Просмотр содержимого документа
«Айрым терминдердин түшүндүрмөсү»
Айрым терминдердин түшүндүрмөсү
Алгоритм –маселени тийиштүү убаыт ичинде чечүүдө жасала турган иш- аракеттердин ирети
Андрогогика –педагогика илиминин чоң кишилерге билим берүү, аларды окутуу жана тарбиялоо маселелерин теориялык, практикалык жактан изилдөөчү илим.
Базистик окуу планы-милдеттүү предметтердин тизмеги , алардын көлөмүн сааттарын тиешелүү класстарда аларды окуп үйрөнүүнүн ырааттуулгун белгилеген документ
Билим берүү стандарты- негизги билим берүү программаларынын мазмунун , билим берүү минимумун аныктоочу ченемдердин жыйындысы,окуучуну даярдоого чектүү жол берилүүчү жүккө карата базалык талаптар
Блумдун таксономиясы-Америкалык психолог Бенджамин Блум түзгөн төмөнкү деңгээлден жогору карай суроолорду коюуда ой жүгүртүү көндүмдөрдүн деңгээлдери
Интерактив –( англ inter –өз ара,act-иш аракет ) –кимдир бирөо менен иштешүү, аңгемелешүү, диалог жүргүзүү .Интерактивдүу усулдар окуучулардын мугалим менен эле эмес, өз ара да кыйла кеңири иштешүүсүнө ,окуучулардын демилгелүү болушуна ылайыкталат.
SMART-( смарт) –(чен өлчөм)- коюлган максаттар кандай болушу керектигин көрсөтөт.
Максаттар конкреттүү, бөтөнчө, ченеп өлчөөгө ылайыктуу болушу керек,пландалган мезгилдин ичинде жетишилгидей,реалдуу , мөөнөткө эсептелип, аткаруу үчүн керектүү каражаттарга ээ болушу керек.М: окуучулар жуманын аягында бештен кем эмес сын атоочту колдонуп ,сүрөттү чечмелеп бере алышат.
Критерийлер –бул бир нерсени баалоо,аныктоо же классификациялоо жүргүзүнүн негизиндеги таяныч белгилери
Мониторинг –адамдын ишмердүүлүгүнө айлана- чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүү, баа коюу жана божомолдоо
Пиза –(PISA)-Окуучулардын билимин баалоого негизделген эл аралык сынак
Портфолио- окуучулардын, мугалимдердин жетишкендиктерин чогултуучу папка.
Предметтик стандарттар- окуучулардын билим алуу натыйжаларын , аларга жетүүнүн жана предметтин алкагында өлчөөнүн ыкмаларын жөнгө салуучу документ
Окуу планы- предметтердин комплексин иштелип чыккан жана алардын ортосундагы ички байланыштарды аныктаган документ