдик тест


  1. Кызыктыруу

Окуучаларды тен экиге бөлүп карама каршы тургузуп 2ден 5ке чейинки цифралар ар бир топко көлөмдөрү ар турдүү түрдө берилет.Топ башынан топ аягына ал цифраларды бирден колдон колго беруу менен жеткирүү керек.Таймаш башталат.Ким зирек,тыкан,эпчил болсо ошол топ женүүчү боло алат.Уч ирет ойнотулат.Бир топ женүүчу болот.Оюн буткөн соң мугалим тарабынан окуучуларга суроо берилет.

  1. Окуучулар оюн ойноп жатып эмнени байкадынар?

Окуучулар түрдүү жоопторду беришет.

Кызыктыруу оюну окуучуларды шамдагайлыкка үйрөтөт.

Эки цифрасы эң чон болгондугу үчүн аны жеткирүү оңой болду.

Беш цифрасы эң кичине болгондугу үчүн аны жеткирүү кыйынга турду.

Демек сабакта ар бир баага жетишуу учун эмгек керектигин аныктадык.

  1. Изилдөө

Окуучулар,көнүл бөлөбүз,сүрөттөн силер эмнелерди көрүп турасынар.Балдар көргөн нерселерин айтышат.Кыз,бала,эчки,казык,тосмо.Дагы эмнени байкабай калдык? Ооба азаматтарым силер эң туура таптынар.Демек,бүгүнкү темабыз эмне деп ойлойсунар?Балдар ойлорун айтышат.

Балдар баалоо критерийлери менен тааныштырып кетейин.

Критерий Денгээл

Турмушта пайдаланган буюмдардан мисалдарды келтирсе. 1балл

Формуланы колдонуп туура эсептесе 1балл

Тапшырманы так аткарса 1 балл.

1-топ Көк айлана

2-топ Жашыл тегерек

3-топ Сары радиус

Жогорудагы критерийлерге жетише алсак эн жакшы деген баа алабыз.

Ар бир критерийди ар кандай түстөгү тегерекчелер менен баалап кетем.Баалоо жыйынтыгы сабактын аягында белгилүү болот.Мугалим тема боюнча ар түрдүү предметтин сүрөттөрүн көрсөтөт.
Окуучулар алардын ичинен тегерек формалууларын таап айтышат.

1.Тегеректи тап


2. Окуучулар алардын ичинен тегерек формалууларын таап айтышат







3. Жашыруун айлана

Мугалим ар кандай фигураларды көрсөтөт, окуучулар кайсы фигурада айлана бар экенин табышат.

Демек балдар силерге жаны теманы тушундуруп берейин.

Мугалим айлана жана тегерек боюнча маалымат айтат.

















Демек, балдар изилдеген нерселерибиздин баары турмуштагы колдонгон күнүмдүк нерселер турбайбы?









Балдар ар бир топко мисалдар берилет. Мисалдарды иштөөдө чиймелерин түзүү менен иштейбиз.

3.Түшүндүрүү

1) Эгерде айлананын диаметринин узундугу d=4.6см болсо,радиусунун узундугун тапкыла?
2) ) Эгерде айлананын диаметринин узундугу d=4.3дм болсо,радиусунун узундугун тапкыла?

3) ) Эгерде айлананын диаметринин узундугу d=3\5м болсо,радиусунун узундугун тапкыла?
Окуучулар ар бир топ өзүнө берилген мисалды презентациялайт.Мугалим карап каталарын таап,толуктайт.

Уч түрдүү мисалдар уч топко берилет.

4.Түзүү

Ар бир топ мисалдарын чыгарышат.Чиймесин сызышат. Топтор бири-бирин чыгарган мисалдарын сааттын жебеси боюнча айланып текшерип,каталарды таап ондогон топто балл берилет.Ар бир топтун өзүнүн түсү болот.Мугалим жыйынтыктап мисалдарды чыгарылыштарын текшерип толуктоолор болсо гана айтып түшүндүрөт.

№252

Каалагандай кесиндини радиус кылып алып,айлана сызгыла.Анын борбору Dдеп белгилегиле:а)Айланада Cчекитин белгилеп DC радиусун чийгиле АB диаметрин сызгыла.

№253

Каалагандай кесиндини радиус кылып алып айлана сызгыла.Анын борборун Dдеп белгиле.Айланада с чекитин белгиле.DС радисун узундугун тапкыла.Айланада А чекитин белгилеп,DА узундуктарын салыштыргыла.АВ диаметрин сызгыла жана узундугун тапкыла.

№257

Борбору О чекити,радиусунун узундугу 3.5 см болгон айлана менен чектелген тегерек алгыла.Тегеректин радиусун,диаметрин жана анын сыртында жаткан чекиттерди белгилеп көрсөткүлө.

Чын же жалган оюнун ойноо аркылуу алган билимдерин бышыкташат.(слайд)

5. Баалоо

Топтук презентация .Мисалдарды презентациялоо 1 балл

Топтук тапшырмалар 1 балл
Ар бир аткарган иштерине карап топтук баа берилет.

6. Үй тапшырмасы
  1. r = 6 см болгон тегеректин диаметрин тапкыла.
    2) d = 24 см болгон тегеректин радиусун тапкыла.
    3) Үйүңөрдүн ичинен тегерек формасындагы 5 нерсени таап, радиусун же диаметрини өлчөп, дептерге жазгыла.
    4) Кийинки сабакка тегерек формасындагы каалаган чакан предмет менен келүү.