СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Ак кеме" эссе

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Ак кеме" эссе»


«Ак-Кеме» чыгармасындагы экологиялык көйгөйдү чагылдыруу

Эзелтен чечилбеген улуу талаш.

Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жөө кууса да ушул талаш.

Канткенде адам уулу адам болот?

«Адам» деген сөз өзү төрт гана тамгадан турганы менен,өз ичине

жандырмаксыз табышмакты камтыган татаал жандык.Адам ыйыктын-

-ыйыгы.Бирок ошол эле учурда адамдан өткөн жырткыч жок.

Ооба, дал ушундай ,улуу ойчулдарыбыз айтып өткөндөй, бул

жашоодо адам баласындагы ар бир кыял, максат алдыга жетелейт.

Адамдын жаратылышка тийгизген оң жана терс таасирлерин көптөгөн

жазуучуларыбыз жазып келишкен.

Айланага көз чаптырып карасаң,не деген керемет бийик-бийик

тоолорубуз,мөлтүр кашка тунук булактарыбыз, ак мөңгүлүү Ала- Тоо

-лорубуз,дартка даба дары чөптөрүбүз ,жайлоолорубуз да мекенибизге кооз-

-дук берип турат.Ушундай кооздуктарды,адамдардын табиятка болгон аяр

мамилесин,терс көрүнүштөрүн улуу акын ,жазуучуларыбыз бири ырга салса ,

бири чыгармада каармандарды сүйлөтүп келишкен.

Заманыбыздын таланттуу сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында

адам-табият маселеси терең философиялык дэңгээлде чагылдырылган.

Улуу жазуучубуз бардык эле чыгармаларында экологиялык проблемаларды

козгоп өтөт десем жаңылышпайм. Мен айтар элем,анын чыгармаларынын

негизин адам-табият маселеси түзөт .

Айтматовдун чыгармаларынын мазмунун билбеген кыргыз жокко эсе

болсо керек.

Ааламга аты чыккан жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Ак-Кеме»

повестиндеги жаратылышка болгон адамдын мамилесин ачып карап берүү-

-нү туура көрдүм.

Бул чыгармада адамдардын жаратылышка кылган мамилелелерин таамай

көргөзө алган.Ушуну менен катар эле табиятка таттуу мамиле жасоо эң

негизги орунда турарын далилдегиси келгендей сезим калтырат.

Менин жеке баамымда Орозкулдун өзүнө жарашкан орой мамилесинен

адамдар эмес жаратылыш да тажагандай.

Себеби дегенде жаратылыш койнунан кандайдыр бир эргүү алса ,

ошондо жаратылыш менен таттуу мамиледе болот беле деген ой -

-лор келбей койбойт.

Орозкулдун орой , кырс мүнөзү айлана – чөйрөгө кылган ачкөз , ташбоор ,

мамилесинен улам балалуу боло албай жүргөндүр .

Мыкаачылык менен адам сыйбаган иш жасап, бугуну атып, мүйүзүн чаап,

аны көрүстөндүн үстүнө коюу- бул манкуртчулук.

Токойдо бугу калбай калганча кырып жоюп, баарын талкалап акыры аягында

каргыш тийип отурганы ушул терс көрүнүштөргө далил боло

алат .Орозкул дүйнөдөгү мен жаман деген терс сапаттардын баарын жыйнап

алгандай. Адамдар түгүл айбанаттар,тирүү жандыктардын бардыгы тең ага

наалат айткандай.Качан гана адам баласы сарамжалдуу пайдаланып,

кыйратып,жок кылган нерселеринин ордун толуктап турса бул чоң

жетишкендик болуп эсептелет.

Бул чыгармада Момун чалдын ушунчалык темирдей бекем экенине баа

берем.

Себеби дегенде Базарбай кыйратып жок кылып , бугунун маралдарын атып,

атканы аз келгенсип карагайларды түп тамыры менен жок кылып жатканы

окурмандарды ызалантпай койбойт.

Бүгүнкү күндө адам баласы табиятты багынтып алгандай сезилет, бирок

жер – энебиздин чыдамы такыр түгөнүп бараткандай.

Жаратылыш бизге «Токтогула , абайлагыла! » деп үн каткансыйт.

Жаратылыш жан досум , ал бизге кылымдар бою азык берип , жылуулугун

чачып мээримин төгүп келди.

Чыңгыз Айтматов козгогон көркөм проблемалардын бардыгы толугу менен

турмушубузда кездешүүдө.

Мунун себеби эмнеде? Адамдардын буга чейинки жасагандары үчүн жооп

берер кези келдиби же адамдын табиятка жасаган мамилеси чегинен ашып

кеттиби?

Ал эми биз жаратылышка эмне кылдык? Ооба, биз жаратылышты

түгөтүп баратабыз , өлүмгө жетелеп .

Биз өз табиятыбызга,жаратылышка кандай зыян алып келгенибизди

ойлонбой жатабыз.Бир нерсени эске сактоо керек,табият кетсе ал адам

баласын да ала кетет.

Жаратылышты коргойлу,өз ата-энебиздей,өз бир туугандарыбыздай сүйөлү.

Табият жаны,адам жаны менен бир.

Ошондуктан айлана-чөйрөнү,жаратылышты,жаратылыш койнундагы бардык

тирүү жандыктарга аяр мамиле жасаганды үйрөнүп,көзүбүздүн карегиндей

сактайлы. Эгерде жаратылышты сактабасак, ал бир заматта жоголуп кетсе, жашоо жок болот. Биз дүйнөнүн кооздугун көрбөй, алдыга умтула албайбыз.

Демек, жаратылыш менен адам ортосундагы байланыш эне менен баланын отосундагы мээримге салыштырып өтсөк болот. Ар бир атуулдун алдына койгон максаты Мекенди сүйүү, Жаратылышка аяр мамеле жасоо, табийгат менен таттуу мамеледе болуу жана көздүн карегинде сактоо негизги милдети болушу керек.

Асманга жаркып чыккан жылдыз Ала-Тообузга көрк берип, тунук кашка сууларыбызга ажайып бир кооздук тартуулап, ай-ааламды шанга бөлөгөнсүйт.

Мына ушул сулуулук адам жашап турганда, жер үстүндөгү бардык жандыктар кыбырап жүргөндө бир бүтүндүктө, байланышта жүрөбүз.

Ошол себептен, «макулук» болбой жаратылышты коргоп, дүйнөгө болгон көз карашыбызды жакшы жагына буруп, чыныгы адам бололу демекчимин…