Сабактын темасы:Мугалим – мөмөлүү дарак
Сабактын максаты:-Мугалим- мөмөлүү дарак деген сөздүн терең мазмунун ачуу
-Мугалимди сыйлоого,алардын ар бир айткан сөзү баланын келечеги экендигин жана турмуштан өз ордун таба билүүгө балдарды тарбиялоо.
Сабактын структурасы: Поэзия-ыр кечеси.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,буклеттер,макалдар,учкул сөздөр,плакат ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Саламатсыздарбы ардактуу кесиптин ээлери, агай-эжейлер! Сиздерди кесиптик майрамыныздар менен чын журөктөн куттуктайбыз!
Эмгектик эргуудөн кубат алып, мектеп деп, окуучум деп куйуп жанып,жаркылдап жалындаган тилек менен, жаркыраган умут менен жалтанбаган кайрат менен кесиптик майрамга келгениниздерди сезип турабыз.
Ылайым кабагыныздар сузулбасын,тынчтыгынар бузулбасын, көз нуруңар кайнап турсун, атагыңыздар бийиктике барсын, атыңыздарды жайсын,эч качан сиздердин эмгегиниздерди эл унутпасын!
Билим сунуп, мөмө берген бак сымал,
Ээлеп толук журөктөрун жаштардын.
Келечекте силердин деп бактыңар,
Тарбиялап өстурдуңөр бут баарын.
Эмгегиңер зор натыйжа ыйгарып,
Көргулө эми гул турмуштун жыргалын!
Анда эмесе сиздердин көңулуңуздөрду 2б-класстары тарабынан даярдалаган «Мугалим- мөмөлүү дарак» аттуу поэзия кечесине бурабыз.
1-Сыргак: Мугалим ким?-шагы ийилген чоң дарак Мөмөлөрү мөлтүрөгөн уул-кыз
Жетилгенде ал космонавт , ал врач
Же болбосо өз ишиндей чебер ууз.
2-Жумай: Кесибине арнап салып журөгун
Келечекке байлап умут тилегин
Өмур бою өзгөлөрду окуткан
Эн ыйык зат мугалим деп билемин.
3-Кайрат: Мугалим деген мугалим
Ага тендеш табылбас
Тарбиялоо иште ар дайым
Мугалим гана жанылбас.
Мугалим: Мугалим ким?
Окуучулар: Мугалим – мөмөлүү дарак.
Хор: «мектебим»
4-Амина: Мугалим агып турган мөлтур булак
Оо андан агып келип билим курап
Окуучу аштык тапса баштык таппай
Булактан суусун алат идиш сурап.
5-Бекжан: Сабакты өтуп кызыктуу
Салмактуу журөт мугалим
Чындыкты суйлөп ар убак
Чыркырап куйөт мугалим!
6-Амирхан: Сыйлайм сени өмур бою ардактайм
Эч убакта эмгегиңди унутпайм
Жетсем дагы бир куну аппак булутка
Ошондо да таазим этем мен сага
Мугалим: Мугалим ким?
Окуучу: Албан эмгек жаратуучу
Акылын ак кагазга жазып турган.
Хор: “Ай чыкты”
7-Хадиже: Мугалим билим берет ааллам ачып
Учурат кыз уланды тилеп бакыт
Учурган ал окуткан окуучулар
Окуткан мугалимге дайым карыз.
8-Азмар: Эр уулумун аттуу мунөз кыргыздын
Ата-мекен эл деп жанган жылдызмын
Жол көрсөтуп колдон алып жетелеп
Агай-эжей айкын жолго тургуздуң.
9-Айкен: Билим менен көгөртуп
Эстуу болсун деп тилеп
Заманына жарашкан
Жакшы балдар болсун
Бизге тирек куч болуп
Алдыбызда турган ким?
Окуучулар: Ал мугалим.
10-Айша: “Мугалим жаш адамдардын рухий дуйнөсун”.
11-Нурел: “Мугалим коомдун ишеничтуу адамы”.
Бий:
Мугалим: Маңдайынан нур төгуп
Кулө карап турган ким?
Окуучулар: Ал мугалим
12-Нурсултан: Журөгун арнап балдарга
Талыкпай иштейт мугалим
Ыйманды берген балдарга
Ыйык кесип мугалим.
13-Раяна: Эрте менен эрте туруп
Таңды тоскон мугалим
Чыйыр салып даңгыр жолго
Эшик ачкан мугалим.
14-Нурэл: Сөзгө чебер чечендерге
Иш уйрөткөн мугалим
Колу ийги эстуулөргө
Иш уйрөткөн мугалим.
Мугалим: Мугалим ким?
Окуучулар: Бакыт нурун чачып турган
ал инсан бала десе шашып турган.
15-Сагира: Адал иштеп ак эмгекти эп көргөн
Асылдардын асылысын билгенге
Келечектин айкын жолун көрсөтуп
Ыйыктардын ыйыгысын билгенге.
16-Бексултан: Эмгеги коп ушундай
Биздин асыл мугалим
Мээнети көп ушундай
Биздин алтын мугалим.
Мугалим: Мугалим ким?
Окуучулар: Чыгармачыл чыгаан инсан
Чымырканып чын дилинен эмгек кылган.
17-Элдан: Сен жаш муундун жол башчысы мугалим
Сезим берген өспурумдун дилине
Эсте калат ар бир сенин кыймылың
Жаш муундардын журөгунө илине
18- Окуучу: Кесибине арнап салып журогун
Келечекке байлап умут тилегин
Өмур бою өзгөлөрду окуткан
Эң ыйык зат мугалим деп билемин.
19-Окуучу: Наристеге медер болуп келишкен
Мээрим төгуп билим беришкен
Мындай улуу, мындай аруу иш учун
Алла дагы берери көп бейиштен.
20-Окуучу: Мугалимден башкасы
Көр турмуш деп журушот
Тандан кечке талыкпай
Байлык издейт кубурөп.
21-Раяна: Куттуу болсун кубанычтуу кунуңөр
Бак таалайга толуп турсун уйуңөр
Мелт -калт этип төгулбөсун дайыма
Журөктөгу тунук назик суйууңөр.
Хор: Жыйынтыктоо: