СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алфавит сүрөттөрү менен

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз алфавити жөнүндө маалымат

Просмотр содержимого документа
«Алфавит сүрөттөрү менен»



Аа

Аппак кызыл алмалар,

Алган көргөн таңданар.

Апортубу,кандайы,

Алам десен тандап ал.



Бб



Биздин бакта бадам бар,

Бышса балдар бадаңдар.

Бадам соонун жемин деп,

Барктайт билген адамдар.

Вв

Вераларда толгон гул,

Верандасы толгон гул.

Вера толбос экенин,

Венерага түшүндүр.

Гг

Гүлдүү тоонун гүлун көр,

Гүлдөрүнүн түрүн көр.

Гүлдөй жүзүң жайнаса,

Гүлдөн жүзүң күлүңдөр.



Дд

Даны кызыл дан куурай,

Даамы ширин бал куурай.

Дароо барып тере кел,

Дасторконго койгудай.

Ее

Еленаны ким билбейт,

Елена өскөн бир гүл дейт.

Егор менен баратып,

Енот көргөн бир күн дейт.

Ёё

Ёлканы айландык,

Ёлкабыз соонун деп.

Ёлкада айтылат,

Ёлкадай соонун деп.

Жж

Жүгөрүсү көк тирейт,

Жети метр болжолу.

Жүрөгүңдү сүйүнтөт,

Жүзүмдөрдүн сол-колу.

Зз

Зыгыр дагы пайдалуу,

Зыгырдан май алынат.

Зыгырдын көп мааниси,

Зулай айтат жаңылайт.

Ии

Ийине келбейт апакем.

Ихилеп ичим,башым дээр.

Илгертен маалым дабасы,

Ит мурундун ашын тер.

Йй

Й-бул.Эч бир сөздүн башында,

Й келбейт деп жүрөбүз.

Йа деп. жатпайбызбы деп.

Айтсак кантет бирөөбүз.

Кк

Кызарып бышкан анар,

Кыпкызыл эле фонар.

Кырмызылар көрсө,

Кызыкпай койбойт алар.

Лл

Ланыштын уругун,

Лайли бизге жеткирди.

Лимонду багына.

Лола багып өстүрдү.



Мм

Мадылга калкан салам деп.

Мааданбек кетти аттанып.

Мандарин жүктөп келди деп,

Малдыбай жүрөт шаттанып.

Нн

Нан кадырын билебиз,

Нан деп ырдап жүрөбүз.

Намыс үчүн бек буруп,

Нарктуу өмүр сүрөбүз.















Ң

Ң деген тамга бул болот,

Ң деген дерге комдонот.

Ң маанисин билгендер,

Ң ны туура колдонот.

Оо

Ойлонуп отурбай,

Ой-Талаага баралы.

Оюнан кыргоолун,

Олжолоп алалы

Өө

Өйлөй бербей биз,

Өрдөшкө жетели.

Өйдөлөп олтуруп,

Өр ашып кетели.



Пп

Пазыл быйыл өзгөчө,

Пыязды көп айдады.

Памир жүрөт табам деп,

Пахтадан көп пайданы.

Рр

Раштын башында

Роза гүл жыйналат.

Рахат сездирип.

Рааттуу куш сайрайт.

Сс

Сарымсак багымда,

Согонду теребиз.

Сабизи жанында,

Соолутпай маалында.

Тт

Тоого балдар токтобойт,

Томпоңдошуп кыр ашты.

Тоодак кайда болорун,

Топчубайдан сурашты.







Уу

Уламадан биз уккан,

Уларлуу тоо, ушул тоо.

Улап изин чалгыдай,

Укмуштуудай учур го.



Үү

Үүлдөгөн добушту,

Үңкүр жактан угабыз.

Үку го бир көрсөк деп,

Үмүт кылып турабыз.



Фф

Фархат айтат дайыма,

Ферганадан келгенин.

Фарида аттуу эжеси,

Фотоаппарат бергенин.



Хх

Харыковтон келген Харитон,

Хивадан келген Халима.

Халваны болуп жеткирди,

Хадича, Хаким баарына.



Цц

Цейлондуку соонун деп,

Цейлон чайын мактайбыз.

Цементсиз уй курулбайт,

Цементти да даңктайб

Чч

Чынара чие багына,

Чамгырды экти түрүнөн.

Четиндей болуп кызарып,

Чыгарын ылдам белимин.



Шш

Шилбилуу төрдөн көрбөдүм,

Шабдалынын чыкканын.

Шалбалуу жерде шабдылы,

Шак ийет деп уккамын

Щщ

Щ менен башталган,

Щ да сөздөр аз экен.

Щи деген бир ашы бар,

Борщу өңдүү дейт атакем.

Ъ

Ажыратуу белгиси,

Аз сөздөрдө кездешет.

Бири съезд экенин,

Балдар ылдам эстешет.

.

Ь

Бул жумшартуу белгиси,

Тааныш болсун көздөргө.

Талыкпастан катышат,

Чет элден кирген сөздөргө.



Ээ

Энем айтып көргоздү,

Эрмен деген куурайды.

Эзеотеден эчкилер,

Эң бир ынак турбайбы.

Юю

Юсуп айтып саламды,

Юнуска алдын кол сунат.

Юрист досумкелет деп,

Юра күтүп отурат.

Яя

Ялта деген калаадан,

Яков досум кеогенде.

Янис жайлуу кеп курду,

Янаны көргөндө.