| -Келгиле, созулма өө тыбышын туура угуп, 3 жолу кайталап айтабыз. Демек, тыбышты оозубуз менен айтып, кулагыбыз менен уктук. Ал эми тамганы көрөбүз, жазабыз. окуйбуз.(Слайд 8) -Бул созулма өө тамгасынын басма түрү, ал эми бул жазма түрү. Созулма өө тыбышын тамга менен белгиледик.(Слайд 9) Кайталайбыз, Тыбыш тамга менен белгиленет. Келгиле, созулма өө тыбышын дагы 3 жолу кайталайбыз. Эмнени байкадыңар? Созулма өө тыбышын айтканда өпкөдөн чыгып келе жаткан аба тоскоолдукка учурабай, созулуп ичке айтылды. -Демек, өө тыбышы ичке, созулма үндүү. Эми талдоо ишин жүргүзөбүз. -Бул эмне? (Слайд 10) -Сөздү айтып жатып кайсы тыбыштарды уктуңар? (Слайд11) -Бул сөздө канча тыбыш жана тамга бар? Балдар, созулма үндүүлөрдү айтып жатканда кулагыбызга 1 тыбыш угулат. Бирок, эки тамга менен белгиленет. -Ооба -Муунга бөлөбүз. Бир муундан турат. -Кийинки сөзгө талдоо жүргүзөбүз. -Бул көөкөр? (Слайд 12) -Көөкөр. Кайталайбыз. Көөкөр- шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. -Сөздөгү тыбыштарды атагылачы? -Аанда бул сөздө 5 тыбыш, 6 тамга бар . -Эки муунга бөлүндү. Балдар, созулма үндүүлөрдү айтып жатканда кулагыбызга 1 тыбыш угулат. Бирок, эки тамга менен белгиленет. (Слайд 13) Сүйлөм канча сөздөн түзүлөт экен? Төө чөлдө жашайт. -Бул сүйлөм 4 сөздөн түзүлдү(Слайд 14) Апам көөкөргө кымыз куйду. Демек, балдар, сүйлөм сөздөрдөн түзүлдү. -Эми муундарды окуйбуз. (Слайд 15) Сөздөрдү окуйбуз. (Слайд 16) -Эми, балдар, мен силерге “Төө менен бугу” жомокту окуп берейин. (Слайд 17) -Эми жомокту чогуу окуйбуз. (Слайд 18,19,20) -Жакшы, мени менен кошо жакшы окудуңар. -Балдар, кезекти кызыктуу маалыматтарга берели. Силер билеси-ңерби, төө абдан чыдамдуу жаныбарлар. Ошондуктан алар чөлдө көп болушат. Алар тамактанбай 1 ай, ал эми суусуз 14-15 күн жашай алышат. Күндүн ысыгына өтө чыдамдуу.Алардын негизги тамагы болуп эрмен, шыбак, тикен өсүмдүктөрү. Төөнүн жинине тийбеш керек. Анткени, бетиңе түкүрүп салат. Төөнүн жүнү абдан жылуу болот. Төөлөр бир суу ичкенде 100л суунун бир ичишет. Муну биле жүрөлү. |